10-СУРОО
Ыйык Китепте келечек тууралуу эмне делет?
«Адил кишилер жерге ээлик кылып, жер бетинде түбөлүк жашашат»
«Жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат»
«Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»
«Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат. Аксак бугудай секирет, дудук кубанычтуу үн салат. Чөлдө суу оргуштайт, чөлдүү түздүктө суулар агат»
«Кудай адамдардын көз жашынын баарын аарчыйт. Ошондон кийин өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Азапка салган мурунку нерселер жок болду»
«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жешет. Алар үйлөрдү башка бирөө жашасын деп курбайт, жүзүмдү башка бирөө жесин деп отургузбайт. Анткени элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот, Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт»