Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-СУРОО

Санаага батканда эмне кылса болот?

«Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын кулашына эч качан жол бербейт»

Забур 55:22

«Аракетчилдин алдын ала ойлонуштуруп иш кылганы ийгиликке жеткирет, ал эми шашып иш кылгандардын баары жокчулукка туш болот»

Накыл сөздөр 21:5

«Коркпо, анткени мен сенин жаныңдамын. Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени оң колум менен, адил иштерди кылган колум менен, бекем кармап турам»

Ышая 41:10

«Тынчсызданып жатып кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?»

Матай 6:27

«Ошон үчүн эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, себеби эртеңки күндүн өз түйшүгү бар. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү»

Матай 6:34

«Эмне маанилүүрөөк экенин түшүнгүлө»

Филипиликтерге 1:10

«Эч нерсени ойлоп сарсанаа болбогула. Андан көрө, баарын дайыма Кудайга айтып, бардык жагдайда андан жетектешин жалынып-жалбарып сурангыла. Ошону менен бирге, ага ар дайым ыраазычылык билдиргиле. Ошондо Кудай силерге адам баласынын ой-түшүнүгүнөн жогору турган тынчтыгын берип, Машаяк Исанын жолун жолдоп жатканыңар үчүн, жүрөгүңөр менен акылыңарды коргойт»

Филипиликтерге 4:6, 7