Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сөздүк

А Б Г Д Е Ж З И К Л М Н О Ө П Р С Т У Ф Х Ч Ш Ы Э

А

  • Аб.

    Бабыл кулчулугунан бошонгондон кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 5-ай, ал эми кадимки календары боюнча 11-ай. Июлдун 2-жарымы менен августтун 1-жарымына дал келет. Ыйык Китепте бул айдын аты кездешпейт, жөн гана «бешинчи ай» делет (Сн 33:38; Эз 7:9). Б15 тиркемесин кара.

  • Абиб.

    Еврейлердин ыйык календары боюнча 1-ай башында ушинтип аталчу. Кадимки календары боюнча 7-ай. Мааниси: «(дандын) жаңы өнүп чыккан сабагы». Марттын 2-жарымы менен апрелдин 1-жарымына туш келет. Жүйүттөр Бабылдан кайтып келгенден кийин нисан деп аталып калган (Мз 16:1). Б15 тиркемесин кара.

  • Абадон.

    Еврей тилиндеги аваддон деген сөз «кыйроо» дегенди билдирет жана «кыйроо жайына» карата да айтылышы мүмкүн. Еврей тилиндеги түп нускада бул сөз беш жолу кездешет. Алардын төртөөндө ал көр же өлүм деген сөздөр менен катар колдонулган (Ап 26:6; 28:22; Зб 88:11; Нкл 15:11). Ошол аяттардагы аваддон деген сөз, кыязы, кишинин өлүмү менен аяктаган кыйроо процесстерин билдирет. Аян 9:11де «Абадон» деген сөз «түпсүз туңгуюктун периштесинин» аты катары колдонулган.

  • Адам уулу.

    Исага тиешелүү сөздөр. Инжилде 80дей жолу кездешет. Исанын жерге адам кейпин кийген периште болуп келбей, ымыркай болуп төрөлүп, биздей эле адам болгонун көрсөтүп турат. Исанын Даниел 7:13, 14-аяттарда жазылгандарды аткарышы керектигинен да кабар берген. Еврей Жазмаларында бул сөз Жезекиел менен Даниелге карата айтылып, Кудайдын кабарын башкаларга жеткирген пенделер менен ошол кабарды айттырган Кудайдын ортосундагы айырмачылыкты баса белгилеп турган (Жз 3:17; Дн 8:17; Мт 19:28; 20:28).

  • Адар.

    Бабыл кулчулугунан бошонгондон кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 12-ай, ал эми кадимки календары боюнча 6-ай. Февралдын 2-жарымы менен марттын 1-жарымына туш келет (Эст 3:7). Б15 тиркемесин кара.

  • Адилдик.

    Кудайдын эмне туура, эмне туура эмес экенин аныктаганга жардам берген нормаларына ылайык туура деп эсептелген нерсе (Бш 15:6; Мз 6:25; Нкл 11:4; Сп 2:3; Мт 6:33).

  • Адис.

    Грек тилиндеги сөз. Еврей тилиндеги «шеол» дегенге тектеш. Көр менен бирдей. Кара: КӨР.

  • Азазел.

    Бул сөз еврей тилинде, кыязы, «жок болуп кеткен теке» дегенди билдирет. Күнөөдөн арылуу күнүндө бир текени азазел үчүн бөлүп, аны чөлгө коё беришчү. Теке элдин өткөн жылкы күнөөлөрүн каймана мааниде алып кетчү (Лб 16:8, 10).

  • Азия.

    Грек Жазмаларында Рим провинциясы ушинтип аталган. Ага бүгүнкү күндөгү Түркиянын батыш бөлүгү, жээкке жакын жайгашкан Самос, Патмос сыяктуу аралдар карачу. Борбор калаасы Эфес болгон (Элч 20:16; Аян 1:4). Б13 тиркемесин кара.

  • Айдын жаңырышы.

    Жүйүттөрдүн календары боюнча ар бир айдын биринчи күнү. Ал күнү ысрайылдыктар чогулуп, мол дасторкондон даам сызып, Кудайга өзгөчө курмандыктарды чалышчу. Кийин ал күн маанилүү улуттук майрамга айланып калган. Ошол күнү эч ким иштечү эмес (Сн 10:10; Жл2к 8:13; Кл 2:16).

  • Аймак акими; проконсул.

    Рим сенатына караган провинциянын башкаруучусу. Сот жүргүзүүгө жана аскерди башкарууга укуктуу болгон. Анын иш-аракетин Рим сенаты көзөмөлдөп турса да, провинцияда эң жогорку бийликке ээ болгон (Элч 13:7; 18:12).

  • Айып үчүн курмандык.

    Кимдир бирөө өзүнүн күнөөлөрү үчүн чалган курмандык. Бул күнөө үчүн чалынган башка курмандыктардан бир аз айырмаланат. Киши күнөө кылганда белгилүү бир келишимде айтылган укуктарынан ажырап калчу жана жазага тартылчу. Айып үчүн чалынган курмандык анын ошол укуктарын калыбына келтирип, жазадан сактап калчу (Лб 7:37; 19:22; Ыш 53:10).

  • Акро ыр стили.

    Бул стиль байыркы еврей тилиндеги кол жазмаларда кездешет. Аяттар же аяттардын тобу еврей тилинин алфавитиндеги тамгалар менен (ирети боюнча) башталат (кээде тамгалар алынып салынышы мүмкүн). Мындай ыкма текстти оңой жаттап алганга өбөлгө түзгөн. Бул чыгарылыштан еврей тилиндеги тамгаларды жана алардын кантип окуларын көрүүгө болот. Төмөнкүлөрдү кара: Забур 9, 10, 25, 34, 37, 111, 112, 119, 145; Накыл сөздөр 31; Жеремиянын ыйы 1—4.

  • Аксакал; кары киши.

    Жашы өтүп калган киши. Бирок Ыйык Китепте коомдо же эл арасында кандайдыр бир бийлиги бар жана жоопкерчилик тапшырылган кишиге карата да колдонулат. Аян китебинде бул сөз асмандагы периштелерге карата да айтылган. Грек тилиндеги пресбитерос деген сөз жыйналышта жетекчиликти колго алгандарга тиешелүү айтылганда «аксакал» деп которулат (Чг 4:29; Нкл 31:23; Тм1к 5:17; Аян 4:4).

  • Аксакалдардын жардамчысы.

    Грек тилиндеги диаконос деген сөздүн котормосу. Көбүнчө «кызматчы» деген ойду камтыйт. «Аксакалдардын жардамчысы» жыйналыштагы аксакалдар кеңешине кызмат кылган бирөөнү билдирет. Ушундай сыймыктуу кызматты аркалаш үчүн ал Ыйык Китептеги талаптарга жооп бериши керек (Тм1к 3:8—10, 12).

  • Акыркы күндөр.

    Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарда кездешкен ушул жана ушу сыяктуу сөздөр тарыхый мааниге ээ болгон кандайдыр бир окуялар туу чокусуна жеткен мезгилди билдирет (Жз 38:16; Дн 10:14; Элч 2:17). Пайгамбарлык сөздөргө жараша, бул мезгил бир нече жылды же андан көп убакытты камтышы мүмкүн. Негизинен, Ыйык Китепте жогорудагы сөз айкашы аяктап бараткан бул замандын «акыркы күндөрүнө» карата колдонулат. Ал мезгил Иса көзгө көрүнбөй кайтып келген учурда болмок (Тм2к 3:1; Жкп 5:3; Пт2к 3:3).

  • Аламот.

    «Кыздар; бойго жеткен кыздар» дегенди билдирген музыкалык термин. Сыягы, сопрано үнүнө — кыздардын бийик, ичке үнүнө — карата колдонулчу. Бул сөз обондун бир бөлүгү же коштоосу бийик регистирде аткарылышы керектигин билдирсе керек (Жл1к 15:20; Зб 46:0).

  • Алачык майрамы.

    Чатырлар майрамы же түшүм жыйноо майрамы деп да аталган. 15—21-эйтанимде өткөрүлчү. Бул майрам менен Ысрайылда дыйканчылык иштери соңуна чыкчу жана ал убак кубанычтуу мезгил болгон. Эл Жахабага түшүмгө бата бергени үчүн ыраазычылык билдирчү. Майрам күндөрү эл чатырларда же серелерде жашап, Мисирде кул болуп жүргөн жеринен Жахаба аларды куткарганын эскерчү. Бул эркектердин баары жылына Иерусалимге барышы керек болгон үч майрамдын бири болгон (Лб 23:34; Эз 3:4).

  • Алебастр.

    Алабастрон (Египет) шаарынын жанынан алынган таштан жасалган жыпарзат куюлган кичинекей кумара. Учурдагы гипстин бир түрү болгон алебастр эмес. Андай кумаранын ооз жагы ичке келчү. Ичиндеги жыпарзат төгүлүп калбашы же жыты учуп кетпеши үчүн, оозун бек жаап койгонго оңой болчу. Андай кумара жасалган таштын өзү да алебастр деп аталчу (Мр 14:3).

  • Альфа жана Омега.

    Грек алфавитинин биринчи жана акыркы тамгалары. Аян китебинде экөө чогуу Кудайдын наамы катары 3 жолу кездешет. Кудайдын наамын билдирген учурларда «биринчимин жана акыркымын», «башымын жана аягымын» дегенди камтыйт (Аян 1:8; 21:6; 22:13).

  • Анар.

    Көрүнүшү алмага окшош, баш жагы таажы сымал келген мөмө. Катуу кабык менен капталган. Майда-майда тоголок келген, ширеге толгон «шурулардан» турат. Ар бир «шурунун» ичинде ачык кызыл же кызыл түстөгү кичинекей данек болот. Башкы дин кызматчынын жеңи жок көк көйнөгүнүн этегине анарлар жасалга катары тагылган. Ошондой эле ибадаткананын маңдайындагы Жахин жана Бууз деп аталган мамылар анарлар менен кооздолгон (Чг 28:34; Сн 13:23; Пд1к 7:18).

  • Ант курмандыгы.

    Кандайдыр бир ант менен коштолгон ыктыярдуу тартуу (Лб 23:38; Шм1к 1:21).

  • Ант.

    1) Бир нерсенин чындык экенин ырастаган касам. Же кимдир бирөөнүн бир нерсени кылары же кылбай турганы жөнүндө айткан убадасы. Жогору турган бирөөгө, айрыкча, Кудайга берилген шерт. Жахаба Ыбрайымга берген убадасын ант менен бекиткен (Бш 14:22; Ев 6:16, 17).

    1. 2)Кайсы бир ишти аткарууга, бир нерсени тартуу кылууга, курмандыкка чалууга, кызматтын кандайдыр бир түрүн баштоого же мыйзамга каршы келбесе, кээ бир нерселерден баш тартууга байланыштуу Кудайга берилген салтанаттуу убада. Ант чоң күчкө ээ болгон (Сн 6:2; Нс 5:4; Мт 5:33).

  • Арам; арамдык.

    Шемдин уулу Арамдын урпактары. Алар негизинен Лебанон тоолорунан Месопотамияга чейинки, түндүктөгү Тавр тоолорунан Дамаскка чейинки жана түштүккө дейре созулган аймактарда жашашкан. Еврей тилинде Арам деп аталган бул аймак кийинчерээк Сирия деп, тургундары болсо сириялыктар деп белгилүү болуп калган (Бш 25:20; Мз 26:5; Ош 12:12).

  • Арамей тили.

    Семит тили. Байыркы еврей тилине окшош, ариби да бирдей. Башында бул тилде арамейлер сүйлөшкөн, бирок кийин Ашур жана Бабыл империяларынын тушунда эл аралык тилге айланган. Персия империясынын мамлекеттик тили да болгон (Эз 4:7). Эзра, Жеремия, Даниел китептеринин айрым бөлүктөрү арамей тилинде жазылган (Эз 4:8—6:18; 7:12—26; Жр 10:11; Дн 2:4б—7:28).

  • Арачы.

    Эки тарапты жараштырган бирөө. Ыйык Китепке ылайык, Муса Мыйзам келишиминин арачысы болгон, ал эми Иса — жаңы келишимдин арачысы (Гл 3:19; Тм1к 2:5).

  • Ареопаг.

    Афиндеги бийик дөңсөө. Акрополдун түндүк-батыш жагында жайгашкан. Ошол жерде чогулган кеңеш (сот) да ошентип аталган. Стоиктер менен эпикурчулар (философтор) эмнеге ишенериңди айтып бер деп Пабылды Ареопагга алып барышкан (Элч 17:19).

  • Армагедон.

    Еврей тилиндеги «Мегидо тоосу» дегенди билдирген Хар Мегиддон деген сөздөн келип чыккан. Бул сөз «Кудурети Чексиз Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» тууралуу айтылган жерде кездешет. Ал согушта «бүт дүйнөнүн падышалары» чогулуп, Жахабага каршы согушушат (Аян 16:14, 16; 19:11—21). Кара: УЛУУ АЛААМАТ.

  • Арналуу, ыйык белги.

    Ерейче «Ыйыктык Жахабага таандык» деп чегилип жазылган таза алтындан жасалган тасма. Башкы дин кызматчынын чалмасынын алды жагына тагылчу (Чг 39:30). Б5 тиркемесин кара.

  • Арноо майрамы.

    Бир кезде Антиох Епифан ибадаткананы арамдап салган, бирок кийин тазаланган. Ошону эстетип турган майрам. Жылына бир жолу белгиленчү. Майрам 25-кислепте башталып, сегиз күнгө созулчу (Жн 10:22).

  • Арундун урпактары.

    Мусанын Мыйзамына ылайык, эң биринчи башкы дин кызматчы болуп дайындалган Лебинин тукумунан чыккан Арундун урпактары. Алар ыйык чатырда жана ибадатканада дин кызматчылык милдеттерди аткарышкан (Жл1к 23:28).

  • Аселгейа.

  • Асман канышасы.

    Жеремиянын күндөрүндө Жахабадан баш тартып кеткен ысрайылдыктар сыйынган аял кудайдын наамы. Айрымдар муну бабылдыктардын Иштар (Астарта) деген аял кудайы дешет. Ага чейин Шумерлер сыйынган Инанна деген аял кудайдын атынын мааниси «асман канышасы» дегенди билдирген. Ал асман канышасы болгондон тышкары, тукумдуулуктун да кудайы болгон. Мисир жазууларында Астарта да «асман айымы» деп аталган (Жр 44:19).

  • Астарта.

    Канаандыктар сыйынган аял кудай. Ал Баалдын аялы, согуштун, тукумдуулуктун кудайы деп эсептелчү (Шм1к 7:3).

  • Ахая.

    Грек Жазмаларында борбор шаары Корунт болгон Грециянын түштүгүндө жайгашкан Рим провинциясы. Пелопоннес жарым аралы менен Грециянын борбордук материктик бөлүгүн камтыйт (Элч 18:12). Б13 тиркемесин кара.

  • Ачыткы.

    Ачытыш үчүн камырга же суюктукка кошулчу зат. Көбүнчө кийинки жолу жууруганда кошконго ачыган камырдан камыр туруш алып коюшчу. Ыйык Китепте күнөөнү же бузулгандыкты билдириш үчүн колдонулат. Ошондой эле бир нерсенин жашыруун, жайылып өсүшүн сүрөттөгөндө да колдонулат (Чг 12:20; Мт 13:33; Гл 5:9).

  • Ачыткы кошулбаган.

    Ачыткы кошулбай жуурулган камырдан жасалган нанга тиешелүү (Мз 16:3; Мр 14:12; Кр1к 5:8).

Б

  • Баал.

    Канаандыктардын кудайы. Асмандын кожоюну жана жаан-чачын, түшүм берген кудай деп эсептелчү. «Баал» деген сөз кайсы бир жерлердин төмөнүрөөк турган кудайларына карата да колдонулчу. Еврей тилинде «Кожоюн; Мырза» дегенди билдирет (Пд1к 18:21; Рм 11:4).

  • Бальзам.

    Айрым өсүмдүктөр менен дарактардан алынган жыпар жыттуу май. Медицинада колдонулат, ошондой эле атыр жыттуу зат катары колдонулат жана абдан жогору бааланат.

  • Бат.

    Археологдор «бат» деген жазуусу бар кумаранын сыныгын табышкан. Ошону эске ала турган болсок, бат — суюктукту ченеген өлчөм. Болжол менен 22 литрге барабар. Ыйык Китепте кургак же суюк заттардын көбү баттын өлчөмү менен эсептелет (Пд1к 7:38; Жз 45:14). Б14 тиркемесин кара.

  • Баш калкалай турган шаарлар.

    Лебилерге берилген шаарлар. Ал жакка бирөөнү кокусунан өлтүрүп алган киши кун кууган кишиден жашыныш үчүн качып барчу. Ушундай алты шаар ысрайылдыктарга берилген жердин ар кайсы аймагында жайгашкан. Жахабанын буйругу менен ал шаарларды адегенде Муса, кийин Жашыя бөлүп койгон. Качып барган киши баш калкалай турган шаарлардын бирине жеткенде дарбазанын жанында отурган аксакалдарга иштин чоо-жайын айтып берчү. Анан ага шаарда калганга уруксат берилчү. Бирөөнү атайлап өлтүргөн киши бул чараны кыянат пайдаланбашы үчүн, анын иши өзү келген шаардын сотунда каралышы керек болгон. Ошол жерден ал айыпсыз экенин далилдечү. Эгер күнөөсүз деп табылса, кайра баш калкалоочу шаарга кайтып барчу. Ал жерде же өмүрүнүн аягына чейин, же башкы дин кызматчы көз жумганга чейин жашашы керек болгон (Сн 35:6, 11—15, 22—29; Жш 20:2—8).

  • Башкы башкаруучулардын жардамчылары.

    Бабыл өкмөтүндө абалы боюнча сатраптардан төмөнүрөөк турган кызматкерлер. Ыйык Китептен билгенибиздей, Бабылдагы ак сарайда кызмат кылган бардык акылмандардын үстүнө башкы башчы коюлган. Башкы башчылар мадайлык Дарий падышанын тушунда да болгон (Дн 2:48; 6:7).

  • Башкы дин кызматчы.

    Муса аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, негизги дин кызматчы. Ал Кудай менен элдин ортосундагы өкүл болгон жана ага башка дин кызматчылар баш ийишкен. «Жогорку дин кызматчы» деп да аталган (Жл2к 26:20; Эз 7:5). Ыйык чатырдын, кийинчерээк ибадаткананын төркү бөлүгүнө, Ыйыктын ыйыгына, жылына бир жолу — Күнөөдөн арылуу күнүндө — ал гана кире алган. «Башкы дин кызматчы» деген сөз айкашы Исага да тиешелүү (Лб 16:2, 17; 21:10; Мт 26:3; Ев 4:14).

  • Башкы периште.

    Ыйык Китепте бул сөз айкашы жекелик санда гана кездешет. Демек, бир эле башкы периште бар десек болот. Ыйык Китепте анын аты Микеил экени айтылган (Дн 12:1; Жүй 9; Аян 12:7).

  • Башчы.

    Грек тилинде бул сөз, негизи, «Башкы жетекчи» дегенди билдирет. Бул сөз ишенимдүү адамзатты өлүмгө моюн сундурган күнөөнүн таасиринен бошотуп, аларды түбөлүк өмүргө алып бара турган Иса Машаяктын маанилүү ролуна карата айтылат (Элч 3:15; 5:31; Ев 2:10; 12:2).

  • Башындагы сөз.

    Забурдун башындагы сөз. Аларда ошол забурдун кыскача таржымалы: аны ким жазганы, кандай жагдайда жана кандай максат менен жазылганы, музыканттарга берилген көрсөтмө камтылган. (3, 4, 5, 6, 7, 30, 38, 60, 92, 102-забурлардын башындагы сөздү кара.)

  • Бейиш.

    Ажайып кооз бак же сейил бакка окшогон жер. Эйден ошондой кооз жер болгон. Аны алгачкы түгөйлөр үчүн Жахаба өзү жараткан. Жанындагы устунда кадалган кылмышкер менен сүйлөшүп жатканда Иса жердин келечекте бейишке айланарын айткан. Корунттуктарга 2-кат 12:4төгү «бейиш» деген сөз, кыязы, болочоктогу бейишти билдирет. Ал эми Аян 2:7де асмандагы бейиш жөнүндө айтылса керек (Ыр 4:13; Лк 23:43).

  • Белги.

    Бир нерсенин учурда болуп жатканын көрсөткөн же келечекте болорунан кабар берген кандайдыр бир нерсе, иш-аракет, жагдай же адаттан тыш көрүнүш (Бш 9:12, 13; Пд2к 20:9; Мт 24:3; Аян 1:1).

  • Белзебул.

    Жиндердин төрөсү, башчысы болгон Шайтандын дагы бир аты. Экрондогу пелиштиликтер сыйынган Баал-Зебуп деген кудайдын атынын өзгөртүлгөн түрү болушу мүмкүн (Пд2к 1:3; Мт 12:24).

