Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-СУРОО

Канткенде бактылуу боло аласыңар?

«Жек көрүүчүлүк бар жерде семиз буканын этин жегенден көрө, сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык»

Накыл сөздөр 15:17

«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын, сени өзүңө эле пайдалуу боло турган нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»

Ышая 48:17

«Кудайды таанып-билгиси келгендер бактылуу, анткени алар асман Падышалыгынын баталарын алышат»

Матай 5:3

«Башканы өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»

Матай 22:39

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»

Лука 6:31

«Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!»

Лука 11:28

«Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, өмүрү колунда болгон мүлкүнөн көз каранды эмес»

Лука 12:15

«Ошондуктан ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз болсо, ошого ыраазы бололу»

Тиметейге 1-кат 6:8

«Алганга караганда берген бактылуу»

Элчилер 20:35