Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Ыйык Китептеги чындыкты окутуу

Ыйык Китептеги чындыкты окутуу

Сентябрь айынан тартып «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралына үлгү иретиндеги сунуштоо жазылган «Ыйык Китептеги чындыкты окутуу» деген рубрика чыга баштайт. Биздин максатыбыз — суроо жана аят колдонуп Ыйык Китептеги негизги чындыктарды баса белгилөө.

Эгер кимдир бирөө кызыгып калса, кийинки жолугууга негиз салыш үчүн адабият калтырсак болот. Же jw.org/ky сайтынан тасма көрсөтсөк болот. Анан ага бир нече күндүн ичинде кайра жолугууга аракет кылышыбыз керек. Бул жаңы сунуштоолор «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебиндеги темаларга негизделет. Ал китептеги бөлүмдөрдү корутундулаган кутучаларда кайра жолугууга барганда жана Ыйык Китепти гана колдонуп изилдөө өткөрүүдө жардам бере турган кошумча аяттар бар.

Өмүргө бир гана жол алып барат (Мт 7:13, 14). Биз ар кандай динди туткан, тек жайы ар кандай адамдар менен сүйлөшөбүз, андыктан Ыйык Китептеги чындыкты алардын ар бирине жагымдуу болгудай кылып айтканга аракет кылышыбыз керек (1Тм 2:4). Ыйык Китепте жазылгандарды жакшы билсек жана «чындык сөзүн туура үйрөтүү» чеберчилигин өрчүтсөк, кубанычыбыз артат, ошондой эле башкаларды окутууда ийгиликке жетебиз (2Тм 2:15).