  • Бийик жерлер.

    Адамдар зыярат кылган дөңсөөлүү жерлер, тоонун чокусу же кол менен жасалган секилер. Кээде бийик жерлерде Жахаба Кудайга сыйынышса да, көбүнчө ал жерлерде жалган кудайларга табынышчу (Сн 33:52; Пд1к 3:2; Жр 19:5).

  • Бийлер.

    Ысрайылда падышалар бийлик кыла баштаганга чейин Жахаба элди душмандардан куткарыш үчүн дайындаган эркектер (Бий 2:16).

  • Билик өчүргүчтөр.

    Ыйык чатырда жана ибадатканада колдонулган буюмдар. Алтындан же жезден жасалчу. Чырактын билигин кескен кайчыларга окшош болсо керек (Пд2к 25:14).

  • Биликтин күйүгү салынчу идиштер.

    Алтындан, күмүштөн же жезден жасалчу. Ыйык чатырда, ибадатканада жыпарзат түтөтүш үчүн, курмандык жайынан күл чыгарыш үчүн жана алтын чыракпаянын билигинин күйүгүн чыгарыш үчүн колдонулган. Жыпарзат түтөтүлчү идиш деп да аталган (Чг 37:23; Жл2к 26:19; Ев 9:4).

  • Биринчи түшүм.

    Бышыкчылык маалында алгачкы терилген мөмөлөр. Бир нерсенин биринчи түшүмү. Жахаба ысрайыл элинен алгачкы түшүмүн тун уул болобу, малдын төлүбү же өсүмдүкпү, ага тартуу кылууну талап кылган. Бүтүндөй эл биринчи түшүмүн Кудайга Калама майрамында жана Элүүнчү күн майрамында тартуу кылчу. «Биринчи түшүм» деген сөз айкашы каймана мааниде Машаякка жана анын майланган жолдоочуларына карата да колдонулган (Кр1к 15:23; Сн 15:21; Нкл 3:9; Аян 14:4).

  • Бул замандын акыркы күндөрү.

    Шайтан башкарган бул замандын акырына (бул дүйнө түзүлүшүнүн аягына) чейинки мезгил. Ал Машаяктын кайтып келиши менен чогуу башталган. Исанын жетеги менен периштелер «жаман адамдарды адил адамдардан бөлүп», аларды жок кылышат (Мт 13:40—42, 49). Исанын шакирттери бул замандын качан «аяктаарын» билгиси келген (Мт 24:3). Асманга кайтканга дейре Иса жолдоочуларына ошол убакка чейин алар менен болорун айтып убада берген (Мт 28:20).

  • Бул.

    Жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча сегизинчи, кадимки календары боюнча экинчи ай. «Түшүм; өндүрүү» дегенди билдирген сөздөн келип чыккан. Октябрдын 2-жарымы менен ноябрдын 1-жарымына дал келчү (Пд1к 6:38). Б15 тиркемесин кара.

  • Булгаары.

    Бир нерсе жазыш үчүн койдун, эчкинин, уйдун терисинен жасалган нерсе. Папируска караганда бышыгыраак болгон жана Ыйык Китепти жазууда колдонулган. Пабыл Тиметейден ала кел деп суранган булгаары түрмөктөр, сыягы, Еврей Жазмаларынын үзүндүсү болгон. Жансыз деңиз түрмөктөрүнүн айрымдары булгаарыга жазылган (Тм2к 4:13).

  • Буркан; бурканга сыйынуу.

    Буркан — чынында бар же ойдон чыгарылган нерсенин сөлөкөтү. Адамдар сыйынууда колдонушу мүмкүн. Бурканга сыйынуу бурканды ыйык тутуу, сүйүү, аздектөө жана ага табынуу дегенди билдирет (Зб 115:4; Элч 17:16; Кр1к 10:14).

  • Бурчка коюлчу негизги таш.

    Курулушта имараттын эки дубалын бириктириш үчүн бурчка коюлчу таш. Бурчка коюлчу негизги ташты пайдубалга орнотушчу. Коомдук имараттар жана шаардын дубалдары курулуп жатканда абдан катуу таш тандалчу. Жердин жаралышы, пайдубалы жөнүндө айтылган жерде бул сөз айкашы каймана мааниде колдонулган. Иса да рухий үйгө салыштырылган жыйналыштын пайдубалынын «бурчуна коюлган негизги таш» деп аталган (Эф 2:20; Ап 38:6).

  • Бүтүндөй өрттөлчү курмандык.

    Кудайга арналган мындай курмандык курмандык жайында толугу менен өрттөлчү. Курмандык алып келген киши малдын (буканын, кочкордун, текенин, бактектин, көгүчкөндүн) бир да бөлүгүн өзүнө алып калчу эмес (Чг 29:18; Лб 6:9).

Г

  • Гера.

    Салмагы 0,057 грамм болгон ченем бирдиги. 1/20 шекелге барабар (Лб 27:25). Б14 тиркемесин кара.

  • Гермес.

    Гректердин кудайы, Зевстин уулу. Листранын эли Пабылды Гермес деп ойлоп алган. Себеби Гермести кудайлардын кабарчысы, чебер тилдин кудайы деп эсептешкен (Элч 14:12).

  • Гилат.

    Иордан дарыясынын чыгышынан Жабок өрөөнүнүн түндүгүнө жана түштүгүнө чейин керилген түшүмдүү жер. Кээде ысрайыл элинин Иордан дарыясынын чыгышындагы бүтүндөй аймагын ушинтип атап коюшчу. Ал жерде Рубейиндин, Гаттын урпактары менен Менаше уруусунун жарымы жашачу (Сн 32:1; Жш 12:2; Пд2к 10:33). Б4 тиркемесин кара.

  • Гин.

    Суюктукту ченеген өлчөм. Өлчөгүч идиш да ушинтип аталган. 3,67 литрге барабар. Тарыхчы Иосиф Флавийдин айтымында, гин афиндиктердин эки хоясына тете болгон (Чг 29:40). Б14 тиркемесин кара.

  • Гиттит.

    Мааниси белгисиз болгон музыкалык термин. Еврей тилиндеги гат деген сөздөн келип чыкса керек. Айрымдар шарап жасап жатканда ырдалчу обон менен коштолгон ыр болушу мүмкүн дешет. Анткени гат деген сөз «жүзүм сыккыч» дегенди билдирет (Зб 81:0).

  • Гомор.

    Кургак заттарды өлчөгөн ченем. 2,2 литрге же эйфанын ондон бир бөлүгүнө барабар (Чг 16:16, 18). Б14 тиркемесин кара.

  • Грек.

    Грециянын эли, ошондой эле Грецияда жашаган же үй-бүлөсү ошол жактан болгондор сүйлөгөн тил. Грек Жазмаларында бул сөз кеңири мааниге ээ. Мисалы, жүйүт эместердин баарын же грек тили, маданияты таасир эткендерди грек деп коюшчу (Жл 3:6; Жн 12:20).

  • Гээна.

    Иерусалимдин түштүк жана түштүк-батышында жайгашкан Ином өрөөнүнүн грекче айтылышы (Жр 7:31). Ал жакка өлүктөр ыргытылары алдын ала айтылган (Жр 7:32; 19:6). Жаныбарлардын же кишилердин гээнага тирүүлөй ыргытылганына же алардын куйкаланып кыйналганына эч кандай далил жок. Демек, гээна кишилердин жаны кадимки отто күйүп кыйнала турган каймана жай эмес. Иса жана анын шакирттери гээна деген сөздү биротоло, түбөлүккө жок болууну, «экинчи өлүмдү», билдирген сөз катары колдонушкан (Аян 20:14; Мт 5:22; 10:28).

Д

  • Дагон.

    Пелиштиликтердин кудайы. Бул сөздүн кайдан келип чыкканы белгисиз. Бирок айрым окумуштуулар мунун еврей тилиндеги даг (балык) деген сөз менен байланышы бар дешет (Бий 16:23; Шм1к 5:4).

  • Дан бастыруу; кырман.

    Кырманда данды сабактарынан, топонунан ажыратышчу. Эгер дан азыраак болсо, аны таяк менен чапкылап, бул жумушту кол менен кылышкан. Дан көп болгондо аны кырманга жайып, жаныбарлар айланткан атайын шайман менен бастырышкан. Адатта кырманды туш-туштан шамал согуп турган бийик жерге курушчу. Ал жайык келген айлана жер боло турган (Лб 26:5; Ыш 41:15; Мт 3:12).

  • Дарбаза.

    Каймана мааниде колдонулушу. Забур 118:19, 20да айтылгандай, «адилдиктин дарбазаларына» жана «Жахабанын дарбазасына» адил кишилер кирет. (Салыштыр: Мт 7:13, 14.) Ыйык Китепте көз жумган киши «өлүм дарбазасына» кирген киши катары сүрөттөлөт (Зб 9:13; 107:18). Ал адамзаттын жалпы мүрзөсүнө барат, андыктан аны шеол-адистин дарбазаларына кирет десе болот (Ыш 38:10; Мт 16:18). Иса Машаякта өлүмдүн жана адистин ачкычтары бар болгондуктан (Аян 1:18), анын жыйналышы бир нерседен шектенбесе болот: өлүм менен адис аларды түбөлүккө байлай албайт. Элчи Пабыл өлгөндөрдүн баары адиске барарын, Кудай аларды, Машаякты өлүм аркандарынан бошотуп, адисте калтырбагандай эле, өлүмдөн бошоторун жазган (Элч 2:24, 31). Өлгөндөр тирилет. Ошондуктан өлүм менен адис Машаяктын жыйналышын эч качан жеңе албайт (Кр1к 15:29, 36—38, 54—57).

  • Дарик.

    Персиялыктардын алтын тыйыны. Салмагы 8,4 граммга барабар (Жл1к 29:7). Б14 тиркемесин кара.

  • Даярдык көрө турган күн.

    Дем алыш күндүн алдындагы күн. Ал күнү жүйүттөр зарыл даярдыктарды көрүшкөн. Күн батканда (бүгүнкү боюнча жума күн деп аталат) даярдык көрө турган күн аяктачу. Анан Дем алыш күн башталчу. Жүйүттөрдүн күнү кечинде башталып, кечинде бүтчү (Мр 15:42; Лк 23:54).

  • Декаполис.

    Гректердин он шаардан турган топ шаары (дека «он» дегенди, полис «шаар» дегенди билдирет). Галилея деңизи менен Иордан дарыясынын чыгышындагы аймак да ушинтип аталчу. Ал шаарлардын көбү ошол жерде жайгашкан. Алар гректердин маданиятынын, соода-сатыктын борбору болгон. Иса ошол аймакты басып өткөн, бирок ошол шаарлардын кайсы бирине кирген-кирбегени айтылбайт (Мт 4:25; Мр 5:20). А7 жана Б10 тиркемелерин кара.

  • Дем алыш күн.

    Еврей тилиндеги «эс алуу; токтотуу» дегенди билдирген сөздөн алынган. Жүйүттөрдүн аптасындагы жетинчи күн (жума күнү күн баткандан ишемби күнү күн батканга чейин). Жыл ичиндеги айрым майрам күндөрү, ар бир жетинчи жана элүүнчү жыл да «Дем алыш» деп аталчу. Дем алыш күнү ыйык жайда кызмат кылган дин кызматчылардан башка эч ким эч кандай жумуш кылчу эмес. Дем алыш жылдары жер иштетилчү эмес. Еврейлер карыздарлардан аласасын доолашчу эмес. Мусанын Мыйзамындагы дем алыш күнгө тиешелүү талаптар акылга сыярлык болгон. Бирок диний жетекчилер аларга акырындап эрежелерди кошо берип, Исанын күндөрүндө алар эл үчүн оор жүк болуп калган (Чг 20:8; Лб 25:4; Лк 13:14—16; Кл 2:16).

  • Дин кызматчы.

    Кудайдын элге кызмат кылганга дайындалган өкүлү. Ал элге Кудай жөнүндө айтып, анын мыйзамдарын үйрөткөн. Дин кызматчылар элдин да Кудайдын алдындагы өкүлдөрү болушкан. Алар курмандык чалып, Кудай менен элдин ортосунда арачылык кылып, эл үчүн Кудайдан жалбарып тиленишчү. Муса пайгамбарга Мыйзам берилгенге чейин үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүнүн дин кызматчысы болуп эсептелген. Мусанын Мыйзамына ылайык, Леби уруусунан болгон Арундун тукумунан чыккан эркектер дин кызматчылар болушкан. Калган лебилер аларга жардам беришкен. Жаңы келишим түзүлгөндө рухий Ысрайыл дин кызматчылардан турган эл болуп калган. Алардын Башкы дин кызматчысы — Иса Машаяк (Чг 28:41; Ев 9:24; Аян 5:10).

  • Динар.

    Римдиктердин күмүш тыйыны. Салмагы болжол менен 3,85 граммга барабар. Бир тарабына цезардын сүрөтү түшүрүлгөн. Жумушчунун бир күндүк эмгек акысы жана римдиктердин талабы боюнча, жүйүттөр «киши башына төлөчү» салык болгон (Мт 22:17; Лк 20:24). Б14 тиркемесин кара.

  • Дөөтүнүн уулу.

    Исаны көбүнчө Дөөтүнүн уулу деп аташчу. Бул сөздөр анын Дөөтүнүн урпагы катары, Кудайдын Дөөтү менен түзгөн Падышалык келишимине ылайык, такка отурарын көрсөтүп турган (Мт 12:23; 21:9).

  • Дөөтүнүн шаары.

    Дөөтү басып алып, ак сарайын кургандан кийин Жебус шаары ушинтип аталып калган. Аны Сион деп да коюшчу. Ал Иерусалимдин түштүк-чыгышында жайгашкан. Анын эң эле байыркы бөлүгү болуп эсептелет (Шм2к 5:7; Жл1к 11:4, 5).

  • Драхма.

    Грек Жазмаларында бул сөз гректердин күмүш тыйынына карата колдонулат. Салмагы 3,4 граммга барабар болгон. Еврей Жазмаларында алтын драхма жөнүндө айтылат. Ал перстердин даригине (алтын тыйынына) барабар болгон (Нек 7:70; Мт 17:24). Б14 тиркемесин кара.

  • Дубандын башкы башкаруучусу (сатрап).

    Бабыл жана Персия империяларында падышанын оң колу болгон, кайсы бир дубанды башкарчу. Аны падыша өзү дайындачу (Эз 8:36; Дн 6:1).

  • Дүйнө түзүлүшү.

    Грек тилиндеги айон деген сөздүн котормосу. Белгилүү бир мезгилди, доорду же заманды бөтөнчөлөп турган өзгөчөлүктөр жөнүндө кеп болгондо ушул сөз айкашы колдонулат. Ыйык Китептеги «бул дүйнө» деген сөз жалпы жонунан дүйнөдөгү абалга жана бул дүйнөдөгү адамдардын жашоо мүнөзүнө карата айтылат (Тм2к 4:10). Мыйзам келишими аркылуу Кудай белгилүү бир түзүлүштү киргизген. Ошондо, айрымдар айткандай, ысрайылдыктардын же жүйүттөрдүн түзүлүшү, башкача айтканда, заманы, доору башталган. Иса Машаяк өз өмүрүн кун катары бергенде Кудай башка түзүлүштү киргизген. Ал түзүлүштүн максаты Машаяктын майланган жолдоочуларын чогултуу, жыйноо болгон. Ошондо жаңы доор, заман башталып, Мыйзам келишиминдеги нерселер аткарыла баштаган (Мт 24:3; Мр 4:19; Рм 12:2; Кр1к 10:11).

Е

  • Еврей.

    Бул сөз биринчи жолу Ыбрамга (Ыбрайымга) карата колдонулган. Ушинтип аталганы аны аморлук кошуналарынан айырмалап турган. Кийинчерээк Ыбрайымдын небереси Жакыптан тарагандар жана алардын тили ушинтип аталып калган. Иса жашаган убакта еврей тилинде арамей сөздөрү көп болчу. Иса менен анын шакирттери ошол тилде сүйлөгөн (Бш 14:13; Чг 5:3; Элч 26:14).

Ж

  • Жаза.

    Еврей Жазмаларында бул сөз көбүнчө Жахаба жаза иретинде жиберген ооруга же алааматка карата айтылат. Грек Жазмаларында учунда тикендери бар аркан менен сабоо, балак алуу деген мааниде колдонулат (Сн 16:49; Жн 19:1).

  • Жаза устуну.

    Грек тилиндеги стаурос деген сөз ушинтип да которулат. Ал «тигинен орнотулган мамы» дегенди билдирет. Ошондой устунга Исаны кадашкан. Грек тилиндеги бул сөз Машаяк келгенге чейин эле кылымдар бою жалган кудайларга сыйынгандар диний символ катары колдонуп келген крестти билдирбейт. Буга эч кандай далил жок. «Жаза устуну» деген сөз айкашы грек тилиндеги түп нуска сөздүн маанисин таамай берет. Анткени стаурос деген сөз жазага тартылуу, азап чегүү, шылдың болуу деген ойлорду бериш үчүн да колдонулат. Исанын жолдоочулары ушундай кыйынчылыктарга туш болмок (Мт 16:24; Ев 12:2). Кара: УСТУН.

  • Жакшылык.

    Грек тилиндеги бул сөз моралдык жактан жогору турууну жана туура жүрүм-турумду билдирет. Ошондой эле өз ичине моралдык күчтү, табиятынан боорукер, жакшылыкчыл болууну да камтыйт. Ушул нерселер кишиге Кудайдын көз алдында жакшы [же туура] деп эсептелген иштерди кылганга түрткү берет.

  • Жакшы кабар.

    Грек Жазмаларына ылайык, бул — Кудайдын Падышалыгына жана Иса Машаякка ишенгендин аркасында келе турган куткарылуу жөнүндөгү жакшы кабар (Лк 4:18, 43; Элч 5:42; Аян 14:6).

  • Жакып.

    Ыскак менен Ребеканын уулу. Кудай кийин анын атын Ысрайыл деп өзгөрткөн. Жакып ысрайыл элинин (ысрайылдыктар, кийин жүйүттөр деп да аталышкан) түпкү атасы болуп калган. Анын 12 уулу болгон. Ошол 12 уулдан 12 уруу тарап, ысрайыл эли түптөлгөн. Жакып деген ат Ысрайыл деген ат менен бирдей эле колдонулуп келет жана ысрайыл элин билдирет (Бш 32:28; Мт 22:32).

  • Жаман-жакшыны таанытып-билдире турган дарак.

    Эйденде өскөн бул дарак Кудайдын адам баласы үчүн эмне «жаман», эмне «жакшы» экенин бекиткенге укуктуу экенин көрсөтүп турган (Бш 2:9, 17).

  • Жан.

    Еврей тилиндеги нефеш, грек тилиндеги психе деген сөздөр көбүнчө ушинтип которулат. Бул сөздүн Ыйык Китепте кандайча колдонулганын изилдеп көрүп, анын 1) кишилерге, 2) жаныбарларга, 3) кишинин же жаныбардын өмүрүнө тиешелүү экенин көрүүгө болот (Бш 1:20; 2:7; Сн 31:28; Пт1к 3:20). Көптөгөн диний эмгектерден айырмаланып, жерде жашаган тирүү жандыктар тууралуу сөз жүргөндө Ыйык Китепте нефеш, психе деген сөздөр денеси бар, көзгө көрүнгөн, кармап көрсө боло турган, өлө турган жандыктарга карата колдонулат. Бул котормодо нефеш, психе деген сөздөр көбүнчө контексттеги маанисине жараша которулуп, «өмүр», «жандык», «киши» же жөн эле ат атоочтор менен берилди (мисалы, «менин жаным» деген сөздөр «мен» деп). Көп жерлерде шилтемелерде «жан» деп жазылып турат. Негизги текстте болобу же шилтемедеби, «жан» деп турса, аны жогорудагы түшүндүрмөгө ылайык түшүнүү маанилүү. Бир нерсени «жан-дили менен жасоо» деген бүт дитин коюп, чын жүрөктөн, абдан каалап дегенди билдирет (Мз 6:5; Мт 22:37). Айрым контексттерде нефеш, психе деген сөздөр тирүү жандыктын каалоосун билдириши мүмкүн. Мындан тышкары, бул сөздөр өлгөн кишиге же анын сөөгүнө карата да айтылат (Сн 6:6; Нкл 23:2; Ыш 56:11; Ак 2:13).

  • Жахаба.

    Тетраграмматон (Кудайдын атынын еврей тилиндеги төрт тамга менен жазылышы) кыргыз тилинде көбүнчө ушинтип берилет. Бул котормодо Жахаба деген ысым 7 000ден ашык жолу кездешет. А4 жана А5 тиркемелерин кара.

  • Жедутун.

