18-СУРОО
Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло аласыңар?
«Оо, адамдын тилегин Угуучу, сага ар кандай адамдар келет»
«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө таянба. Эмне иш кылба, Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сени туура жолго салат»
«Түбөлүк өмүр алыш үчүн сени, жалгыз чыныгы Кудайды, ошондой эле сен жиберген Иса Машаякты таанып-билиш керек»
«Чынында, [Кудай] ар бирибизге жакын»
«Кудайдан сүйүүңөр уламдан улам өсө берсе экен деп, анын эрки жөнүндөгү так билимиңер артып, түшүнүгүңөр тереңдей берсе экен деп ар дайым тиленем»
«Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан кайра-кайра сурай берсин, ошондо ага берилет»
«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, жаман иштериңерден арылып, тазалангыла. Чечкинсиздер, жүрөгүңөрдү тазалагыла»
«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»