МЫКТЫ КЫЗМАТЧЫ БОЛГОНГО УМТУЛАЛЫ
Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ыйык Китепти изилдегендерге арналууга жана чөмүлүүгө жардам берүү
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Ыйык Китепти изилдеп жаткандар Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн өмүрүн ага арнап, чөмүлүшү керек (1Пт 3:21). Жахаба арналганына ылайык жашагандарды гана коргойт (Зб 91:1, 2). Адам өзүн кимдир бирөөгө, кайсы бир ишке же уюмга эмес, Жахабага арнайт. Ошондуктан Ыйык Китепти изилдеп жаткандар Кудайга болгон сүйүүсүн, ыраазычылыгын арттырышы керек (Рм 14:7, 8).
КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Изилдөө учурунда Жахабанын кайсы сапаттары жөнүндө билгенин сурагыла. Ыйык Китепти күндө окуунун, «үзгүлтүксүз тиленүүнүн» маанилүүлүгүн баса белгилегиле (1Тс 5:17; Жкп 4:8).
-
Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлгөнгө максат коюуга үндөгүлө. Ошондой эле кыска убакыттын ичинде жете турган, алсак, жыйналыштан жооп берүү, кошунасына же чогуу иштешкендерге кабар айтуу сыяктуу максаттарга умтулууга жардам бергиле. Жахаба эч кимди өзүнө кызмат кылууга мажбурлабай турганын эсиңерден чыгарбагыла. Арналуу — ар бир адам өзү чыгара турган чечим (Мз 30:19, 20).
-
Ыйык Китепти изилдегендер Жахабага жагышы жана чөмүлүүгө жарактуу болушу үчүн, өзгөрүүгө түрткү бергиле (Нкл 27:11). Жаман адаттары, кулк-мүнөзү кан-жанына сиңип калышы мүмкүн болгондуктан, эски табиятын чечип, жаңы табиятты кийиши үчүн ага көп убакытка чейин жардам керек болушу ыктымал (Эф 4:22—24). «Күзөт мунарасы» журналындагы «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикага чыккан макалаларды талкууласаңар болот.
-
Жахабага кызмат кылуу кубаныч тартуулаган учурлардан айтып бергиле (Ыш 48:17, 18).