    39, 62, 77-забурлардын башындагы сөздө кездешет. Мааниси белгисиз. Бул сөздөр аталган забурларды кантип ырдоого байланыштуу көрсөтмөлөр болсо керек. Тагыраак айтканда, кандай стилде же кайсы музыкалык аспап менен ырдаш керектигин камтыган көрүнөт. Жедутун деген леби музыкант да болгон. Ушул забурларды ырдоонун стили же колдонулган аспаптар Жедутун деген леби же анын уулдары менен байланыштуу болгон көрүнөт.

  • Жетекчи.

    Забурларда кездешкен еврей тилиндеги сөз, кыязы, ырчыларды, аларды машыктырууну, ырлардын ырдалышын, ырчы лебилерди окутууну жетектеген кишиге карата айтылган. Ал ыр аткарылып жатканда дирижёр да болсо керек. Бул сөз башка котормолордо «башкы музыкант» же «музыканы жетектөөчү» деп берилген (Зб 4:0; 5:0).

  • Жиндер.

    Адаттан тыш күчү бар, көзгө көрүнбөгөн каардуу рухтар. Башталыш 6:2де (шилтемесинде) «Кудайдын уулдары», Жүйүт 6да «периштелер» деп аталган. Кудай аларды каардуу рух кылып жараткан эмес. Башында алар периштелер болчу. Бирок Нухтун күндөрүндө Жахаба Кудайга баш ийбей, ага каршы чыккан Шайтанга кошулуп кетишкен. Ушинтип Кудайдын душмандарына айланып калышкан (Мз 32:17; Лк 8:30; Элч 16:16; Жкп 2:19).

  • Жиндер менен байланышуу; спиритизм.

    Киши өлгөндөн кийин анын руху, жаны, денесинен бөлүнүп чыгып, рухтар күчтүү таасир эткен бирөө (медиум) аркылуу тирүүлөр менен байланыша алат дегенге ишенүү. «Спиритизмге аралашуу» деп которулган грек тилиндеги фармакиа деген сөз түзмө-түз «баңгизат колдонуу» дегенди билдирет. Бул сөз спиритизм менен байланышта болуп калган. Себеби байыркы убакта сыйкырчылык кылгандар жиндерди чакырып, алардын күчү менен бир нерселерди кыларда баңгизат колдонушкан (Гл 5:20; Аян 21:8).

  • Жогорку дин кызматчы.

    Еврей Жазмаларындагы «башкы дин кызматчы» деген сөз айкашынын башкача аталышы. Грек Жазмаларында «жогорку дин кызматчы» деген, кыязы, дин кызматчылык кызматтын башкы өкүлдөрүнө, кызматынан бошотулган башкы дин кызматчыларга жана дин кызматчылардан турган 24 топтун башчыларына карата айтылган (Жл2к 26:20; Эз 7:5; Мт 2:4; Мр 8:31).

  • Жол.

    Ыйык Китепте бул сөз Жахабага жаккан же жакпаган жашоо мүнөзүнө же жүрүм-турумга карата колдонулат. Иса Машаяктын жолун жолдогондорду «бул Жолдогулар» деп коюшкан. Анткени алар Исанын жолу — изи — менен басып, ага ишенип, аны жашоосунда биринчи орунга коюшкан (Элч 19:9).

  • Жолугушуу чатыры.

    Мусанын чатыры да, чөлдө тигилген ыйык чатыр да ушинтип аталган (Чг 33:7; 39:32).

  • Жугуштуу оору.

    Тез тарап, эпидемияга айланып, көптөрдү өмүрүнөн ажырата турган жугуштуу дарт. Мурун көбүнчө Кудайдын өкүмүнүн ишке ашышы менен байланышта болчу (Сн 14:12; Жз 38:22, 23; Ас 4:10).

  • Жумшактык.

    Ак көңүлдүк, боорукердик. Мындай сапатка ээ кишинин башкаларга кылган мамилесинен мүнөзү жана жүрөгү жумшак экени көрүнүп турат. Андай киши тең салмактуу, бирок ошол эле учурда бардык нерсеге көз жумду мамиле кыла бербейт.

  • Жүзүм сыккыч; жүзүм сыккан жай.

    Табигый акиташтан оюлуп жасалган, бири экинчисинен өйдөрөөк жайгаштырылган, ортосу арыкча менен туташтырылган эки чуңкурча. Жүзүмдү өйдөкү чуңкурчага салып сыкканда, анын ширеси ылдыйкысына акчу. Бул сөз каймана мааниде Кудайдын өкүмүнө карата да колдонулат (Ыш 5:2; Аян 19:15).

  • Жүйүт.

    1) Жүйүт уруусундагы киши. Он уруудан турган падышалык бөлүнүп кеткенден кийин, эки уруунун эли ушинтип аталып калган (Пд2к 16:6). Бабыл туткунунан кайтып келген ысрайылдыктарды, кайсы уруудан болбосун, жүйүттөр деп коюшкан (Эз 4:12). Кийинчерээк жүйүт деген сөз ысрайылдыктарды башка улуттардан айырмалаш үчүн колдонулуп калган (Эст 3:6). Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында кимдин кайсы улуттан болгону маанилүү эмес экени жөнүндө жазганда «жүйүт» деген сөздү каймана мааниде колдонгон (Рм 2:28, 29; Гл 3:28).

    1. 2) Жакыптын Лиядан төрөлгөн төртүнчү уулу. Жакып көз жумарда түбөлүккө бийлик кыла турган улуу өкүмдар Жүйүттүн тукумунан чыгарын айткан. Иса жерге адам болуп келгенде Жүйүттүн тукумундагы кишинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ысрайылдын 12 уруусунун бири, ошондой эле кийинчерээк түштүк падышалыгы Жүйүт деп аталган. Ошол падышалык Жүйүт менен Бенжемин урууларынан жана дин кызматчылар менен лебилерден турган. Жүйүт уруусу Ысрайыл жеринин түштүк бөлүгүнө ээлик кылган. Ибадаткана турган Иерусалим шаары ушул урууга карачу (Бш 29:35; 49:10; Пд1к 4:20; Ев 7:14).

  • Жүйүттөрдүн динин кабыл алган киши.

    Ыйык Китепке ылайык, иудаизм динин кабыл алган киши. Андайлар (эркектер) сүннөткө отургузулчу (Мт 23:15; Элч 13:43).

  • Жыйналыш.

    Белгилүү бир максат менен же бир ишти кылыш үчүн чогулган топ. Еврей Жазмаларында бул сөз негизинен ысрайыл элине карата колдонулат. Грек Жазмаларында жалпы жонунан Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышына карата айтылса да, кээ бир учурларда чакан бир жыйналышка карата да айтылат (Пд1к 8:22; Элч 9:31; Рм 16:5).

  • Жыйын, чогулуш.

    Топ элдин белгилүү бир максатта чогулушу. Еврей Жазмаларында бул сөз көбүнчө диний майрамдарда же улуттук мааниге ээ чоң аземдерде чогулган ысрайыл элине карата колдонулат (Мз 16:8; Пд1к 8:5).

  • Жылдыз төлгөчү.

    Келечектеги окуяларды айтыш үчүн күндүн, айдын жана жылдыздардын кыймылын изилдеген киши (Дн 2:27; Мт 2:1).

  • Жыныстык адеп-ахлаксыздык.

    Грек тилиндеги порнейа деген сөздөн алынган. Ыйык Китепте бул сөз Кудай тыюу салган белгилүү бир жыныстык мамилелерге карата колдонулат. Аларга ойноштук, сойкулук, никеде турбагандардын жыныстык мамиледе болушу, гомосексуализм жана жаныбар менен жатуу кирет. Аян китебинде бул сөз бийлик, байлык үчүн бул дүйнөнүн төбөлдөрү менен тыгыз карым-катнашта болгон «Улуу Бабыл» деп аталган каймана сойкуга карата да колдонулган (Аян 14:8; 17:2; 18:3; Мт 5:32; Элч 15:29; Гл 5:19). Кара: СОЙКУ.

  • Жыпарзат.

    Жыпар жыттуу чайырлар менен бальзамдардын аралашмасы. Жай күйгөндө аңкыган, жагымдуу жыт бөлүп чыгарат. Курамына төрт жыпар зат кирген өзгөчө аралашма ыйык чатырда жана ибадатканада колдонулчу. Аны Ыйык жайдагы жыпарзат түтөтүлчү курмандык жайында күнүгө эртең менен жана кечинде түтөтүшчү. Ал эми Күнөөдөн арылуу күнү Ыйыктын ыйыгында түтөтүшчү. Жыпарзат Кудайга ишенимдүүлүк менен кызмат кылгандардын ага жаккандай тиленгенин билдирген. Аны түтөтүү Машаяктын жолдоочуларынан талап кылынган эмес (Чг 30:34, 35; Лб 16:13; Аян 5:8).

З

  • Забур.

    Кудайды даңктаган ыр. Забурларды обонго салып ырдашчу. Мисалы, эл аларды Жахаба Кудайга Иерусалимдеги ибадатканада сыйыныш үчүн келгенде ырдачу (Лк 20:42; Элч 13:33; Жкп 5:13).

  • Зевс.

    Ар кандай кудайларга ишенген гректердин эң негизги кудайы. Листранын эли Барнабаны Зевс деп кабыл алып алган. Листрага жакын жерден табылган байыркы жазууларда «Зевстин дин кызматчылары» жана «Зевс — күн кудайы» деген сөздөр бар. Пабыл Мальта аралынан отурган кеменин тумшугунда Зевстин эгиз уулдары Кастор менен Поллукстун сөлөкөтү болгон (Элч 14:12; 28:11).

  • Зип.

    Жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 2-ай, кадимки календары боюнча 8-ай башында ушинтип аталган. Ал апрелдин 1-жарымы менен майдын 2-жарымына дал келген. Жүйүттөрдүн Талмудунда жана Бабыл туткунунан кийин жазылган башка эмгектерде ияр деп аталган (Пд1к 6:37). Б15 тиркемесин кара.

И

  • Ибадаткана.

    Ысрайылдыктар Кудайга сыйынып келген, бир жерден экинчи жерге көчүрүлүп турган ыйык чатырдын ордуна курулган Иерусалимдеги имарат. Биринчи ибадаткананы Сулайман курган. Аны бабылдыктар талкалашкан. Экинчисин Бабыл туткунунан кайтып келгенден кийин Зоробабыл курган. Аны кийинчерээк Улуу Ирод кайра курган. Ыйык Китепте ибадаткана «Жахабанын үйү» деп да аталат (Эз 1:3; 6:14, 15; Жл1к 29:1; Жл2к 2:4; Мт 24:1). Б8 жана Б11 тиркемелерин кара.

  • Ибилис.

    Шайтандын табиятын сүрөттөгөн ысым. Грек Жазмаларында кездешет. «Ушакчы» дегенди билдирет. Шайтан — Жахабаны ушактагандардын эң биринчиси жана ана башы. Ошон үчүн Ибилис деген атка конгон. Ал Жахабага жалаа жаап, сөзүн бурмалап, ыйык ысымын булгап келет (Мт 4:1; Жн 8:44; Аян 12:9).

  • Игайон.

    Музыкадагы техникалык термин. Забур 9:16да кездешкен бул сөз арфа чертилип жатканда музыканын кыска мөөнөткө токтошун же ой жүгүрткөнгө убакыт бериш үчүн узагыраак убакытка токтошун билдириши мүмкүн.

  • Илирик.

    Римдин провинциясы. Грециянын түндүк-батышында жайгашкан. Пабыл жакшы кабар таратып жүрүп бул провинцияга чейин барган. Бирок калкына жакшы кабар айтканбы, жокпу, же жөн эле ал жерге чейин жеткенби, белгисиз (Рм 15:19). Б13 тиркемесин кара.

  • Императордун сакчылары.

    Рим жоокерлеринен турган атайын топ, императордун жан сакчылары. Ал топ чоң саясий күчкө ээ болгон. Алар императорду колдошчу же аны тактыдан түшүрө алышчу (Фп 1:13).

  • Ишенимдин солгундашына себепкер болуу; мүдүрүлтүү.

    Грек Жазмаларында бул сөз көбүнчө каймана мааниде колдонулат жана контекстке жараша ар кандай маанини берет. Негизинен, кимдир бирөөнүн күнөө кылышына же кимге ишениши жана баш ийиши керек болсо, ошондон баш тартышына, ага шектене башташына себепкер болууну билдирет. Мүдүрүлүү болсо таарынып, ишенимден четтеп кетүүнү билдирет.

  • Ирод.

    Жүйүттөрдүн үстүнөн бийлик кылган, римдиктер тарабынан дайындалган династия. Улуу Ирод Иерусалимдеги ибадаткананы кайра курган. Исаны өлтүрөм деген ой менен балдарды кырганга буйрук берген. Ал ушул иштери менен белгилүү болгон (Мт 2:16; Лк 1:5). Улуу Ироддун уулдары Ирод Архелай менен Ирод Антипа атасына караштуу аймактын айрым жерлерин башкарганга дайындалышкан (Мт 2:22). Дубан башчысы болгон Антипаны эл «падыша» деп эсептеген. Ал Машаяк жерде үч жарым жыл кызмат кылган мезгилден тартып Элчилер китебинин 12-бөлүмүндө баяндалган окуялар болгон убакка чейин бийлик жүргүзгөн (Мр 6:14—17; Лк 3:1, 19, 20; 13:31, 32; 23:6—15; Элч 4:27; 13:1). Андан кийин Улуу Ироддун небереси Ирод Агриппа I бийликке келген. Бирок ал кыска эле убакыт башкарган. Ал Кудайдын периштесинин колунан өлүм тапкан (Элч 12:1—6, 18—23). Анын ордун уулу Ирод Агриппа II баскан. Ал жүйүттөр Рим бийлигине каршы чыккан мезгилге чейин бийлик жүргүзгөн (Элч 23:35; 25:13, 22—27; 26:1, 2, 19—32).

  • Иродду жолдогондордун партиясы.

  • Ироддун таламдаштары.

    Иродчулар деп да белгилүү болушкан. Улутчул партияны түзгөн бул топ Римдин укуругу алдында бийлик жүргүзгөн Ироддун саясий көз карашын жактаган. Калыбы, айрым садукейлер бул партиянын мүчөлөрү болушкан. Исага каршы чыкканда иродчулар фарисейлер менен бириге калышкан (Мр 3:6).

  • Иссоп.

    Бутактары менен жалбырактары майда-майда келген өсүмдүк. Тазалануу каадасын аткарууда бул чөптү канга же сууга малып, чачыратышчу. Көк чай чөп өсүмдүгү болушу мүмкүн (Origanum maru; Origanum syriacum). Жакан 19:29да айтылган иссоп дурранын (кадимки соргонун бир түрү, Sorghum vulgare) талына байланган көк чай чөп болушу мүмкүн. Дурранын талы узун келет. Андыктан анын учуна кычкыл шарапка малынган соргучту байлап, Исага сунушканы толук мүмкүн (Чг 12:22; Зб 51:7).

К

  • Каб.

    Кургак заттарды ченеген өлчөм. 1,22 литрге барабар. Баттын өлчөмү менен эсептелет (Пд2к 6:25). Б14 тиркемесин кара.

  • Каздим; каздимдиктер.

    Тигр менен Эфрат дарыяларынын деңизге куйган жери жана ошол жерлерде жашаган эл башында ушинтип аталган. Кийин бүтүндөй Бабыл жери жана анын эли ушинтип аталып калган. Илимди, тарыхты, тилдерди жана астрономияны изилдегенден тышкары, сыйкырчылык кылып, жылдыз төлгө ачкандарды да «каздимдиктер» деп аташчу (Эз 5:12; Дн 4:7; Элч 7:4).

  • Кайра келиши.

    Грек Жазмаларынын айрым жерлеринде бул сөз айкашы менен падышалык бийликке ээ болгон Иса Машаяктын көзгө көрүнбөгөн жол менен кайтып келиши сүрөттөлөт. Бул мезгил Иса асманда Падыша болгондо башталып, азыркы ыймансыз дүйнөнүн аягына чейин созулат. Машаяктын кайтып келиши анын келип, кайра тез эле кетип калганын билдирбейт. Бул мезгил бир канча убакка созулат (Мт 24:3).

  • Кайыр-садага.

    Колунда жок бирөөгө берилген жардам. Еврей Жазмаларында бул тууралуу ачык айтылбайт. Бирок Мыйзамда атайын көрсөтмөлөр бар болчу. Аларга ылайык, ысрайылдыктар кедей-кембагалдарга жардам бергенге милдеттүү болушкан (Мт 6:2).

  • Калама майрамы.

    Ысрайылдыктардын жылына бир жолу белгиленчү чоң үч майрамынын бири. 15-нисанда, Куткарылуу майрамынан кийин, башталып, жети күнгө созулчу. Ысрайыл эли Мисирден чыкканын эстеп жүрүш үчүн ал майрамда ачытылбаган камырдан жасалган нан жешчү (Чг 23:15; Мр 14:1).

  • Камыш.

    Көбүнчө нымдуу жерлерде өскөн өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү ушинтип аталат. Ыйык Китепте көп учурда алп камыш (Arundo donax) сөз кылынат (Ап 8:11; Ыш 42:3; Мт 27:29; Аян 11:1). Кара: ЧЕНЕГИЧ КАМЫШ.

  • Канаан.

    Нух пайгамбардын небереси. Хам деген уулунун төртүнчү баласы. Канаандан тараган 11 уруу Мисир менен Сириянын ортосундагы аймакты — Жер Ортолук деңиздин чыгыш жагын — ээлеп, ошол жакта жашап калган. Ал жер «Канаан жери» деп аталчу (Лб 18:3; Бш 9:18; Элч 13:19). Б4 тиркемесин кара.

  • Кара буудай.

    Төмөнкү сорттогу буудай (Triticum spelta). Топону дандан оңой менен ажырабайт (Чг 9:32).

  • Кара өзгөй.

    Кудайга жана анын адил нормаларына каршы чыккан Шайтан Ибилистин табиятын сүрөттөгөн сөз (Мт 6:13; Жн1к 5:19).

  • Карапачы.

    Чоподон кумараларды, идиш-аяктарды жасаган бирөө. Еврей тилиндеги карапачы деген сөз түзмө-түз «калыптоочу» дегенди билдирет. Карапачы чопону каалагандай калыптай алат. Ыйык Китептеги ушул сыяктуу мисалдар Жахабанын адамдардын жана улуттардын үстүнөн бийлиги бар экенин таамай сүрөттөйт (Ыш 64:8; Рм 9:21).

  • Каргыш.

    Кимдир бирөөгө же бир нерсеге жамандык тилөө же коркутуу. Муну жаман сөз айтып урушуу же ачууланып бир тийүү менен чаташтырбаш керек. Каргыш көбүнчө элдин көзүнчө айтылган расмий жарыяны же жамандык болорун алдын ала айтууну билдирчү. Кудайдын же анын өкүлүнүн каргыш айтканы пайгамбарлык болуп эсептелчү жана сөзсүз аткарылчу (Бш 12:3; Сн 22:12; Гл 3:10).

  • Карыш.

    Болжолу, бармак менен ортонду кергендеги өлчөм. Ал узундугу 44,5 см болгон чыканактын жарымына барабар. Ошондо карыштын узундугу 22,2 сантиметрдей болот (Чг 28:16; Шм1к 17:4). Б14 тиркемесин кара.

  • Кассия.

    Корица дарагынын бир түрү болгон кассия дарагынын (Cinnamomum cassia) кабыгынан алынган зат. Кассия жыпарзат катары колдонулчу. Ыйык майдын курамына да кирчү (Чг 30:24; Зб 45:8; Жз 27:19).

  • Кездеменин туурасынан кеткен жиби.

    Кездеме токууда туурасынан кеткен мындай жиптер узатасынан кеткен негизги жиптерге арчындалчу, тагыраак айтканда, каршы-терши өткөрүлүп токулчу (Лб 13:59).

  • Кездеменин узатасынан кеткен жиби.

    Кездеме токууда алар өйдөдөн ылдый салаңдап турчу. Ал эми туурасынан кеткен жиптер аларга арчындалчу, тагыраак айтканда, каршы-терши өткөрүлүп токулчу (Лб 13:48).

  • Келечекти алдын ала айткан кишилер.

    Келечекте эмне болорун көрө алам деп ырастагандар. Ыйык Китепте мындайларга сыйкырчылык кылган дин кызматчылар, жиндердин таасири менен көзү ачыктык кылгандар, жылдыз төлгөчүлөр жана ушул сыяктуулар кирери айтылат (Лб 19:31; Мз 18:11; Элч 16:16).

  • Келишим.

    1) Бул сөз көбүнчө эки таш лоокко жазылып, Мусага берилген он мыйзамга карата колдонулат (Чг 31:18).

