Мисалдагы ар кайсы нерселер эмнени билдирет?
-
Мырза — Иса Машаяк
-
Кулдар — Исанын майланган шакирттери
-
Мырзасы кулдарына тапшырган акча — шакирт даярдоо сыймыгы
Бул мисалда Машаяктын майланган шакирттери жаман кулга мүнөздүү көз карашты өрчүтүп алса эмне болушу мүмкүн экени эскертилген. Иса шакирттеринен аларда болгон нерселердин баарын көбүрөөк шакирт даярдоого жумшашын күтөт.
Шакирт даярдоо жагынан Исанын ишенимдүү майланган жолдоочуларынан кандай үлгү алсам болот?