Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЗАБУР 87—91

Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайында болуу

Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайында болуу

Жахабанын «жашыруун жайы» рухий коопсуздукту билдирет

91:1, 2, 9—14

  • Бүгүнкү күндө Жахабанын «жашыруун жайында» жашаш үчүн арналуу жана чөмүлүү талап кылынат

  • Кудайга ишенбегендер ал жайды байкай алышпайт

  • Жахабанын жашыруун жайында болсок, ага болгон ишенимибизге, сүйүүбүзгө эч ким жана эч нерсе коркунуч туудура албайт

«Куш кармаган аңчы» бизди тузагына түшүргүсү келет

91:3

  • Куштар сак болгондуктан оңой менен тузакка түшпөйт

  • Аңчы кушту тузакка түшүрүш үчүн анын өзгөчөлүктөрүнө байкоо салып, изилдейт

  • «Куш кармаган аңчы» — Шайтан — Жахабанын кызматчыларынын ар бирин изилдеп, алардын Жахаба менен болгон мамилесин буза турган ар түрдүү тузактарды коёт

Шайтандын өлүмгө алып бара турган төрт тузагы:

  • Адамдардан коркуу

  • Байлык

  • Зыяндуу көңүл ачуу

  • Пикир келишпестик