    1. 2)Кудай менен адамзаттын же адамдардын ортосундагы расмий макулдашуу. Ага ылайык, эки тарап бир нерсени кылганга же кылбаганга милдеттендирилчү. Кээде милдеттенмени бир эле тарап ала турган (бир тараптуу келишим же убада берүү). Айрым учурда эки тарап тең милдеттенме алчу (эки тараптуу келишим). Ыйык Китепте Кудай менен адамзаттын ортосундагы келишимден тышкары, адамдардын, уруулардын, улуттардын же топ элдин ортосундагы келишимдер жөнүндө да кеп кылынат. Эң маанилүү келишимдер булар: Кудайдын Ыбрайым, Дөөтү, кадимки ысрайыл эли менен (Мыйзам келишими) түзгөн келишими, ошондой эле Кудайдын Ысрайылы менен (жаңы келишим) түзүлгөн келишим (Бш 9:11; 15:18; 21:27; Чг 24:7; Жл2к 21:7).

  • Келишим сандыгы.

    Акация жыгачынан жасалып, алтын менен капталган сандык. Ал ыйык чатырдын, кийинчерээк Сулайман курган ибадаткананын Ыйыктын ыйыгында турчу. Чылк алтындан жасалган капкагына бири-бирин карап турган эки керуп орнотулган. Сандыкта, негизинен, Он осуят жазылган эки таш лоок жатчу (Мз 31:26; Пд1к 6:19; Ев 9:4). Б5 жана Б8 тиркемелерин кара.

  • Кемос.

    Мааптыктардын негизги кудайы (Пд1к 11:33).

  • Кереметтер; ажайып иштер.

    Адамдардын колунан келбеген, адаттан тыш күч менен жасалган иштер же көрүнүштөр. Кээде Ыйык Китепте синоним катары «жышаан» деген сөз колдонулат (Чг 4:21; Элч 4:22; Ев 2:4).

  • Керуптар.

    Өзгөчө иштерди аткарган жогорку даражалуу периштелер. Сераптардан айырмаланат (Бш 3:24; Чг 25:20; Ыш 37:16; Ев 9:5).

  • Кийим токугуч.

    Жиптерди илип кийим токуган шайман (Чг 39:27).

  • Кислеп.

    Жүйүттөр Бабылдан кайтып келгенден кийин алардын ыйык календары боюнча 9-ай, кадимки календары боюнча 3-ай ушинтип аталган. Октябрдын 2-жарымы менен декабрдын 1-жарымына дал келет (Нек 1:1; Зак 7:1). Б15 тиркемесин кара.

  • Кишен.

    Кишинин кыймыл-аракетин чектеген жаза. Кээ бир кишендер бутка эле салынчу. Кыязы, буттарды, колдорду жана моюнду толгоп, дене ыңгайсыз абалда болгудай кылып салынган кишендер да болгон (Жр 20:2; Элч 16:24).

  • Кишинин же малдын үстүнө кол коюу.

    Кимдир бирөөгө атайын бир иш тапшырылганда, бата берерде, ыйык рух берерде же аны айыктырарда анын үстүнө кол коюшчу. Кээде курмандыкка чалына турган малдын үстүнө да кол коюшчу (Чг 29:15; Сн 27:18; Элч 19:6; Тм1к 5:22).

  • Колду жуу.

    Адам кайсы бир нерсеге жооптуу эмес экенин көрсөтүш үчүн эл алдында колун жуучу (Мз 21:6; Мт 27:24). Кудайга жаккандай жашаган киши: «Колумду жууп, айыпсыз экенимди көрсөтөм»,— деп айта алчу (Зб 26:6; 73:13).

  • Кор.

    Кургак жана суюк заттарды өлчөгөн ченем. 220 литрге барабар. Баттын болжолдуу өлчөмү менен эсептелет (Пд1к 5:11). Б14 тиркемесин кара.

  • Короо.

    Ыйык чатырдын тегерегиндеги чети тосулган, үстү ачык аймак. Ошондой эле кийин курулган ибадаткананын негизги имаратынын дубал менен курчалган, үстү ачык аймагы. Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынчу курмандык жайы ыйык чатырдын короосунда, ибадаткананын болсо ички короосунда турчу. (Б5, Б8, Б11 тиркемелерин кара.) Ыйык Китепте үйлөрдүн жана ак сарайлардын короосу болгону жөнүндө да айтылат (Чг 8:13; 27:9; Пд1к 7:12; Эст 4:11; Мт 26:3).

  • Кошок.

    Досунан же жакын кишисинен айрылганда көкүрөктү өрдөгөн күйүттү чыгарыш үчүн айтылган ыр саптары, чыгарма. Айрымдары обон менен коштолчу (Шм2к 1:17; Зб 7:0).

  • Көзөмөлчү.

    Негизги милдети жыйналышка көз салып, аны кайтара турган киши. Грек тилиндеги эпископос деген сөз негизинен «баш-көз болуп коргоо» деген ойду камтыйт. «Көзөмөлчү» жана «аксакал» (пресбитерос) деген сөздөр Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында бирдей эле абалды ээлегендерге карата айтылат. «Аксакал» деген сөз аксакал болуп дайындалган кишинин Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүп, жетилген экенин көрсөтүп турат. Ал эми «көзөмөлү» деген сөз көзөмөлчү болуп дайындалган кишинин аткарган милдеттери жөнүндө айтып турат (Элч 20:28; Тм1к 3:2—7; Пт1к 5:2).

  • Көк.

    Өсүмдүктөр чалдыккан дарт (мите козу карындар себепкер болот). Ыйык Китепте айтылган «көк» эгинге зыян келтирген дат козу карындар болушу мүмкүн (Puccinia graminis) (Пд1к 8:37).

  • Көр.

    Кимдир бирөөнүн көрүн да, адамзаттын жалпы мүрзөсүн да билдирет. Еврей тилиндеги «шеол», грек тилиндеги «адис» деген сөздөр менен бирдей. Ыйык Китепте бул сөз бардык иштер, ой жүгүртүү токтой турган, жок болгон каймана жерди же абалды билдирет (Бш 47:30; Нс 9:10; Элч 2:31).

  • Көрөгөч.

    Кудай өзүнүн эркин ачып берген киши. Андай киши башкалар көрбөгөндү көрүп, түшүнбөгөндү түшүнө алган. Еврей тилиндеги бул сөз түзмө-түз же каймана мааниде «көрүү» дегенди билдирген уңгудан алынган. Кыйынчылыкка кептелгендер көрөгөчтөргө акыл сурап кайрылышчу (Шм1к 9:9).

  • Көчүрмөчү.

    Еврей Жазмаларын көчүргөндөр. Иса жерде жүргөн маалда диний мыйзамдарды окуткандарды билдирген. Алар Исага каршы болушкан (Эз 7:6; Мр 12:38, 39; 14:1).

  • Көшөгө.

    Керуптардын сүрөтү түшүрүлгөн кооз жабуу. Ыйык чатырда да, ибадатканада да Ыйык Жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган (Чг 26:31; Жл2к 3:14; Мт 27:51; Ев 9:3). Б5 тиркемесин кара.

  • Кудайга берилгендик сактоо.

    Жахаба Кудайга терең урмат-сый көрсөтүү, сыйынуу, кызмат кылуу. Ошондой эле анын ааламдагы теңдешсиз бийлигине баш ийүү (Тм1к 4:8; Тм2к 3:12).

  • Кудайга каршы чыгуу.

    Грек тилиндеги апостасиа деген сөз түзмө-түз «алыс туруу» дегенди билдирген этиштен алынган. Ал эми зат атоочтун өзү «таштоо, калтыруу же каршы чыгуу» деген маанини туюнтат. Грек Жазмаларында «Кудайга каршы чыгуу» деген сөз негизинен чыныгы сыйынууну таштап кеткендерге карата айтылат (Нкл 11:9; Элч 21:21; Тс2к 2:3).

  • Кудайдын алдында турушу керек болгон нандар.

  • Кудайдын Падышалыгы.

    Бул сөз айкашы Кудайдын эң жогорку бийликке ээ экенин көрсөтүп турат. Бул өкмөттүн башында анын Уулу, Машаяк Иса, турат (Мт 12:28; Лк 4:43; Кр1к 15:50).

  • Кудайдын Уулу.

    Бул сөз айкашы, негизинен, Иса Машаякка карата колдонулат. «Кудайдын уулу» же «Кудайдын уулдары» деген сөз айкаштары Кудай жараткан периштелерге, күнөө кетиргенге чейинки Адам атага жана Кудай түзгөн келишимдин негизинде аны менен жакын мамиледе болгон адамдарга карата да колдонулат. Башка элдердин арасынан «өзгөчө эл» болушу үчүн Кудай тарабынан тандалып алынгандыктан ысрайыл эли да «Кудайдын уулу» деп эсептелген.

  • Кун.

    Кимдир бирөөнү туткундан, жазадан, азаптан, күнөөдөн, атүгүл кандайдыр бир милдеттен кутултуш үчүн төлөнгөн нарк. Сөзсүз эле акча эмес (Ыш 43:3). Ар кандай жагдайда кун төлөө талап кылынган. Алсак, ысрайылдыктардын тун уулдары менен малынын биринчи эркек төлү Жахабага таандык болгон. Аларды кунун төлөп сатып алуу талап кылынган. Болбосо, Жахабага бериш керек болмок (Сн 3:45, 46; 18:15, 16). Сүзөнөөк бука бирөөнү сүзүп өлтүрүп салса, анын ээси өлүм жазасына тартылчу. Же жазадан кутулуш үчүн кун төлөшү керек болгон (Чг 21:29, 30). Бирөөнү атайлап өлтүргөн киши үчүн кун алынчу эмес (Сн 35:31). Ыйык Китепте Машаяк төлөгөн кунга чоң маани берилет. Ал Кудайга баш ийген адамдарды күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн өз өмүрүн берген (Зб 49:7, 8; Мт 20:28; Эф 1:7).

  • Курал-жарак.

    Жоокер коргонуш үчүн кийген кийимдер. Алсак, туулга, соот, кур, кыр сөөктү да коргогон бут кийим, калкан (Шм1к 31:9; Эф 6:13—17).

  • Курмандык.

    Кудайга ыраазычылык билдириш үчүн, күнөөнү моюнга алыш үчүн, Кудай менен болгон мамилени калыбына келтириш үчүн ага берилген тартуу. Абылдан тартып адам баласы ар кандай нерселерди, анын ичинде малды өз ыктыяры менен курмандыкка берип келген. Ал эми Мусанын Мыйзамында бул талап экени айтылган. Иса жеткилең өмүрүн курмандыкка чалгандан кийин малдан курмандык чалуу зарыл болбой калган. Ошентсе да Машаяктын жолдоочулары Кудайга рухий курмандыктарды чалып келишет (Бш 4:4; Ев 13:15, 16; Жн1к 4:10).

  • Курмандык жайы.

    Чыныгы Кудайга же жалган кудайларга курмандык чалыш үчүн же жыпарзат түтөтүш үчүн колдонулган нерсе. Аны топурактан, таштан же металл менен капталган жыгачтан жасашчу. Ыйык чатырдын, кийинчерээк ибадаткананын биринчи бөлмөсүндө жыпарзат түтөтүш үчүн алтындан жасалган чакан «курмандык жайы» турчу. Ал жыгачтан жасалып, алтын менен капталган эле. Ал эми малдан курмандык чалыш үчүн жезден жасалган чоң «курмандык жайы» короодо турчу (Чг 27:1, шилтеме; 39:38, 39; Бш 8:20; Пд1к 6:20; Жл2к 4:1; Лк 1:11). Б5 жана Б8 тиркемелерин кара.

  • Курмандык жайынын мүйүздөрү.

    Курмандык жайынын төрт бурчунан чыгып турган мүйүз сымал бөлүгү (Лб 8:15; Пд1к 2:28). Б5 жана Б8 тиркемелерин кара.

  • Куткарылуу майрамы.

    Жылына бир жолу абиб айынын (кийин нисан деп аталып калган) 14үндө белгиленчү майрам. Ысрайылдыктардын Мисирден чыкканын эске салып турган. Ал күнү козу (же улак) союп, отко кактап бышырышчу. Аны ачуу чөптөр жана ачытылбаган нан менен жешчү (Чг 12:27; Жн 6:4; Кр1к 5:7).

  • Күзөтчүлөр.

    Элге же мүлккө коркунуч туудурган нерселерди байкап, үн чыгарып же белги берип кабарлагандар. Алар көбүнчө түнкүсүн коюлчу. Негизинен, күзөтчүлөр шаардын дубалдарында жана мунараларда турушкан. Андай жерлерден шаарга жакындап келаткандар алыстан эле көрүнөт. Аскер кызматындагы күзөтчүнү сакчы же кайгуулга турган жоокер деп аташкан. Пайгамбарлар каймана күзөтчүлөр катары кызмат кылышкан. Алар ысрайыл элине алдыда боло турган алааматтарды эскертип турушкан (Пд2к 9:20; Жз 3:17).

  • Күйүт тартуу.

    Бирөө көз жумганда же кандайдыр бир алаамат болгондо катуу кайгыруу. Байыркы мезгилде кандайдыр бир убакытка чейин кайгыруу адат болгон. Күйүт тарткандар катуу ыйлагандан тышкары, адаттагыдан бөтөнчө кийим кийип, башына күл чачышкан жана кийимин айрып, өздөрүн төшкө койгулашкан. Кээде сөөк узатып жаткан жерге атайын кошокчуларды чакырышчу (Бш 23:2; Эст 4:3; Аян 21:4).

  • Күнөө.

    Кайсы бир мыйзамды бузуу; кайсы бир мыйзамга каршы кылынган иш-аракет (Зб 51:3; Рм 5:14).

  • Күнөө үчүн чалынчу курмандык.

    Кимдир бирөө жеткилең эмес болгондуктан алсыздыкка алдырып күнөө кылып алганда чалынчу курмандык. Күнөө кылып алган кишинин ээлеген абалына, жагдайына жараша, курмандыкка бактектен букага чейин ар кандай жаныбарлар чалынчу (Лб 4:27, 29; Ев 10:8).

  • Күнөөдөн арылтуу.

    Еврей Жазмаларында бул түшүнүк Кудайга жакындаганга жана ага сыйынганга өбөлгө түзгөн курмандыктар менен тыгыз байланышта. Муса аркылуу берилген Мыйзамда айтылган курмандыктар, айрыкча, Күнөөдөн арылуу күнү чалынгандары ар бир кишини жана бүтүндөй элди Кудай менен элдештириш үчүн чалынчу. Ал курмандыктар бир эле жолу чалынып, адам баласын биротоло күнөөдөн арылта турган, аларды Жахаба менен элдештире турган Исанын курмандыгынан кабар берип турган (Лб 5:10; 23:28; Кл 1:20; Ев 9:12).

  • Күнөөдөн арылуу күнү.

    Ысрайыл эли үчүн эң маанилүү ыйык күн болгон. Йом Киппур деп да аталчу (еврей тилиндеги йохм хаккиппурим деген сөздөн алынган. Мааниси: «жабуу күнү»). 10-эйтанимде белгиленчү. Башкы дин кызматчы жылына бир жолу ушул күнү гана ыйык чатырдагы, кийинчерээк ибадатканадагы Ыйыктын ыйыгына кирчү. Ал жакка ал өзүнүн, лебилердин жана бүтүндөй элдин күнөөсү үчүн курмандыкка чалынган малдын канын алып кирчү. Ошол күнү ыйык жыйын өткөрүлүп, орозо кармашчу. Дем алыш күн да болчу. Эч кандай жумуш кылынчу эмес (Лб 23:27, 28).

  • Күнөөдөн арылтуу бөлмөсү.

    Жылнаама 1-китеп 28:11де Ыйыктын ыйыгы, ибадаткананын төркү бөлүгү, «каппорет үйү» деп аталган. Кыязы, бул жерде колдонулган еврей тилиндеги сөз тек гана сандыктын капкагын билдирбейт. Ал анын күнөөлөрдүн кечирилишине тиешелүү өзгөчө ролун баса белгилеп турат. Ошол себептен бул сөз айкашы ар кандай котормолордо «күнөөдөн арылтуу үйү», «элдештирүү үйү», «элдештирүү капкагы турган бөлмө» деп берилген.

  • Күрөө.

    Карыздардын карыз берген кишиге алганын төлөп берерине кепилдик берген буюму. Ысрайылдагы кедейлердин жана багар-көрөрү жоктордун укуктарын коргош үчүн Мусанын Мыйзамында күрөөгө байланыштуу айкын көрсөтмөлөр болгон (Чг 22:26; Жз 18:7).

  • Кычкач.

    Алтындан жасалган буюм. Ыйык чатырда жана ибадатканада биликтин күйүгүн алыш үчүн колдонулган (Чг 37:23).

Л

  • Ладан.

    Кара же кочкул күрөң түстөгү жумшак чайыр. Ладанник (Cistus) түркүмүнө кирген өсүмдүктөрдүн жалбырактарынан жана бутактарынан бөлүнүп чыгат. Бул чайырдын даамы ачуу болсо да, аңкыган жыты абдан жагымдуу.

  • Лебанон (Ливан) тоо кыркасы.

    Лебанон жериндеги эки тоо кыркасынын бири. Лебанон тоо кыркасы батышта, ал эми Антиливан чыгышта жайгашкан. Эки тоо кыркасынын ортосунда түшүмдүү жер жайгашкан. Лебанон тоо кыркасы Жер Ортолук деңизден ичке тилке менен эле бөлүнгөн. Орточо бийиктиги 1 800 метрден 2 100 метрге чейин жетет. Байыркы убакта Лебанондо бой керген бал карагайлар көп болгон. Андай карагайлар жогору бааланчу (Мз 1:7; Зб 29:6; 92:12). Б7 тиркемесин кара.

  • Леби.

    Жакыптын Лиядан төрөлгөн үчүнчү уулу. Андан тараган уруу да ушинтип аталган. Анын үч уулунан лебилердин негизги үч тобу тараган. Кээде «леби» деген сөз бүтүндөй урууга, бирок көбүнчө Арундан тараган дин кызматчыларга карата айтылат. Леби уруусуна Ысрайыл жеринен үлүш берилген эмес. Анткен менен аларга башка уруулардын жеринен 48 шаар жана алардын тегерегиндеги аймактар тийген (Мз 10:8; Жл1к 6:1; Ев 7:11).

  • Лебиатан.

    Суу менен байланышы бар жаныбар. Кыязы, сууда жашоочу жандык. Аюп 3:8де жана 41:1де, сыягы, крокодилди же чоң, күчтүү суу жаныбарын билдирет. Забур 104:26да айтылган лебиатан киттин бир түрү болушу мүмкүн. Башка аяттарда бул сөз каймана мааниде колдонулуп, кандайдыр бир жаныбарды билдирбейт (Зб 74:14; Ыш 27:1).

  • Лепта.

    Грек Жазмалары жазылып жаткан мезгилде жүйүттөрдүн жезден же колодон жасалган эң кичинекей тыйыны болгон. Ыйык Китептин башка котормолорунда «майт» деп которулган (Мр 12:42; Лк 21:2). Б14 тиркемесин кара.

  • Лог.

    Ыйык Китепте айтылган, суюктукту өлчөгөн кичинекей идиш. Жүйүттөрдүн Талмудунда ал 1/12 гинге барабар болгону айтылат. Ушуга таянып, лог 0,31 литр суюктук баткан идиш болгон десек болот (Лб 14:10). Б14 тиркемесин кара.

М

  • Мадайлыктар; Мадай.

    Жапеттин Мадай деген уулунан тараган эл. Алар Ирандын тоолуу аймагына отурукташып, Мадай өлкөсүн түптөшкөн. Ашур жерин басып алыш үчүн мадайлыктар бабылдыктар менен биригишкен. Ошол кезде Персия Мадайдын провинциясы болгон. Бирок Кореш (Кир) көтөрүлүш чыгаргандан кийин Мадай менен Персия биригип, Мадай-Персия империясы түзүлгөн. Ал империя б. з. ч. 539-жылы Бабыл империясын кулаткан. Мадайлыктар б. з. 33-жылы Иерусалимде Элүүнчү күн майрамында болушкан (Дн 5:28, 31; Элч 2:9). Б9 тиркемесин кара.

  • Майлоо.

    Еврей тилиндеги бул сөз негизинен «суюктук менен майлоо» дегенди билдирет. Киши атайын бир кызматка дайындалганда же кайсы бир буюмду атайын кызматка арнашканда ага май сүйкөшчү. Бул анын арналганынын белгиси болчу. Грек Жазмаларында асманда жашаганга тандалгандарга ыйык рух төгүлгөнү айтылган жерде да ушул сөз колдонулган (Чг 28:41; Шм1к 16:13; Кр2к 1:21).

  • Македония.

