Жахаба топурак экенибизди унутпайт
Дөөтү пайгамбар Жахабанын канчалык мээримдүү экенин сүрөттөш үчүн салыштырууну колдонгон
-
Асман менен жердин аралыгын ченей албаганыбыздай эле, Жахабанын туруктуу сүйүүсүн толук түшүнө албайбыз
-
Батыштан чыгыш канчалык алыс болгондой эле, Жахаба да биздин күнөөлөрүбүздү ошончолук алыстатат
-
Жаракат алган баласына боору ооруган атадай болуп, кылган күнөөсү үчүн кыйналып, өкүнүп жаткандарга Жахаба мээримдүүлүк көрсөтөт