17-СУРОО
Ыйык Китепте үй-бүлөлөргө кандай кеңештер бар?
КҮЙӨӨЛӨР/АТАЛАР
«Ошол сыяктуу эле, күйөө аялын өзүн сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өзүн жек көрбөйт, кайра, өзүнө кам көрүп, бапестейт... Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»
«Аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла, анын ордуна, аларга Жахабанын акыл-насаатын айтып, ал үйрөткөндөй тарбиялап-өстүргүлө»
АЯЛДАР
«Аял... күйөөсүн терең урматтасын»
«Аялдар, Мырзабыздын жолдоочуларынан талап кылынгандай, күйөөңөргө баш ийгиле»
БАЛДАР
«Балдар, Кудайдын эркине ылайык, ата-энеңердин тилин алгыла. Анткени бул анын көз алдында туура. „Ата-энеңерди сыйлагыла“,— деген осуят мындай убада менен чогуу берилген биринчи осуят: „Ошондо өзүңөргө жакшы болот, жер бетинде узак өмүр сүрөсүңөр“»
«Балдар, дайыма ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Мырзабызга жагат»