    Грециянын түндүгүндө жайгашкан, Искендер Зулкарнайндын тушунда атагы алыска кеткен, римдиктер басып алганга чейин көз карандысыздыгын сактаган аймак. Элчи Пабыл Европага биринчи жолу барган кезде Македония Рим провинциясы болгон. Пабыл ал аймакка үч жолу барган (Элч 16:9). Б13 тиркемесин кара.

  • Малкам.

    Калыбы, Молек менен бирдей. Амондун тукумдарынын негизги кудайы (Сп 1:5). Кара: МОЛЕК.

  • Манна.

    Ысрайылдыктардын 40 жыл чөл кезип жүргөндө жеген негизги тамагы. Аны аларга Жахаба өзү берген. Дем алыш күнүнөн башка күндөрү эртең мененкисин шүүдүрүм кеткенден кийин керемет жолу менен жер бетине пайда болчу. Ысрайылдыктар аны биринчи жолу көргөндө «бул эмне?» же еврейче «ман ху?» деп сурашкан (Чг 16:13—15, 35). Башка аяттарда «асмандан азык» (Зб 78:24), «асмандан түшкөн нан» (Зб 105:40) жана «кубаттуулардын наны» (Зб 78:25) деп берилген. Иса да каймана манна жөнүндө сөз кылган (Жн 6:49, 50).

  • Маржан.

    Таш сыяктуу катуу зат. Деңиз жандыктарынын скелетинен жаралат. Океандагы маржандардын өңү кызыл, ак жана кара болот. Айрыкча Кызыл деңиз маржандарга бай. Байыркы убакта кызыл маржандар жогору бааланчу. Алардан шурулар, көркөм буюмдар жасалчу (Нкл 8:11).

  • Маскил.

    Еврей тилиндеги бул сөздүн так мааниси белгисиз. 13-забурдун башындагы сөздө кездешет. Мааниси «терең ойго салган ыр» дегенди билдириши мүмкүн. Айрымдар бул сөздүн мааниси «акылдуулук менен кызмат кылуу» деп которулган башка тектеш сөзгө окшошуп кетет дешет (Жл2к 30:22; Зб 32:0).

  • Махалат.

    Сыягы, музыкалык термин. 53, 88-забурлардын башындагы сөздө кездешет. Еврей тилинде «алсыроо, ооруу» дегенди билдирген этиштен келип чыкса керек. Мындан бул забурлардын обону муңдуу, кайгылуу болушу керектигин билсе болот. Анткени забурлардын сөздөрү да ошондой маанайда жазылган.

  • Машак.

    Орокчулар байкабай же атайлап калтырып кеткен дан. Муса аркылуу берилген Мыйзамда ысрайылдыктарга талаасынын чекесин орбой калтырып коюшу, зайтун менен жүзүмдү бүт терип албашы керектиги айтылган. Кудай кедей-кембагалдарга, жардамга муктаждарга, бөтөн жерликтерге, жетим-жесирлерге орокчулардан калганын жыйнап же терип алганга укук берген (Рут 2:7).

  • Машаяк.

    1) Еврей тилиндеги «майланган» деген сөздөн келип чыккан. Грек тилиндеги Христос деген сөздүн маанисине дал келет (Дн 9:25; Жн 1:41).

    1. 2) Исанын наамы. Грек тилиндеги Христос деген сөздөн алынган. Еврей тилинен «Мессия» же «Майланган» деп которулган сөзгө тектеш (Мт 1:16; Жн 1:41).

  • Машаяктын душманы.

    Грек тилиндеги бул сөздүн эки мааниси бар. Ал Машаякка каршы чыккандарга (грекче анти) карата айтылат. Ошондой эле Машаяктын ордун ээлеп алган жалган Машаякты да билдирет. Машаяктын өкүлүбүз деп ырастаган элдердин, уюмдардын же топтордун баарын же мен Машаякмын дегендерди, же болбосо Машаякка жана анын шакирттерине каршы чыккандарды Машаяктын душмандары десе болот (Жн1к 2:22).

  • Машаяктын жолдоочулары.

    Кудай Иса Машаяктын жолдоочуларын ушинтип атаган (Элч 11:26; 26:28).

  • Меродах.

    Бабыл шаарындагы эң негизги кудай. Бабылдыктардын падышасы жана мыйзам чыгаруучусу Хаммурапи Бабылды өлкөнүн борбор калаасы кылгандан кийин Меродахка (же Мардукка) көп маани бериле баштаган. Бара-бара ал бабылдыктар мурун сыйынып келген көптөгөн кудайлардын ордун басып, бабылдыктардын ыйык жайындагы эң негизги кудай болуп калган. Кийинчерээк Меродах (же Мардук) деген ысым «Белу» («Кожоюн») деген наамга алмаштырылып, Меродахты Бел деп калышкан (Жр 50:2).

  • Меш.

    Кенди же металлды эритиш үчүн колдонулган нерсе. Андай мештерде чоподон жасалган буюмдарды жана акиташты отко какташчу. Байыркы убактарда мешти кыштан же таштан курушчу (Бш 15:17; Дн 3:17; Аян 9:2).

  • Миктам.

    Еврей тилиндеги сөз. Алты забурдун башындагы сөздө кездешет (Зб 16; 56—60). Так мааниси белгисиз болсо да, «жазуу» деген сөзгө тектеш болушу мүмкүн.

  • Милком.

    Амондун тукумдары сыйынган кудай. Кыязы, Молек менен бирдей (Пд1к 11:5, 7). Башкаруусу соңуна чыгып калганда Сулайман ушул жалган кудайга багыштап бийик жерге сыйынуу жайларын курган. Кара: МОЛЕК.

  • Мило.

    Еврей тилиндеги бул сөз «толтуруу» дегенди билдирет. «Септуагинтада» «сепил» деп которулган. Дөөтүнүн шаарынын географиялык өзгөчөлүгү болгон көрүнөт. Бирок так эмне экени белгисиз (Шм2к 5:9; Пд1к 11:27).

  • Миля.

    Узундук бирдиги. Грек Жазмаларынын түп нускасында бир эле жолу Матай 5:41де кездешет. Сыягы, римдиктердин милясы. 1 479,5 метрге барабар. Б14 тиркемесин кара.

  • Мина.

    Жезекиел китебинде «мане» деп да айтылат. Салмак жана акча бирдиги. Археологиялык маалыматка ылайык, мина 50 шекелге барабар болгон. Бир шекел 11,4 грамм болгонун эске алганда, Еврей Жазмаларындагы минанын салмагы 570 грамм болгон. Чыканак сыяктуу эле, минанын дагы бир түрү — падыша минасы — болгон көрүнөт. Грек Жазмаларында айтылган мина 100 драхмага барабар болуп, салмагы 340 грамм болгон. 60 мина бир талантты түзгөн (Эз 2:69; Лк 19:13). Б14 тиркемесин кара.

  • Мирра.

    Жыпар жыттуу чайыр. Коммифора түркүмүнө (Commiphora) кирген ийнелери бар бадалдардан жана анча бийик эмес бактардан алынчу. Мирра ыйык майдын курамына кирген. Кийимдер, шейшептер жагымдуу жыттанып турушу үчүн колдонулган. Ошондой эле укалоодо сүйкөлчү майга, денеге сүртүлчү майларга кошулчу. Сөөктү жерге берерде да ага мирра сүртүшө турган (Чг 30:23; Нкл 7:17; Жн 19:39).

  • Молек.

    Амондун тукумдары сыйынган кудай. Кыязы, Малкам, Милком, Молох деп да аталчу. Бул кайсы бир кудайдын аты эмес, наамы болушу мүмкүн. Мусанын Мыйзамына ылайык, балдарын Молекке курмандыкка чалгандар өлүм жазасына тартылышы керек болгон (Лб 20:2; Жр 32:35; Элч 7:43).

  • Молох.

    Кара: МОЛЕК.

  • Моюнтурук.

    Кишинин ийнине артылган, эки жагына жүк илине турган шайман. Же болбосо арабага же башка айыл-чарба шайманына чегилген эки малдын (көбүнчө өгүздөрдүн) мойнуна кийгизиле турган жыгач каамыт. Кулдар оор жүктү көбүнчө моюнтурукка илип көтөрүшкөндүктөн, ал каймана мааниде кулчулукту, бирөөгө баш ийүүнү, кысымды же азап тартууну билдирген. Моюнтурукту чечип же сындырып салуу кулчулуктан, кысымдан азаттыкка чыгууну билдирген (Лб 26:13; Мт 11:29, 30).

  • Мөөр баса турган шакек.

    Мөөрдүн манжага тагыла турган же жипке илип туруп моюнга тагып ала турган түрү. Аны мөөр шакек деп да коюшчу. Ал башкаруучунун же кызматкердин бийлигин билдирген (Бш 41:42). Кара: МӨӨР.

  • Мөөр.

    Бир нерсенин бирөөгө таандык экенин, анык экенин көрсөткөн же макулдукту билдирген белгини (көбүнчө чопого же мом сымал затка) бастыра турган шайман. Байыркы маалда мөөрлөрдү катуу материалдан (таштан, пилдин сөөгүнөн же жыгачтан) жасашкан. Анын бетине тамгаларды же сүрөттү тескерисинче кылып чегип түшүрүшчү. Ошондо мөөр басылганда, бетиндеги жазуу оңунан түшүп калчу. Каймана мааниде мөөр бир нерсенин анык экенин, бирөөгө таандык экенин же жашыруун, купуя экенин билдирген (Чг 28:11; Нек 9:38; Аян 5:1; 9:4).

  • Мусанын Мыйзамы.

    Жахаба ысрайыл элине б. з. ч. 1513-жылы Синай чөлүндө Муса пайгамбар аркылуу берген Мыйзам. Ыйык Китептин алгачкы беш китебин да көбүнчө Мыйзам деп коюшат (Жш 23:6; Лк 24:44).

  • Мут-лаббен.

    9-забурдун башындагы сөздө кездешет. Мааниси «уулдун өлүмү жөнүндө» дегенди билдирет деп айтышат. Айрымдар бул белгилүү ырдын аталышы же анын башкы саптары болгон дешет. Алардын айтымында, 9-забурду ошол обонго салып ырдашчу.

  • Мүйүз.

    Жаныбарлардын мүйүзүнөн суусундук, май, сыя, сулуулук үчүн колдонулган каражаттарды куя турган идиштерди, музыкалык аспаптарды же белги бериш үчүн тарта турган сурнайларды жасашчу (Шм1к 16:1, 13; Пд1к 1:39; Жз 9:2). Каймана мааниде «мүйүз» деген сөз көбүнчө күчтү, басып алууну же жеңишти сүрөттөш үчүн колдонулган (Мз 33:17; Мик 4:13; Зак 1:19).

  • Мыйзам.

    Чоң тамга менен жазылганда бул сөз көбүнчө Муса аркылуу берилген бүтүндөй Мыйзамды же Ыйык Китептин алгачкы беш китебин билдирет. Кичинекей тамга менен жазылганда Муса жазган Мыйзамдагы белгилүү бир мыйзамды же мыйзамда камтылган принципти билдирет (Сн 15:16; Мз 4:8; Мт 7:12; Гл 3:24).

  • Мырза.

    Негизинен, урмат-сыйга татыктуу бирөөгө карата колдонулган наам. Иса Машаякты Мырза катары кабыл алуу анын ээлеген абалын кабыл алууну, ага баш ийүүнү билдирет.

  • Мырзабыздын кечки тамагы.

    Ачытылбаган нан менен шараптан турган жөнөкөй тамак. Алар Исанын каны менен денесин билдирген. Исанын өлүмүн эскерүүнү билдирген тамак. Ыйык Китепке ылайык, Машаяктын жолдоочулары сөзсүз белгилеши керек. Андыктан ошол аземдин «эскерүү» деп аталганы жөндүү (Кр1к 11:20, 23—26).

Н

  • Назареттик.

    Иса Назарет шаарында чоңойгондуктан, аны назареттик деп коюшчу. Бул сөз Ышая 11:1де кездешкен, еврей тилинде «чырпык» дегенди билдирген сөз менен байланыштуу болушу мүмкүн. Кийинчерээк Исанын шакирттерин да назареттиктер деп атап калышкан (Мт 2:23; Элч 24:5).

  • Назир.

    Еврей тилиндеги «бөлүнгөн», «арналган» деген маанини туюнткан сөздөн алынган. Назирлердин эки түрү болгон: айрымдар өз каалоосу менен назир болушкан, башкаларын Кудай өзү дайындаган. Эркек же аял белгилүү бир убакыт бою назир болом деп Жахабага ант бере алчу. Өз эрки менен ант бергендер негизги үч талапка карманышы керек болгон: 1) спирт ичимдиктерин ичпеши, жүзүм же андан жасалган тамак-аш жебеши, 2) чачын кырктырбашы, 3) өлүккө тийбеши керек болгон. Кудай өзү тандап алгандар өмүр бою назир бойдон калышчу. Жахаба аларга өзгөчө талаптарды койчу (Сн 6:2—7; Бий 13:5).

  • Накыл сөз.

    Баалуу ойду же терең чындыкты бир эки ооз сөз менен жеткириш үчүн айтылган нуска сөз же кыска окуя. Ыйык Китептеги накыл сөздөр кээде табышмак түрүндө же кыйытылып айтылышы мүмкүн. Учкул сөздөр (көп учурда метафора) менен айтылган накыл сөз кайсы бир чындыкты таасирдүү кылат. Накыл сөздөрдүн айрымдары кимдир бирөөнү шылдыңдаганда же басмырлаганда айтылган ылакаптарга айланып калган (Нс 12:9; Пт2к 2:22).

  • Нард.

    Нард деп аталган өсүмдүктөн (Nardostachys jatamansi) алынган, өңү мала кызыл болгон кымбат баалуу май. Абдан кымбат болгондуктан, ага көбүнчө сапаты төмөнүрөөк келген майларды кошуп коюшчу, жасалмасы да боло турган. Көңүлгө аларлык нерсе, Марк да, Жакан да Исанын башына «таза нард» куюлган деп жазышкан (Мр 14:3; Жн 12:3).

  • Нетиндер.

    Ибадатканада кызмат кылгандар. Ысрайыл элинен болушкан эмес. Еврей тилинде бул сөз түзмө-түз «берилген» дегенди билдирет. Мындан алардын ибадатканада кызмат кылганга берилгенин билсе болот. Көптөгөн нетиндер гибондуктардын урпактары болушу мүмкүн. Жашыя аларды «жамаат үчүн, Жахаба тандаган жерде курмандык жайы үчүн отун алып, суу ташыганга дайындаган» (Жш 9:23, 27; Жл1к 9:2; Эз 8:17).

  • Нефилимдер.

    Адам кейпин кийип келген периштелердин жердеги аялдардан төрөлгөн уулдары. Алар Топон сууга чейин жашашкан жана зөөкүр болушкан (Бш 6:4).

  • Нехилот.

    5-забурдун башындагы сөздө кездешет. Так мааниси белгисиз. Еврей тилиндеги халил (флейта) деген сөз менен байланышы бар деп ойлогондуктан айрымдар нехилот кандайдыр бир үйлөмө аспапты билдириши мүмкүн дешет. Бирок бул музыкалык чыгарманы, обонду билдириши да мүмкүн.

  • Нисан.

    Бабыл туткунунан кийин абиб айы ушинтип аталып калган. Жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 1-ай, кадимки календары боюнча 7-ай болгон. Марттын 2-жарымынан апрелдин 1-жарымына дал келет (Нек 2:1). Б15 тиркемесин кара.

О

  • Ойноштук.

    Өмүрлүк жары бар бирөөнүн башка бирөө менен өзү каалап жыныстык мамиледе болушу (Чг 20:14; Мт 5:27; 19:9).

  • Олжо.

    Жеңген тарап жеңилгендерден тоноп кеткен буюм-тайымдар, баалуу оокаттар, мал-жан (Жш 7:21; 22:8; Ев 7:4).

  • Ондук.

    Бир нерсенин ондон бир бөлүгү (10 пайызы). Салык, айрыкча, диний максатта берилчү алым (Мз 26:12; Мал 3:10; Мт 23:23). Мусанын Мыйзамына ылайык, ысрайылдыктар жеринен алган түшүмүнүн жана малынын ондон бир бөлүгүн жыл сайын лебилерге берип турушкан. Алар лебилердин кызматын ошентип колдошкон. Ал эми лебилер өздөрү алган ондуктун ондон бир бөлүгүн Арундун тукумунан чыккан дин кызматчылардын кызматын колдош үчүн берип турушкан. Булардан тышкары, кошумча ондуктар да болгон. Учурда Машаяктын жолдоочуларынан ондук төлөө талап кылынбайт.

  • Оникс.

    Наркы төмөнүрөөк баалуу таш. Агаттын катуу түрү же хальцедондун жол-жол тасма сымал түрү. Бул ташта ак, кара, күрөң, кызыл, боз, жашыл түстөр катмар-катмар болуп жайгашкан. Оникс атайын башкы дин кызматчы үчүн тигилген кийимде бар болчу (Чг 28:9, 12; Жл1к 29:2; Ап 28:16).

  • Оомийн.

    «Ушундай болсун» же «туура» дегенди билдирет. Еврей тилиндеги аман деген сөздөн алынган. Ал сөз «ишенимдүү болуу» «ишенимге татыктуу болуу» деген маанини туюнтат. Адамдар берилген антка, айтылган тиленүүгө же сөзгө кошуларын көрсөтүп «оомийн» деп айтышчу. Аян китебинде бул сөз Исанын наамы катары колдонулган (Мз 27:26; Жл1к 16:36; Аян 3:14).

  • Орозо.

    Белгилүү бир убакытка бардык тамактан баш тартуу. Ысрайылдыктар Күнөөдөн арылуу күнү, башына мүшкүл түшкөндө, Кудайдын жетекчилигине муктаж болгондо орозо кармашкан. Жүйүттөр жылына төрт орозо кармашчу. Ошол төрт орозо жүйүттөрдүн тарыхындагы каргашалуу окуяларды эске салып турган. Машаяктын жолдоочуларынан орозо кармоо талап кылынбайт (Эз 8:21; Ыш 58:6; Лк 18:12).

  • От.

    Байыркы мезгилде бир нерсени толугу менен жок кылыш үчүн аны өрттөп жиберишчү (Жш 6:24; Мз 13:16). Ошол себептен Иса ыймансыздардын толугу менен жок кылынарын айтканда кээде «от» деген сөздү каймана мааниде колдонгон. (Мт 13:40—42, 49, 50; салыштыр: Ыш 66:24; Мт 25:41.)

  • Оттук таш.

    Абдан катуу таш. Болоттон да катуу болгондуктан, эки оттук ташты бири-бирине кагыштырганда, учкун чыгып, от тутанып кетет. Кээде Ыйык Китепте чечкиндүүлүк, туруктуулук, каршылыкка туруштук берүү сыяктуу сапаттар көркөм тил менен оттук ташка салыштырылат (Ыш 5:28; 50:7; Жз 3:9). Оттук таш Израилде жана Синай жарым аралында акиташ, бор катмарларында кездешет. Ал оңой сынат. Сынган бети жылмакай келет. Ал эми сыныктары учтуу, курч болгондуктан, байыркы убактан бери эле андан бычактарды, балтанын башын, кескичтерди, жаа-жебелердин учтарын жана башка курал-жарактарды жасап келишкен. Мусанын аялы учтуу оттук таш алып, уулунун сүннөтүн кескен. Ысрайыл эли Гилгалга жеткенде да Жахабанын буйругу менен оттук таштан бычак жасап, эркектерди сүннөткө отургузушкан (Чг 4:25; Жш 4:19; 5:2, 3, 8, 9). Жахаба чөлдө элине аскадан (оттук таш алынган аскадан) суу чыгарып берген (Мз 8:15; Зб 114:8).

  • Оттуу көл.

    Каймана мааниде «күкүрт күйгөн оттуу көл». «Экинчи өлүм» деп да аталат. Ага өкүнбөгөн күнөөкөрлөр, Ибилис, атүгүл өлүм менен көр (адис) ыргытылат. От рухтарга, өлүм менен адиске зыян келтире албайт. Демек, бул көл — түбөлүккө кыйналууну эмес, түбөлүккө жок болууну билдирген каймана көл (Аян 19:20; 20:14, 15; 21:8).

Ө

  • Өзөн.

    Жаан-чачындуу мезгилден башка убакта какшып жаткан сай. Агын сууга, дарыяга карата да айтылышы мүмкүн. Айрым дарыялар булактардын эсебинен соолубай, дайыма агып турушкан. Айрым контексттерде өзөн өрөөндү билдириши мүмкүн (Бш 26:19; Сн 34:5; Мз 8:7; Пд1к 18:5; Ап 6:15).

  • Өкүнүү.

    Ыйык Китеп боюнча, кишинин мурунку жашоосу, туура эмес иштери үчүн жана кылам деп кыла албай калганына чын жүрөктөн өкүнүп, оюн өзгөрткөнү. Чындап өкүнүү кишиге жүрүм-турумун өзгөрткөнгө түрткү берет (Мт 3:8; Элч 3:19; Пт2к 3:9).

