Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-СУРОО

Ыйык Китепте биздин күндөр тууралуу эмнелер айтылган?

«Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт... Мунун баары кыйын мезгилдин башталганын билдирет»

Матай 24:7, 8

«Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, далайларды адаштырат. Ыймансыздык күч алгандыктан, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат»

Матай 24:11, 12

«Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар. Ошондо үрөйүңөр учпасын. Булардын баары болушу керек, бирок бул азыркы замандын акыры келгенин билдирбейт»

Марк 13:7

«Катуу жер титирөөлөр, улам бир жерде ачарчылык, жугуштуу оорулар болот. Адамдар жүрөктүн үшүн алган окуяларга күбө болушат, асмандан улуу жышаандар көрүнөт»

Лука 21:11

«Акыркы күндөрдүн өзгөчө оор болорун бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, Кудайга да, башкаларга да акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишеничтүү эмес, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, башкаларга жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшы нерсени сүйбөгөн, саткын, кежир, текебер, Кудайды эмес, рахатты жакшы көргөн, Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат»

Тиметейге 2-кат 3:1—5