КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Күзөт мунарасын» сунуштоого байланыштуу сентябрда өткөрүлчү атайын өнөктүк
Жер тургундарынын баарынын эле кимдир бирөөнүн жубатышына муктаж болгон учурлары болот (Нс 4:1). «Күзөт мунарасы» журналынын сентябрь айындагы санында адамды ким чындап жубата алары баса белгиленет. Андыктан ошол айда ал журналды сунуштоо өнөктүгү өткөрүлөт. Анткен менен биз башкалар менен жүзмө-жүз көрүшүп сүйлөшүп, аларды жубаткыбыз келгендиктен ал журналды үйүндө жокторго калтырып кетпейбиз.
ЭМНЕ ДЕСЕК БОЛОТ?
«Баарыбыз эле кээде кимдир бирөөнүн жубатышына муктаж болобуз. Бирок ким бизди чындап жубата алат? [Оку: 2 Корунттуктар 1:3, 4.] „Күзөт мунарасы“ журналынын бул санында Кудай бизди кантип жубатары айтылат».
Эгер адам кызыгып калса жана журналды алса...
«ЭМНЕ ҮЧҮН ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕШИБИЗ КЕРЕК?» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРСӨТКҮЛӨ
Анан Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштагыла.
КАЙРА ЖОЛУГУУГА НЕГИЗ САЛГЫЛА
Кайра жолукканда талкуулай турган суроону, мисалы, «Кудай эмне үчүн азап-кайгыга жол берүүдө?» деген суроону бергиле.