  • Өкчөмө таш.

    Жыгачтан же таштан жасалган буюм. Чечим чыгарарда колдонулган. Аларды кийимдин этегине же идишке салып аралаштырышчу. Аралаштырып жатканда түшүп калган же тандалып алынган таш чечимди билдирген. Көбүнчө өкчөмө ташты ыргытканда тиленишчү. Бул сөз айкашы түзмө-түз да, каймана мааниде да «үлүш» дегенди билдирген (Жш 14:2; Зб 16:5; Нкл 16:33; Мт 27:35).

  • Өлгөндөрдү чакыргандар.

    Өлгөндөр менен сүйлөшө алам дегендер (Лб 20:27; Мз 18:10—12; Пд2к 21:6).

  • Өмүр дарагы.

    Эйден багында өскөн дарак. Ыйык Китепте ал дарактын мөмөлөрү өмүр бере турган касиетке ээ болгону айтылбайт. Ал Кудайдын кепилдигин билдирген дарак болгон. Башкача айтканда, Кудай кимге анын мөмөсүнөн жегенге уруксат берсе, ал түбөлүк жашамак (Бш 2:9; 3:22).

П

  • Падыша таягы.

    Башкаруучунун падышалык бийлигин билдирген таяк (Бш 49:10; Ев 1:8).

  • Пайгамбар.

    Кудай ой-ниетин ачып берген киши. Пайгамбарлар Кудайдын өкүлдөрү болушкан. Алар алдыда эмнелер болорун эле эмес, Жахабанын насааттарын, буйруктарын жана сот өкүмдөрүн да жарыялашкан (Ас 3:7; Пт2к 1:21).

  • Пайгамбарлык сөз; пайгамбарлык.

    Кудай өзүнүн эркин билдириш үчүн же жарыялаш үчүн ыйык руху менен ачып берген кабар. Кудайдын насааттарын, анын эркинин же өкүмүнүн жарыяланышын, келечекте боло турган окуялардын алдын ала айтылышын да пайгамбарлык сөз десе болот (Жз 37:9, 10; Дн 9:24; Мт 13:14; Пт2к 1:20, 21).

  • Папирус.

    Сууда өскөн камыш сымал өсүмдүк. Андан себеттерди, идиштерди жана кайыктарды жасашкан. Папирустан кагазга окшогон жазуу материалдарын, түрмөктөрдү да жасашкан (Чг 2:3).

  • Пелишти; пелиштиликтер.

    Ысрайылдын түштүк жагындагы жер жана эл. Криттен жер которуп келип, ошол жакта жашап калгандар пелиштиликтер деп аталып калган. Дөөтү аларга сокку уруп келген. Ошентсе да алар көз карандысыздыгын сактап, Ысрайылдын айыгышкан душмандары болгон (Чг 13:17; Шм1к 17:4; Ас 9:7). Б4 тиркемесин кара.

  • Периштелер.

    Еврей тилиндеги малах жана грек тилиндеги аггелос деген сөздөр түзмө-түз «кабарчы» дегенди билдирет. Бирок рух болгон кабарчыларга карата колдонулганда «периште» деп которулат (Бш 16:7; 32:3; Жкп 2:25; Аян 22:8). Периштелер зор күчкө ээ. Кудай аларды адам баласын жаратканга чейин эле жараткан. Ыйык Китепте алар «түмөндөгөн ыйык периштелер», «Кудайдын уулдары», «таңкы жылдыздар» деп да берилген (Мз 33:2; Ап 1:6, шилтеме; 38:7). Кудай алардын ар бирин өз-өзүнчө жараткан. Периштелер балалуу боло алышпайт. Алардын саны «жүз миллиондон» ашат (Дн 7:10). Ыйык Китептен алардын аттары бар экенин, кулк-мүнөзү жагынан бири-биринен айырмаланарын билебиз. Ошентсе да кимдир бирөөлөрдүн жеке аларга сыйынышын каалашпайт, ошон үчүн көбү атын айтуудан баш тартат (Бш 32:29; Лк 1:26; Аян 22:8, 9). Алардын ээлеген абалы, аткарган иши бири-бириникинен айырмаланат. Мисалы, Жахабанын тактысынын алдында кызмат кылышат, анын кабарын жеткиришет, Жахабанын жердеги кызматчыларына жардамга келишет, Кудайдын өкүмдөрүн ишке ашырышат, жакшы кабар таратуу ишин колдошот (Пд2к 19:35; Зб 34:7; Лк 1:30, 31; Аян 5:11; 14:6). Жакында Армагедон согушунда Исага колдоо көрсөтүшөт (Аян 19:14, 15).

  • Персия; перстер.

    Көбүнчө мадайлыктар менен чогуу айтылган эл же жер. Эл болуп жаңы түптөлгөн кезде перстер Иран тоолуу аймагынын түштүк-батыш жагында гана жашашкан. Кореш (Кир) Улуунун (айрым байыркы тарыхчылардын айтымында, атасы перс, энеси мадай болгон) тушунда перстер мадайлыктарга үстөмдүк кылышса да, кош империя бойдон кала берген. Кореш Бабыл империясын б. з. ч. 539-жылы басып алып, туткунда жүргөн жүйүттөргө өз мекенине кайтып барганга уруксат берген. Персия империясы чыгыштагы Инд дарыясынан батыштагы Эгей деңизине чейинки жерлерге ээлик кылган. Искендер Зулкарнайн б. з. ч. 331-жылы перстерди басып алганга чейин жүйүттөр Персия империясынын карамагында болушкан. Персия империясы жөнүндө Даниелдин пайгамбарлыгында, Эзра, Некемия жана Эстер китептеринде айтылат (Эз 1:1; Дн 5:28; 8:20). Б9 тиркемесин кара.

  • Пес оорусу; пес оорулуу.

    Олуттуу тери дарты. Ыйык Китепте айтылган пес оорусу бүгүнкү күндөгү пес оорусунан да көптү билдирген. Себеби байыркы убакта пес оорусу кишилерди эле эмес, кийим-кечекти, үйлөрдү да жабыркатчу. Бул ооруга чалдыккан кишини пес оорулуу деп коюшат (Лб 14:54, 55; Лк 5:12).

  • Пим.

    Салмак бирдиги жана пелиштиликтер темир шаймандарды курчутуп бергени үчүн ысрайыл элинен алган акча. Археологдор Израиль жеринен бир нече тараза ташын табышкан. Ал таштардын бетинде «пим» деген сөздө кездешкен байыркы еврей арибинин үнсүз тамгалары жазылган. Андай таштардын орточо салмагы 7,8 граммга барабар. Болжол менен шекелдин үчтөн эки бөлүгүн түзөт (Шм1к 13:20, 21).

  • Порнейа.

  • Пурим.

    Жыл сайын 14, 15-адарда белгиленчү майрам. Ал майрамда жүйүттөр Эстер канышанын тушунда тукум курут болуп кетпей аман калганын эскеришчү. Пурим еврей тилиндеги сөз эмес. Ал «өкчөмө таш» дегенди билдирет. «Пурим майрамы» же «Өкчөмө таш майрамы» деген аталыштар Аман жүйүттөргө чыгарылган өкүм ишке ашырыла турган күндү белгилеш үчүн пур (өкчөмө таш) ыргыткандан калган (Эст 3:7; 9:26).

Р

  • Рахап.

    Аюп, Забур, Ышая китептеринде айтылган каймана мааниге ээ сөз. (Жашыя китебиндеги аял менен чаташтырбаш керек.) Аюп китебиндеги Рахап, контексттен көрүнүп тургандай, деңиз алп жаныбарын билдирет. Башка аяттарда бул деңиз алп жаныбары Мисирди билдирет (Ап 9:13; Зб 87:4; Ыш 30:7; 51:9, 10).

  • Рух.

    Көбүнчө «рух» деп которулган еврей тилиндеги руах, грек тилиндеги пневма деген сөздөрдүн көп мааниси бар. Алардын баары көзгө көрүнбөгөн нерселерге, кандайдыр бир күчтүн иш-аракетине тиешелүү. Руах, пневма деген сөздөр буларды билдириши мүмкүн: 1) шамал, 2) жерде жашаган жандыктардын өмүр деми, 3) кишинин каймана жүрөгүнөн чыгып, кандайдыр бир сөздөрдү айтканга же кандайдыр бир иш-аракет кылганга түрткү берген күч, 4) көзгө көрүнбөгөн бирөөнүн шыктандырылган сөздөрү, 5) рухтар, 6) Кудайдын иш-аракет кылган күчү же ыйык руху (Чг 35:21; Зб 104:29; Мт 12:43; Лк 11:13).

С

  • Садукейлер.

    Иудаизмдин элге таанымал диний сектасынын мүчөлөрү. Ал секта ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бай кишилерден жана ибадатканада чоң бийлиги бар дин кызматчылардан турган. Алар фарисейлердин ооздон оозго айтылып келаткан каада-салттарын, ишенген нерселерин четке кагышчу. Ошондой эле өлгөндөрдүн тирилерине, периштелердин бар экенине ишенишчү эмес. Исаны душман көрүшкөн (Мт 16:1; Элч 23:8).

  • Салмоор.

    Ичке кайыштан жасалган же малдын тарамышы, камыш, чыйратылган жүн сыяктуу нерселерден токулган ортосу жазыраак келген кур. Ортосуна ыргытыла турган нерсе, көбүнчө таш салынчу. Салмоордун бир учун алаканга же билекке байлап, экинчи учун ошол эле кол менен кармап алышчу. Анан ыкчам айлантып туруп, жанагы экинчи учун коё беришчү. Байыркы мезгилде салмоорчулар аскерге алынчу (Бий 20:16; Шм1к 17:50).

  • Салык.

    Кайсы бир өлкө же башчы башка бир өлкөгө же башчыга төлөгөн алым. Төлөгөн тарап ушундайча тиги тарапка баш иерин, тынчтык сакталышын каалаарын, тиги тараптын калканыч болуп беришин күтөрүн билдирчү (Пд2к 3:4; 18:14—16; Жл2к 17:11). Бул сөз жеке ар бир киши төлөгөн салыкка карата да колдонулат (Нек 5:4; Рм 13:7).

  • Самария.

    200 жылдай убакыт бою Ысрайылдын он уруудан турган түндүк падышалыгынын борбор калаасы болуп келген. Ал падышалыктын бүтүндөй аймагы да ушинтип аталган. Шаар Самария деп аталган тоонун үстүнө курулган. Исанын убагында түндүктөгү Галилея менен түштүктөгү Жүйүт жеринин ортосундагы аймак Самария деп белгилүү болгон. Иса бул аймакта кабар айткан эмес. Бирок кээде Самария аркылуу өтүп баратканда анын тургундары менен сүйлөшүп калчу. Самариялыктарга ыйык рух берилгенде, Петир Падышалыктын экинчи каймана ачкычын колдонгон (Пд1к 16:24; Жн 4:7; Элч 8:14). Б10 тиркемесин кара.

  • Самариялыктар.

    Башында он уруудан турган түндүк падышалыгында жашаган ысрайылдыктар ушинтип аталган. Бирок ашурлуктар б. з. ч. 740-жылы Самарияны басып алып, ал жакка бөтөн жерликтерди көчүрүп барышкан. Кийин ошолор самариялыктар деп аталып калган. Исанын күндөрүндө бул сөз самариялыктардын улутуна же өлкөсүнө эмес, туткан динине көбүрөөк тиешелүү болгон. Анткени байыркы Шекем менен Самариянын аймагында кеңири таралган диний сектанын мүчөлөрүн «самариялыктар» деп коюшчу. Бул сектанын окуулары иудаизмдин окууларынан кескин айырмаланган (Жн 8:48).

  • Сата.

    Кургак заттын ченем бирдиги. Ал суюк заттын өлчөм бирдиги болгон батка дал келет. Ошонун негизинде эсептей турган болсок, бир сата 7,33 литр болот (Пд2к 7:1). Б14 тиркемесин кара.

  • Секта.

    Кандайдыр бир окууга тыгыз карманган же кайсы бир жол башчынын артынан ээрчиген, ишенген нерселерин жактаган адамдардан турган топ. Иудаизм дининде фарисейлерден жана садукейлерден турган көрүнүктүү эки секта болгон. 1-кылымда көптөр Машаяктын жолдоочуларын «секта» же «назареттиктердин сектасы» деп коюшчу. Алар, кыязы, Машаяктын жолдоочуларын иудаизм дининен өзүнчө бөлүнүп чыккандар деп ойлогондуктан ошентип аташкан. Бара-бара Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышында да секталар пайда болгон. Мисалы, Аян китебинде «Николастын сектасындагылар» тууралуу айтылат (Аян 2:6; Элч 5:17; 15:5; 24:5; 28:22; Пт2к 2:1).

  • Села.

    Музыкага же көркөм окууга тиешелүү техникалык термин. Забур жана Хабакук китептеринде кездешет. Бул ыр ырдалып жаткандагы же музыка ойноп жаткандагы тынымды, же болбосо эки тынымды тең билдириши мүмкүн. Мындай тынымдар угармандарга ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн же айтылган сөздөр күчтүү таасир этиши үчүн жасалчу. Бул сөз грек «Септуагинтасында» диапсалма деп берилген. «Музыкалык тыныгуу» дегенди билдирет (Зб 3:4; Хб 3:3).

  • Сераптар.

    Жахабанын асмандагы тактысынын айланасындагы периштелер. Еврей тилиндеги серафим деген сөз түзмө-түз «күйүп тургандар» дегенди билдирет (Ыш 6:2, 6).

  • Сибан.

    Бабыл туткунунан кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 3-ай, кадимки календары боюнча 9-ай. Майдын 2-жарымы менен июндун 1-жарымына дал келет (Эст 8:9). Б15 тиркемесин кара.

  • Синедрион.

    Жүйүттөрдүн Иерусалимдеги Жогорку соту. Исанын күндөрүндө ал Сот 71 мүчөдөн турган. Аларга учурдагы жана мурунку башкы дин кызматчылар, дин кызматчылардын тукумунан болгондор, аксакалдар, тукум башчылары, уруу башчылары, диний мыйзамдарды окуткандар кирген (Мр 15:1; Элч 5:34; 23:1, 6).

  • Сион; Сион тоосу.

    Жебустуктардын Жебус деген чептүү шаарынын аталышы. Ал Иерусалимдин түштүк-чыгышындагы адырда жайгашкан. Дөөтү аны басып алгандан кийин ал жерге өзүнүн падыша сарайын курган. Кийинчерээк «Дөөтүнүн шаары» деп аталып калган (Шм2к 5:7, 9). Дөөтү келишим сандыгын ошол жерге көчүрүп баргандан тартып Сион Жахабанын ыйык тоосу болуп калган. Кийинчерээк Мориа тоосундагы ибадаткананын аймагы жана бүтүндөй Иерусалим шаары Сион деп аталып калган. Грек Жазмаларында бул сөз каймана мааниде көп колдонулат (Зб 2:6; Пт1к 2:6; Аян 14:1).

  • Сирия; сириялык.

  • Сирт.

    Ливиянын жээгиндеги эки чоң булуң (Түндүк Африка). Байыркы учурда деңиз саякатчылары кеме кумга сайылып калат деп ушул булуңдардан коркушчу. Анткени суу жээктен тартылып, кайра жээкти жаба каптап тургандыктан, суунун түбүндөгү кум ары-бери көчүп турган (Элч 27:17). Б13 тиркемесин кара.

  • Согуш арабасы.

    Атка чегилген эки дөңгөлөктүү араба. Көбүнчө согушта колдонушчу (Чг 14:23; Бий 4:13; Элч 8:28).

  • Сойку.

    Өмүрлүк жары болбогон бирөө менен акча үчүн жаткандар. (Грек тилиндеги «сойку» — порне — деген сөз «сатуу» дегенди билдирген уңгудан алынган.) Бул сөз көбүнчө аялдарга карата айтылса да, Ыйык Китепте сойкулук кылган эркектердин болгону да айтылат. Мусанын Мыйзамында сойкулукка тыюу салынган. Сойкулук үчүн төлөнгөн акча Жахабанын ыйык жайына тартуу катары кабыл алынбашы керек болгон. Ал эми жалган кудайларга сыйынган элдердин ибадатканаларында сойкулук кирешенин булагы болгон (Мз 23:17, 18; Пд1к 14:24). Ыйык Китепте бул сөз каймана мааниде да колдонулат. Кудайга сыйынабыз деп коюп буркандарга табынган элдерди, улуттарды же уюмдарды каймана сойкулар десе болот. Мисалы, Аян китебинде «Улуу Бабыл» деп аталган диний уюм сойку катары сүрөттөлөт. Себеби ал бийлик, байлык үчүн бул дүйнөнүн төбөлдөрү менен тыгыз карым-катнашта (Аян 17:1—5; 18:3; Жл1к 5:25).

  • Сот күнү.

    Топтор, улуттар же жалпы адамзат Кудайдын алдында жооп бере турган белгилүү бир күн же убакыт аралыгы. Өлүмгө татыктуу деп табылгандар үчүн ал учур — өкүм ишке аша турган күн. Ал эми башкалар үчүн куткарылып, түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк бериле турган күн болушу мүмкүн. Иса менен элчилери тирүүлөргө эле эмес, өлгөндөргө да таасир эте турган, келечекте боло турган «Сот күнү» жөнүндө айтышкан (Мт 12:36).

  • Сот тактысы.

    Тепкич менен чыга турган үстү ачык секи. Ал жерге отурган бийлик өкүлдөрү элге кайрылып, чечимдерин жарыялашчу. «Кудай соттойт» жана «Машаяктын сот тактысы» деген сөздөр Жахабанын адамзатты соттой турган каймана чарасын билдирет (Рм 14:10; Кр2к 5:10; Жн 19:13).

  • Стоиктер (философтор).

    Гректердин философиялык мектебинен билим алгандар. Алар табият менен таттуу мамиледе болуу, акылга жетектелип жашоо бактылуу кылат деп ишенишкен. Чындап акылдуу киши кайгыга да, рахатка да кош көңүл карашы керек деп да ойлошкон (Элч 17:18).

  • Сулаймандын катар түркүктөрү.

    Исанын убагындагы ибадаткананын чыгышында жайгашкан сырткы короодогу үстү жабык далис. Айрымдардын ою боюнча, Сулайман курган ибадатканадан калган. Ыйык Китепте ал жерден кыш мезгилинде Исанын өткөнү айтылат. Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайга сыйыныш үчүн ошол жерге чогулушчу (Жн 10:22, 23; Элч 5:12). Б11 тиркемесин кара.

  • Сурнай.

    Металлдан жасалган үйлөмө аспап. Аны белги бериш үчүн тартышчу, музыкалык аспап да болгон. Сандар 10:2ге ылайык, Жахаба өзгөчө учурларда белги бериш үчүн күмүштөн эки сурнай жасоону буйруган. Аларды элди чогултуш керек болгондо, кошуун жолго чыгарда же согуш башталганын кабарлаш үчүн тартышчу. Мындай сурнайлар, малдын мүйүзүнөн жасалган ийри аспаптардан айырмаланып, түз болгон көрүнөт. Ибадатканада колдонулган музыкалык аспаптардын арасында түзүлүшү кандай болгону так белгисиз сурнайлар да болгон. Сурнайдын тартылышы көп учурда Жахабанын сот өкүмдөрүнүн жарыяланышы менен же анын эркинин аткарылышына тиешелүү болгон маанилүү окуялар менен байланышта (Жл2к 29:26; Эз 3:10; Кр1к 15:52; Аян 8:7—11:15).

  • Суюк тартуу.

    Тартуу катары курмандык жайына куюлчу шарап. Көптөгөн башка курмандыктар менен кошо алып келинчү. Пабыл ишенимдештерине кызмат кылганга даяр экенин билдириш үчүн да бул сөз айкашын каймана мааниде өзүнө карата колдонгон (Сн 15:5, 7; Фп 2:17).

  • Сүннөткө отургузуу.

    Эркектердин жыныс мүчөсүнүн уч терисин чырпып коюу. Ыбрайым жана анын урпактары үчүн талап болчу. Ал эми Машаяктын жолдоочуларынан талап кылынбайт. Кээ бир контекстте каймана мааниде колдонулат (Бш 17:10; Кр1к 7:19; Фп 3:3).

  • Сүргүн.

    Жерди басып алгандардын буйругу менен кимдир бирөөлөрдүн өз жеринен, үйүнөн башка жакка айдалышы. Еврей тилиндеги сөз «кетүү» дегенди билдирет. Ысрайыл эли эки жолу сүргүнгө айдалган. Он уруудан турган түндүк падышалыгын ашурлуктар сүргүнгө айдашса, кийинчерээк эки уруудан турган түштүк падышалыгын бабылдыктар туткундап кетишкен. Ошол эки мезгилде сүргүнгө айдалгандардын калдыгы перстердин падышасы Корештин тушунда өз мекенине кайтып келген (Пд2к 17:6; 24:16; Эз 6:21).

  • Сыйкырчылык.

    Каардуу рухтардан келген күчтү колдонуу (Жл2к 33:6).

  • Сыйынуу жайы (синагога).

    «Чогулуу; жыйын» дегенди билдирет. Бирок көптөгөн аяттарда жүйүттөр Ыйык Китепти окуш үчүн, насаат сөздөрүн угуш үчүн, Кудайдын кабарын жарыялаш үчүн, тиленүү үчүн чогулган жерге же имаратка карата колдонулат. Исанын күндөрүндө сыйынуу жайлары чоңураак шаарлардын баарында болгон. Ал эми чоң шаарларда бир нече сыйынуу жайы боло турган (Лк 4:16; Элч 13:14, 15).

Т

  • Таажы.

    Мамынын үстүнө коюлган жасалга. Абдан чоң таажылар Сулайман курган ибадаткананын кире беришинде турган Жахин жана Бууз деп аталган кош мамынын үстүнө коюлган (Пд1к 7:16). Б8 тиркемесин кара.

  • Таар.

    Териге жагымсыз, денени сайгылаган кездеме. Андан дан салганга мүшөктөрдү, баштыктарды тигишчү. Көбүнчө күрөң же кара эчкинин ийрилген жүнүнөн токушчу. Адатта күйүт тартканда жамынышчу же кийишчү (Бш 37:34; Лк 10:13).

  • Таза эмес; ыпылас; арам.

    Тулку-бойдун кир болуп калганына же адеп-ахлактык мыйзамдардын бузулушуна карата айтылат. Бирок Ыйык Китепте бул сөздөр көбүнчө Мусанын Мыйзамы боюнча таза эмес, жараксыз нерселерге карата колдонулат (Лб 5:2; 13:45; Мт 10:1; Элч 10:14; Эф 5:5). Кара: ТАЗАЛЫК.

  • Тазалык.

    Ыйык Китепке ылайык, бул кадимки тазалыкты эле эмес, адеп-ахлактык же рухий жактан кир, ыпылас кыла турган нерселерден арылып, кынтыксыз, кемчиликсиз болууну да билдирет. Муса аркылуу берилген Мыйзамда бул сөз Кудайга сыйынуудагы тазалыкка карата колдонулат (Лб 10:10; Зб 51:7; Мт 8:2; Кр1к 6:11).

  • Талант.

    Еврейлердин эң чоң салмак жана акча бирдиги. Салмагы 34,2 кг болгон. Гректердин таланты бир аз кичирээк келип, салмагы 20,4 килограммды түзгөн (Жл1к 22:14; Мт 18:24). Б14 тиркемесин кара.

  • Таммуз.

    1) Кудайдан баш тарып кеткен Иерусалимдеги еврей аялдар жоктоп ыйлаган кудайдын аты. Айрымдардын айтымында, Таммуз деген падыша болгон. Көз жумгандан кийин эл аны ыйык тутуп, кудай кылып алган. Шумерлердин жазуусунда Таммуз Думузи деп аталган. Ал жазууларга ылайык, Думузи тукумдуулуктун кудайы Инаннанын (бабылдыктардын Иштар деген аял кудайы) күйөөсү же ойношу болгон (Жз 8:14). 2) Бабылдыктар туткундан кайтып келгенден кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча (ай календарындагы) 4-ай, кадимки календары боюнча 10-ай ушинтип аталган. Ал июндун 2-жарымы менен июлдун 1-жарымына дал келет. Б15 тиркемесин кара.

  • Таңкы жылдыз.

    Күндүн башы кылтыйганга чейин батыш тараптан чыккан жылдыз. Жаңы күндүн башталганынан кабар берет (Аян 22:16; Пт2к 1:19).

  • Тартар.

    Грек Жазмаларында бул сөз түрмөгө түшкөндөгүдөй басынтылган абалды билдирет. Ал жакка Нухтун күндөрүндө Кудайдан баш тарткан периштелер камалган. Петирдин 2-каты 2:4төгү тартароо («тартарга таштоо») деген этиш «күнөө кылган периштелердин» жалган кудайларга сыйынган элдер ишенген мифологиялык тартарга (төмөнүрөөк абалды ээлеген кудайлар камалган жер астындагы абакка же караңгы жерге) ташталганын билдирбейт. Тартароо деген сөз Кудай аларды асмандагы сыймыктуу ишинен ажыратып, басынтканын билдирет. Алардын акыл-ою терең, коюу караңгылыкка матырылган жана Кудайдын ой-ниети, жарыгы аларга жетпейт. Келечеги да караңгы туңгуюк. Ыйык Китепте айтылгандай, алар башкаруучусу Шайтан Ибилис менен бирге түбөлүккө жок болушат. Андыктан тартар Кудайга каршы чыккан ошол периштелердин тебеленип-тепселип, басынтылган абалын билдирет. Бул Аян 20:1—3-аяттардагы «түпсүз туңгуюк» эмес.

  • Тартип сакчылары; шаар башчылары.

    Бабыл бийлеп турган кезде тартип сакчылары (шаар башчылары) дубандардагы жарандык кызматкерлер болушкан. Алар мыйзамды жакшы билишкен жана сот жүргүзгөнгө бир аз бийлиги болгон. Римдин колонияларында тартип сакчылары өкмөткө кызмат кылган бийлик өкүлдөрү болгон. Алардын милдетине тартип сактоо, казынаны көзөмөлдөө, мыйзамды бузгандарды соттоо жана чыгарылган өкүмдү ишке ашыруу кирген (Дн 3:2; Элч 16:20).

  • Таршыш кемелери.

    Башында бул сөз байыркы Таршышка (азыркы Испанияга) каттаган кемелерге карата колдонулган. Бара-бара узак сапарга чыкканга жарактуу чоң кемелер ушинтип аталып калган. Сулайман менен Жошапат ушундай кемелерди соода-сатык максатында колдонушкан (Пд1к 9:26; 10:22; 22:48).

  • Тебейт.

    Бабыл туткунунан кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 10-ай, кадимки календары боюнча 4-ай. Декабрдын 2-жарымы менен январдын 1-жарымына дал келет. Бул айды көбүнчө жөн эле «онунчу ай» деп коюшчу (Эст 2:16). Б15 тиркемесин кара.

  • Тегирмен ташы; жаргылчак ташы.

    Бири-биринин үстүнө коюлган тегерек эки таш. Астынкы таштын борборуна таякча орнотулчу. Үстүңкү таш ошол таяктын тегерегинде айланчу. Байыркы убакта көптөрдүн үйүндө кол менен айланткан жаргылчак боло турган. Аялдар ошондой жаргылчакка ун тартышчу. Үй-бүлөнүн күн сайын нан жээр-жебеси жаргылчактан көз каранды болгондуктан, Мусанын Мыйзамында бирөөнүн жаргылчагын же анын үстүнкү ташын күрөөгө алууга тыюу салынган. Түзүлүшү ушундай эле болгон чоң тегирмендерди жаныбарлар айландырчу (Мз 24:6; Мр 9:42).

  • Терафим, буркан.

    Үй-бүлөлүк кудайлар, буркандар. Аларга акыл сурап кайрылышчу (Жз 21:21). Айрымдарынын көлөмү, көрүнүшү кишиникине окшош болгон. Башкалары кыйла кичине болгон (Бш 31:34; Шм1к 19:13, 16). Месопотамиядагы археологиялык табылгалардан айкын болгондой, үй-бүлөнүн терафими кимде болсо, мурас ошого таандык болгон. (Рахил атасынын терафимдерин ошон үчүн алып алса керек.) Ысрайылдыктардын терафим колдонгону күмөн. Бирок бийлердин, падышалардын убагында эл жалган кудайларга сыйынууда терафимдерди колдонгон. Кудайга бүт жүрөгү менен кызмат кылган Жошия падыша терафимдерди жана башка буркандарды жок кылган (Бий 17:5; Пд2к 23:24; Ош 3:4).

  • Тирилүү.

    Өлгөн кишинин кайра турушу. Грек тилиндеги анастасис деген сөз түзмө-түз «көтөрүлүү; туруу» дегенди билдирет. Ыйык Китепте 9 кишинин тирилгени айтылат. Алардын бири — Иса. Аны Жахаба өзү тирилткен. Башкаларын Илияс, Элиша, Иса, Петир, Пабылдар тирилтсе да, ал кереметтер Кудайдын күчү менен болгону айкын. Кудай «адил адамдарды да, адил эмес адамдарды да тирилтет». Бул — анын ой-ниетинин маанилүү бөлүгү (Элч 24:15). Ыйык Китепте асманда жашай тургандардын тирилери жөнүндө да айтылат. Ал «биринчи тирилүү» деп аталат. Бул Исанын майланган бир туугандарына тиешелүү (Фп 3:11; Аян 20:5, 6; Жн 5:28, 29; 11:25).

  • Тишри.

  • Токол.

    Эркектин биринчи аялынын үстүнө алган аялы. Көбүнчө күң кыздардын бирин алышчу (Чг 21:8; Шм2к 5:13; Пд1к 11:3).

  • Топон.

    Данды бастырып, сапырып жатканда бөлүнүп калган кабык. Бул сөз эч нерсеге татыбаган, кереги жок нерсени сүрөттөш үчүн да колдонулчу (Зб 1:4; Мт 3:12).

  • Төш жапкыч.

    Асыл таштар менен кооздолгон төрт чарчы келген чөнтөк сымал жапкыч. Ысрайылдагы башкы дин кызматчы Ыйык жайга киргенде кийчү. Ал «Кудайдын чечимдерин билиш үчүн колдонулган төш жапкыч» деп да аталчу. Себеби ага Кудайдын чечимдерин билиш үчүн колдонулган урим менен тумим салынчу (Чг 28:15—30). Б5 тиркемесин кара.

  • Тун.

    Атанын (эненин эмес) эң биринчи уулу. Байыркы убакта үй-бүлөлөрдө тун уулга чоң урмат-сый көрсөтүлчү. Атасынын көзү өтүп кеткенден кийин ал үй-бүлөнүн башчысы болуп калчу. Бул сөз малдын биринчи эркек төлүнө карата да колдонулчу (Чг 11:5; 13:12; Бш 25:33; Кл 1:15).

  • Туруктуу сүйүү.

    Еврей тилиндеги хесед деген сөз көп учурда ушинтип которулат. Ал жоопкерчилик, кынтыксыздык, берилгендик жана бекем ынактык менен коштолгон сүйүү деген ойду камтыйт. Көбүнчө Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсүнө карата айтылса да, адамдардын ортосундагы сүйүүнү да билдирет (Чг 34:6; Рут 3:10).

  • Туугандык милдетти аткарып үйлөнүү.

    Бул салт кийин Муса пайгамбарга берилген Мыйзамга кирген. Ага ылайык, киши уулу жок өтүп кеткен бир тууганынын аялын алчу. Ал аялдан төрөлгөн балдар маркумдун тукумун улашчу (Бш 38:8; Мз 25:5).

  • Түпсүз туңгуюк.

    Грекче абиссос деген сөздөн алганда «укмуштуудай терең» же «түбү жок, чеги жок» дегенди билдирет. Грек Жазмаларында камалган жерге же абалга карата колдонулган. Көрдү да билдириши мүмкүн, бирок ошону менен эле чектелбейт (Лк 8:31; Рм 10:7; Аян 20:3).

  • Түркүк; мамы.

    Түптүз келген тирөөч же ошол сыяктуу мамы. Кээде кандайдыр бир тарыхый окуяларды эстеп жүрүш үчүн түркүк орнотушчу. Сулайман ибадаткананы жана башка имараттарды куруп жатканда түркүктөрдү орноткон. Жахабаны билбеген элдер ыйык мамыларга сыйынышчу. Ысрайылдыктардын аларды туураган учурлары болгон (Бий 16:29; Пд1к 7:21; 14:23). Кара: ТААЖЫ.

  • Түрмөк.

    Пергаменттен же папирустан жасалган, бир бетинде жазуусу бар узун «кагаз». Көбүнчө ичке таякчага түрүп коюшчу. Ыйык Китеп жазылып жаткан мезгилде түрмөк китептин кеңири таралган түрү болгон. Андыктан Ыйык Китептин китептери түрмөктөргө жазылып, түрмөктөн түрмөккө көчүрүлүп турган (Жр 36:4, 18, 23; Лк 4:17—20; Тм2к 4:13).

  • Түшүм жыйноо майрамы; жумалар майрамы.

  • Тынчтык курмандыгы.

    Жахаба менен тынчтыкта болуш үчүн чалынган курмандык. Аны курмандык чалган киши, анын үй-бүлөсү, курмандыкты чалган дин кызматчы, ыйык чатырда кызмат кылган башка дин кызматчылар чогуу жешчү. Ал эми өрттөлгөн май Жахабанын үлүшү болчу. Өмүрдү билдирген кан да Жахабага багышталчу. Андайда дин кызматчылар жана курмандык чалгандар Жахаба менен чогуу тамактангандай эле болушчу. Бул алардын ортосунда тынчтык бар экенин билдирчү (Лб 7:29, 32; Мз 27:7).

У

  • Улуу алаамат.

    Грек тилиндеги «алаамат» деген сөз кысталыш жагдайга кептелгендиктен азап чегүү, кыйналуу деген ойду камтыйт. Иса Иерусалимдин тургундары туш боло турган алаамат жөнүндө сөз кылган. Ошондо ал келечекте өзү «даңк менен келгенде» адамзаттын башына түшө турган, ага чейин эч качан болуп көрбөгөн «улуу алаамат» тууралуу айткан (Мт 24:21, 29—31). Пабыл «Кудай адил болгондуктан» ошондой алаамат түшүрөрүн айткан. Ошол күн келгенде Кудай аны «тааныбагандар менен» Иса Машаяк «жөнүндөгү жакшы кабарды кабыл албагандардан өч алат». Аян китебинин 19-бөлүмүндө жазылгандай, жырткычка жана «жер жүзүнүн падышалары менен алардын аскерлерине» каршы аттанган асман аскерлерин Иса өзү жетектейт (Тс2к 1:6—8; Аян 19:11—21). «Эбегейсиз көп адамдар» болсо ошол алааматтан аман өтүшөт (Аян 7:9, 14). Кара: АРМАГЕДОН.

  • Урим менен тумим.

    Бүтүндөй элге тиешелүү маселе чечилип жатканда Жахабанын эркин билиш үчүн башкы дин кызматчы колдонгон өкчөмө таш сыяктуу буюм. Башкы дин кызматчы ыйык чатырга киргенде аларды төш жапкычына салып алчу. Урим менен тумим бабылдыктар Иерусалимди талкалагандан кийин колдонулбай калса керек (Чг 28:30; Нек 7:65).

  • Устун.

    Жерге орнотулган түз мамы. Ага айрым жерлерде жазага тартылган кишини кадашчу жана/же өлүмгө кыйылган кишинин сөөгүн башкаларга эскертүү болсун деп же аны мазакташ үчүн кадап коюшчу. Зөөкүрлүгү менен аты алыска кеткен ашурлуктар туткундарды учтуу устунга отургузуп өлтүрүшчү. Тагыраак айтканда, кишини учу учтуу келген устунга отургузганда, устун анын ичеги-кардын жарып, төш көңдөйүнө чейин жетчү. Жүйүттөрдүн мыйзамына ылайык, Кудайга акарат айтуу же бурканга сыйынуу сыяктуу олуттуу күнөө кылгандар өлүм жазасына тартылчу. Андайларды адегенде таш бараңга алып же башка жол менен өлтүрүшчү. Анан сөөгүн устунга же бакка кадап коюшчу. Бул башкалар үчүн сестентерлик эскертүү болгон (Мз 21:22, 23; Шм2к 21:6, 9). Римдиктер кээде жазага тартылгандарды жөн эле устунга байлап коюшчу. Алар бир нече күн катуу кыйналып, суусап, ачка болуп же күнгө куйкаланып өлүп калышчу. Башка учурларда кишини устунга кадаш үчүн колу-бутуна мык кагышчу. Исаны ошентип өлтүрүшкөн (Лк 24:20; Жн 19:14—16; 20:25; Элч 2:23, 36). Кара: ЖАЗА УСТУНУ.

  • Учтуу таяк.

    Малчылар колдонгон узун, учуна учтуу темир бекитилген таяк. Ал даанышман кеңешке кулак какканга түрткү берген акылман кишинин сөзүнө салыштырылган. «Учтуу таяк кармап турганга каршы чыгуу» деген сөз таяктын учу менен сайса да, өжөрлөнүп баспаган өгүздү эске салат. Андай өгүз өжөрлүгүнүн айынан жаракат алчу. Жогорудагы сөз ушундан келип чыккан (Элч 26:14; Бий 3:31).

  • Уятсыз жүрүм-турум.

    Грек тилиндеги аселгейа деген сөздөн алынган. Кудайдын мыйзамдарын одоно бузгандыкка жаткан иштерге жана менменсинүүчүлүк, бети жоктук менен коштолгон маанайга карата айтылат. Андай маанайдагы киши бийликти, мыйзамдарды жана нормаларды урматтабайт, атүгүл жек көрөт. Бул сөз айкашы майда-чүйдө мүчүлүштүктөргө карата айтылбайт (Гл 5:19; Пт2к 2:7).

Ф

  • Фараон.

    Мисирдин падышаларына берилген наам. Ыйык Китепке 5 фараондун аты жазылган (Шишак, Со, Тергак, Нехо жана Хопра). Ал эми башкаларынын, анын ичинде Ыбрайымдын, Мусанын, Жусуптун тушунда бийлик кылгандарынын аты белгисиз (Чг 15:4; Рм 9:17).

  • Фарисейлер.

    Б. з. 1-кылымындагы иудаизм дининин көрүнүктүү сектасы. Фарисейлер дин кызматчылардын тукумунан болгон эмес. Ошентсе да майда-чүйдө нерселерде да Мыйзамга бекем карманышкан жана ооздон-оозго өтүп келаткан каада-салттарды Мыйзамга теңеп коюшкан (Мт 23:23). Алар грек маданиятына караманча каршы болушкан. Мыйзам менен каада-салттардын билермандары болгондуктан элдин үстүнөн чоң бийлиги болгон (Мт 23:2—6). Айрымдары Жогорку соттун (Синедриондун) мүчөсү болушкан. Фарисейлер дем алыш күнү эч кандай иш кылганга болбойт, каада-салттарга карманбайсың, күнөөкөрлөр, салык жыйноочулар менен доссуң деп Исага каршы чыга беришчү (Мт 9:11; 12:14; Мр 7:5; Лк 6:2; Элч 26:5).

Х

  • Хомер.

    Кургак заттарды өлчөгөн ченем. Кор менен бирдей. Баттын болжолдуу өлчөмү менен эсептелчү. 220 литрге барабар (Лб 27:16). Б14 тиркемесин кара.

  • Хореп; Хореп тоосу.

    Синай тоосунун тегерегиндеги тоолуу аймак. Синай тоосунун башкача аталышы (Чг 3:1; Мз 5:2). Б3 тиркемесин кара.

Ц

  • Цезарь (падыша).

    Рим императорлорунун наамына айланган ысым. Ыйык Китепте Август, Тиберий, Клавдийлер атынан аталган. Ал эми Нерон деген ат Ыйык Китепте кездешпесе да, бул наам ага да тиешелүү. Грек Жазмаларында «цезарь» деген сөз өкмөттүн бийлигине карата да колдонулган (Мр 12:17; Элч 25:12).

Ч

  • Чайпалта турган курмандык.

    Курмандыктын бир түрү. Кыязы, дин кызматчы колун курмандыкка чалынган малдын этин кармап турган кишинин колунун астына коюп, курмандыкты алдыга жана артка чайпалтчу. Же дин кызматчы курмандыкты өзүнүн колуна алып, аны алдыга-артка чайпачу. Мындай иш-аракет курмандыктар Жахабага берилип жатканын билдирген (Лб 7:30).

  • Чалма.

    Баш кийим. Башкы дин кызматчы жогорку сапаттагы зыгыр кездемесинен жасалган чалма кийчү. Чалманын маңдай жагына көк жиптен жасалган боо менен алтын тасма байланып турчу. Падыша чалманын үстүнө таажы кийчү. Аюп бул сөздү каймана мааниде колдонуп, өзүнүн адилеттүүлүгүн чалмага салыштырган (Чг 28:36, 37; Ап 29:14; Жз 21:26).

  • Чанач.

    Эчкинин же койдун туюк союлган терисинен жасалган идиш. Шарапты көбүнчө жаңы чаначка куюшкан. Себеби ал ачыганда бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы чаначты тепчү. Андайда жаңы чанач чоюлуп-керилсе, кагырап катып калган эски чанач айрылып кетчү (Жш 9:4; Мт 9:17).

  • Чегирткелер.

    Түз канаттуулар түркүмүнө кирет. Бир жерден экинчи жерге үйүр-үйүр болуп көчөт. Муса жазган Мыйзамга ылайык, алар таза деп эсептелген, андыктан аларды жешчү. Чегирткенин чоң үйүрү каптаганда, өсүмдүк аттуудан эчтеке калбайт. Муну байыркы убакта Кудайдын жазасы деп эсептешчү (Чг 10:14; Мт 3:4).

  • Ченегич камыш.

    Ченегич камыштын узундугу 6 чыканакка барабар болгон. Кадимки чыканак менен эсептегенде 2,67 метр, ал эми узун чыканак менен эсептегенде 3,11 метр болгон (Жз 40:3, 5, шилтеме; Аян 11:1). Б14 тиркемесин кара.

  • Чөмүлүү.

    Бул этиш «чумкуу» же сууга матырылуу дегенди билдирет. Иса жолдоочуларынын сөзсүз чөмүлүшү керек экенин айткан. Ыйык Китепте ушундай чөмүлүү расмисинен башка да чөмүлүү жөнүндө айтылат, мисалы, Жакандын элди чөмүлткөнү, ыйык рухка, отко чөмүлүү тууралуу да айтылат (Мт 3:11, 16; 28:19; Жн 3:23; Пт1к 3:21).

  • Чыканак.

    Узундук бирдиги. Чыканактан ортондун учуна чейинки аралыкка барабар. Көбүнчө ысрайыл эли болжол менен 44,5 см болгон узундук бирдигин колдончу. Бирок кээде бир чыканакка бир карыш кошулган 51,8 см болгон узундук бирдиги колдонулчу (Бш 6:15; Лк 12:25). Б14 тиркемесин кара.

  • Чыныгы Кудай.

    Еврей тилиндеги «Кудай» деген сөз ушинтип да берилет. Анын ушундай өзгөчө жол менен берилгени Жахабанын жалган кудайлардан айырмаланган чыныгы Кудай экенин көрсөтүп турат. Ушул сыяктуу контексттерде «чыныгы Кудай» деген сөз айкашы түп нускадагы сөздүн маанисин таамай берет (Бш 5:22, 24; 46:3; Мз 4:39).

Ш

  • Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр.

    120—134-забурлардын башындагы сөз. Бул сөздөрдүн маанисине байланыштуу ар ким ар кандай ойдо. Ошентсе да, көптөрдүн пикири боюнча, ысрайылдыктар ушул 15 забурду жыл сайын өткөрүлчү үч майрамга катышыш үчүн Жүйүт жеринин тоолуу аймагында жайгашкан Иерусалимге «чыгып баратканда» шаттана ырдашчу.

  • Шайтан.

    Еврей тилиндеги «душман» дегенди билдирген сөз. Түп нускада белгилүү артикль менен жазылганда Кудайдын башкы душманы Шайтан Ибилисти билдирет (Ап 1:6; Мт 4:10; Аян 12:9).

  • Шайык.

    Негизинен, эдомдуктар менен хорлуктардын, башкача айтканда, Эйсаптын уулдары менен хорлук Сеирдин уулдарынын уруу башчыларына берилген наам. Еврей тилинде бул сөз «башчы», «миң башы» деген маанини туюнтат. Байыркы эдомдуктар менен хорлуктар колдонгон сөз азыркы бедуиндердин (көчмөн арабдар) уруу башчыларына карата колдонулган «шайык» деген наамына шайкеш келет.

  • Шебат.

    Бабыл туткунунан кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 11-ай, кадимки календары боюнча 5-ай ушинтип аталган. Ал январдын 2-жарымы менен февралдын 1-жарымына дал келет (Зак 1:7). Б15 тиркемесин кара.

  • Шекел.

    Еврейлердин салмак жана акча бирдиги. Салмагы 11,4 граммга барабар. «Ыйык жайдын чен-өлчөмү менен өлчөө» деген кайсы бир нерсенин салмагы так болушу керектигин же анын салмагы ыйык чатырда сакталган так үлгүгө дал келиши керектигин баса белгилеп турган. Кадимки шекелдин айырмаланган падыша шекели да болгон көрүнөт. Андай салмак бирдигинин үлгүсү падыша сарайында сакталса керек (Чг 30:13).

  • Шеминит.

    Сөзмө-сөз «сегизинчи» дегенди билдирген музыкалык термин. Бул сөз музыкалык чыгарма төмөнкү регистрде аткарылышы керектигин көрсөтүп турса керек. Музыкалык аспаптарга тиешелүү болгондо, сыягы, ылдыйкы ноталар менен ойноону билдирген. Ал эми ыр аткарууга тиешелүү болгондо төмөнкү регистрде жоон үн менен ырдоону билдирген сыяктанат (Жл1к 15:21; Зб 6:0; 12:0).

  • Шеол.

    Еврей тилиндеги бул сөз грек тилиндеги «адис» деген сөзгө тектеш. Жеке бир кишинин да, жалпы адамзаттын да көрүн, мүрзөсүн, билдирет (Бш 37:35; Зб 16:10; Элч 2:31).

  • Шило.

    Башталыш 49:10до кездешкен пайгамбарлык мааниге ээ ысым. «Кимге таандык болсо, ошол» дегенди билдирет. Шило Жүйүттүн тукумунан чыкмак жана мыйзамдуу түрдө падышалык бийликке ээ болмок. Ага «бүт элдер баш ийиши керек». Шило Иса Машаякты, «Жүйүт уруусунан чыккан Арстанды», билдирет (Аян 5:5).

Ы

  • Ыйык Жазма.

    Кудайдын Сөзүн түзгөн ыйык китептер. Бул сөз Грек Жазмаларында гана кездешет (Лк 24:27; Тм2к 3:16).

  • Ыйык жай.

    1) Ыйык чатырдын же ибадаткананын биринчи жана чоңураак бөлүгү. Төркү бөлүгүнөн, Ыйыктын ыйыгынан, бөлүнүп турчу. Ыйык чатырдын Ыйык жайында алтын чыракпая, алтын жыпарзат түтөткүч, ыйык нандар коюлчу үстөл жана алтын идиштер турчу. Ибадатканада болсо алтын курмандык жайы, алтын 10 чыракпая, ыйык нандар коюлчу 10 үстөл турчу (Чг 26:33; Ев 9:2). Б5 жана Б8 тиркемелерин кара. 2) Сыйынуу үчүн атайын бөлүнгөн ыйык жер. Ыйык чатырды же Иерусалимдеги ибадаткананы ушинтип атап коюшчу. Бул сөз Кудайдын асмандагы турагына карата да колдонулат (Чг 25:8, 9; Пд2к 10:25; Жл1к 28:10; Аян 11:19).

  • Ыйык кызмат.

    Ыйык иш, ыйык жумуш. Кудайга сыйынуу менен түздөн-түз байланышта (Рм 12:1; Аян 7:15).

  • Ыйык мамы.

    Көбүнчө таштан жасалган түз мамы. Кыязы, Баалды же башка жалган кудайларды билдирген жыныс мүчө сымал мамы (Чг 23:24).

  • Ыйык нандар.

    Ыйык чатырдагы жана ибадатканадагы Ыйык жайда турган үстөлгө коюлчу нандар. 12 нанды алты-алтыдан кылып экиге бөлүп, бири-биринин үстүнө тизип коюшчу. «Кудайдын алдында дайыма турушу керек болгон нандар» деп да аталчу. Кудайга тартуу катары коюлган андай нандарды ар бир Дем алыш күн сайын жаңысына алмаштырып турушкан. Ал эми эскилерин дин кызматчылар гана жечү (Жл2к 2:4; Мт 12:4; Чг 25:30; Лб 24:5—9; Ев 9:2). Б5 тиркемесин кара.

  • Ыйык рух.

    Кудайдын көзгө көрүнбөгөн, иш-аракет кылган күчү (ыйык күчү). Кудай аны эркин аткарыш үчүн колдонот. Бул күч ыйык, анткени тазалыгы, адилдиги теңдешсиз Жахабадан келет. Ал аны колдонуп ыйык эркин ишке ашырат (Лк 1:35; Элч 1:8).

  • Ыйык сыр.

    Кудайдын ой-ниетинин бир бөлүгү. Кудай өзү белгилеген убакка чейин жашыруун сакталып, ал өзү тандагандарга гана ачылып берилген купуя маалымат (Мр 4:11; Кл 1:26).

  • Ыйык устун.

    Еврей тилиндеги ашейра деген сөз 1) канаандыктар сыйынган тукумдуулуктун аял кудайы Ашейрага, 2) Ашейранын сөлөкөтүнө карата колдонулат. Устундарды, сыягы, тигинен орнотушчу. Кайсы бир бөлүгү жыгачтан жасалчу. Жылмакай устундар же бактар да болушу мүмкүн (Мз 16:21; Бий 6:26; Пд1к 15:13).

  • Ыйык чатыр.

    Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан кийин Кудайга сыйынууда колдонгон, бир жерден экинчи жерге көчүрүлүп турган чатыр. Анын ичинде Жахабанын ошол жерде экенин билдирген келишим сандыгы турчу. Ыйык чатыр эл Кудайга сыйына турган, ага курмандык чала турган жер болгон. Аны «жолугушуу чатыры» деп да коюшчу. Ал жыгачтан жасалган, зыгыр кездемесинен тигилип, керуптун сүрөттөрү түшүрүлгөн жабуу менен жабылган чатыр болгон. Эки бөлүктөн турган: биринчиси — Ыйык жай, экинчиси — Ыйыктын ыйыгы (Жш 18:1; Чг 25:9). Б5 тиркемесин кара.

  • Ыйык; ыйыктык.

    Жахабанын табиятына таандык сапат. Акактай таза, аруу, ыйык болуу дегенди билдирет (Чг 28:36; Шм1к 2:2; Нкл 9:10; Ыш 6:3). Адамдар (Чг 19:6; Пд2к 4:9), жаныбарлар (Сн 18:17), буюм-тайымдар (Чг 28:38; 30:25; Лб 27:14), жерлер (Чг 3:5; Ыш 27:13), убакыт-мөөнөттөр (Чг 16:23; Лб 25:12) жана иштер (Чг 36:4) тууралуу кеп болгондо еврей тилиндеги сөз бөлүнгөн, бөтөнчөлөнгөн же ыйык Кудайга арналган деген ойду камтыйт. Жахабанын кызматына арналгандыкты да билдирет. Грек Жазмаларында «ыйык» жана «ыйыктык» деп которулган сөздөр да Кудай үчүн бөлүнгөн деген ойду берет. Бул сөздөр жүрүм-турумдун тазалыгын сүрөттөш үчүн да колдонулат (Мр 6:20; Кр2к 7:1; Пт1к 1:15, 16).

  • Ыйыктар.

    Бул сөз Грек Жазмаларында жаңы келишимдин негизинде Кудай менен мамиле түзгөн адамдарга карата колдонулат. Алар «келишимдин канынын», Иса Машаяктын төгүлгөн канынын, негизинде ыйыкталып, тазаланышкан жана Кудайдын алдында өзгөчө кызмат аткарыш үчүн бөлүнгөн. «Ыйыктар» деген сөз Машаяк менен ушундайча биримдикте болуп, аны менен мурасташ болгондордун баарына карата колдонулат. Машаяктын жыйналыштардагы рухий бир туугандарынын баары көбүнчө «ыйыктар» деп аталат.

  • Ыйыктын ыйыгы.

    Ыйык чатырдын жана ибадаткананын төркү бөлүгү. Ал жерде келишим сандыгы турчу. Мусанын Мыйзамына ылайык, Ыйыктын ыйыгына башкы дин кызматчы гана жылына бир жолу Күнөөдөн арылуу күнү кире алган (Чг 26:33; Лб 16:2, 17; Пд1к 6:16; Ев 9:3).

  • Ыраазычылык курмандыгы.

    Кудайга камкордугу, туруктуу сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирүү максатында тартууланган тынчтык курмандыгынын бир түрү. Курмандыкка чалынган малдын этин ачыткы кошулган жана ачыткы кошулбаган нан менен жешчү. Эт ошол күнү желиши керек болгон (Жл2к 29:31).

  • Ырайым; улуу ырайым.

    Грек тилиндеги бул сөз «жагымдуу», «өзүнө тартып туруу» деген ойду камтыйт. Көбүнчө тартууга же марттык менен берилген тартууга карата колдонулат. Кудайдын ырайымы жөнүндө кеп болгондо бул сөз анын берешендигин, эч нерсе күтпөй марттык менен берерин таамай сүрөттөйт. Тагыраак айтканда, бул Кудайдын берешендигинин түбү жок экенин, адамдарды марттык менен сүйөрүн, ырайымы ченемсиз экенин билдирет. Буга эч ким татыктуу боло албайт. Мындай ырайымга бир гана марттык түрткү берет (Кр2к 6:1; Эф 1:7).

  • Ысрайыл.

    Кудайдын Жакыпка берген аты. Бара-бара Жакыптын урпактары ушул ат менен аталып калган. Жакыптын 12 уулунан тарагандарды көбүнчө Ысрайыл уулдары, Ысрайыл үйү, ысрайыл эли (ысрайылдын эркектери) же ысрайылдыктар деп коюшчу. Ошондой эле түштүк падышалыгынан бөлүнүп кеткен 10 уруудан турган түндүк падышалыгы да Ысрайыл деп аталчу. Кийинчерээк Машаяктын майланган жолдоочулары «Кудайдын Ысрайылы» деп аталып калган (Гл 6:16; Бш 32:28; Шм2к 7:23; Рм 9:6).

Э

  • Эбнух.

    Түзмө-түз бычылган эркек. Мындай кишилерди көбүнчө ак сарайда канышага кызмат кылганга же падышанын токолдоруна кам көргөнгө дайындашчу. Бул сөз ушундай мааниде түзмө-түз эбнухка эмес, падышанын сарайында чоң кызматты аткарган кишиге карата да айтылчу. Каймана мааниде бул сөз Падышалык үчүн «эбнух» болууну чечкендерге карата да колдонулган. Андай кишилер Кудайга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн көп нерседен баш тартышат (Мт 19:12; Эст 2:15; Элч 8:27).

  • Эдом.

    Ыскактын уулу Эйсаптын дагы бир аты. Эйсаптын (Эдомдун) урпактары Жансыз деңиз менен Акаба булуңунун ортосунда жайгашкан Сеир тоолуу аймагына ээлик кылышкан. Ал жер Эдом деп аталып калган (Бш 25:30; 36:8). Б3 жана Б4 тиркемелерин кара.

  • Эйтаним.

    Жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 7-ай, кадимки календары боюнча 1-ай. Сентябрдын 2-жырымы менен октябрдын 1-жарымына дал келет. Жүйүттөр Бабылдан кайтып келгенден кийин бул ай тишри деп аталып калган (Пд1к 8:2). Б15 тиркемесин кара.

  • Эйфа.

    Кургак заттарды ченеген өлчөм. Өлчөгүч идиш да ушинтип аталган. Данды өлчөш үчүн колдонулган. Эйфа суюктукту өлчөгөн батка барабар болгон. 1 эйфа 22 литрди түзгөн (Чг 16:36; Жз 45:10). Б14 тиркемесин кара.

  • Элдештирүү.

  • Элдештирүү капкагы.

    Келишим сандыгынын капкагы. Анын алдында башкы дин кызматчы Күнөөдөн арылуу күнү күнөө үчүн курмандыкка чалынган малдардын канын чачыратчу. Бул сөз айкашы «(күнөөнү) жабуу» же балким, «(күнөөнү) жуу» дегенди билдирген этиштен жаралган еврей тилиндеги сөздүн котормосу. Элдештирүү капкагы жана анын эки учуна коюлган эки керуп алтындан жасалган. Ал кээде жөн эле «капкак» деп аталат (Чг 25:17—22; Жл1к 28:11; Ев 9:5). Б5 тиркемесин кара.

  • Элул.

    Бабыл туткунунан келгенден кийин жүйүттөрдүн ыйык календары боюнча 6-ай, кадимки календары боюнча 12-ай. Августтун 2-жарымынан сентябрдын 1-жарымына дал келет (Нек 6:15). Б15 тиркемесин кара.

  • Элүүнчү күн майрамы.

    Жүйүт элинин эркектери Иерусалимге барып майрамдай турган чоң үч майрамдын экинчиси. Еврей Жазмаларында Алгачкы түшүм майрамы же Жумалар майрамы деп аталат. Аны 16-нисандан баштап эсептегенде 50-күнү белгилешчү (Чг 23:16; 34:22; Элч 2:1).

  • Элчи.

    Бул сөздүн негизги мааниси «жиберилген» дегенди билдирет. Элге кызмат кылганга жиберилген Исага жана башкаларга карата колдонулат. Көбүнчө Иса өзү топ катары тандап алган, анын дайындалган өкүлдөрү болгон 12 шакиртине карата айтылат (Мр 3:14; Элч 14:14).

  • Эпикурчулар (философтор).

    Эпикур (б. з. ч. 341—270-ж.) деген грек ойчулунун жолдоочулары. Алардын көз карашы боюнча, рахатка батуу жашоонун эң негизги максаты болгон (Элч 17:18).

  • Эпрайым.

    Жусуптун экинчи уулунун аты. Ысрайылдын 12 уруусунун бири да ушинтип аталган. Ысрайыл экиге бөлүнүп кеткенден кийин, Эпрайым эң таасирдүү уруу болгондуктан, 10 уруудан турган бүтүндөй падышалыкты билдирип калган (Бш 41:52; Жр 7:15).

  • Эркин киши; эркиндикке чыккан киши.

    Рим империясынын тушунда «эркин киши» төрөлгөнүнөн эле эркин болуп, жаран катары бардык укуктарга ээ болгон. Ал эми «эркиндикке чыккан киши» кулчулуктан бошонгон киши болгон. Кулчулуктан расмий түрдө бошотулгандарга Рим жарандыгы берилчү, бирок андайлар бийлик орундарын ээлей алышчу эмес. Кулчулуктан расмий эмес түрдө бошотулгандар болсо азаттыкка чыгышчу, бирок жарандык укуктары жок болчу (Кр1к 7:22).

  • Эркиндикке чыгуу жылы.

    Ысрайылдыктар Кудай берем деп убада берген жерге киргенден тартып эсептегенде, ар бир элүүнчү жыл. Эркиндикке чыгуу жылында ысрайылдыктар жерди эс алдырышы, кулдарды азаттыкка чыгарышы керек болгон. Сатылып кеткен үлүш жерлер ээлерине кайтарылчу. Эркиндикке чыгуу жылы кандайдыр бир мааниде бир жылга созулган майрам болгон. Ал жылы ысрайылдыктар башында убадаланган жерге киргенде кандай жашашса (ар биринин үлүш жери бар, эркин) кайра ошол абалына ээ болушкан (Лб 25:10).

  • Эрмен.

    Даамы ачуу, кескин жыттуу өсүмдүк. Ыйык Китепте адеп-ахлаксыздыктын, кулчулуктун, адилетсиздиктин жана Кудайдан баш тартуунун кесепеттери каймана тил менен эрменге салыштырылат. Аян 8:11де «эрмен» деген сөз ачуу, уулуу затты билдирет (Мз 29:18; Нкл 5:4; Жр 9:15; Ас 5:7).

  • Эстеле турган мүрзө.

    Өлгөн кишинин сөөгү коюлган жер. Грек тилиндеги мнемейон деген сөз ушинтип которулган. Ал «эстетүү» дегенди билдирген этиштен алынган. Бул сөз көзү өткөн кишинин унутулбай турганын баса белгилеп турат (Жн 5:28, 29).

  • Эфиопия.

    Египеттин (Мисирдин) түштүгүндөгү байыркы эл. Ал азыркы Египеттин түштүк бөлүгү менен азыркы Судандын аймагын камтыган. Еврейлер «Куш» деп атаган жерди да кээде Эфиопия деп коюшчу (Эст 1:1).

  • Эфод.

    Дин кызматчылар кийген алжапкычка окшогон кийим. Башкы дин кызматчынын эфоду айырмаланып турган. Анын алды жагына 12 баалуу таш орнотулган төш жапкыч тагылчу (Чг 28:4, 6). Б5 тиркемесин кара.

  • Эфрат.

    Азиянын түштүк-батышындагы эң чоң жана абдан маанилүү дарыя. Месопотамиядагы эки чоң дарыянын бири. Биринчи жолу Башталыш 2:14тө кездешет. Эйдендеги төрт дарыянын бири болгон. Көбүнчө аны «Дарыя» деп эле коюшчу (Бш 31:21). Ысрайылга берилген жердин түндүк чек арасы болгон (Бш 15:18; Аян 16:12). Б2 тиркемесин кара.