КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. JW.ORG сайтын колдонууну үйрөнүү
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Негизги окутуу куралдарына кирген ар бир адабиятыбызда jw.org сайтына шилтеме берилет. Ал эми байланыш карточкасы менен «Маанилүү суроолордун жообун кайдан тапса болот?» деген баракчанын негизги максаты — башкаларды так ошол веб-сайтыбыз менен тааныштыруу. jw.org сайты аркылуу негизги окутуу куралдарына кирген кайсы бир адабияттын электрондук түрүн же анын шилтемесин кимдир бирөөнүн электрондук почтасына жөнөтө алабыз. Бул бөтөн тилде сүйлөгөндөргө кабар айтууда айрыкча пайдалуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, айрымдар жообу негизги окутуу куралдарына кирбеген адабияттарда камтылган суроолорду бериши мүмкүн. Эгер веб-сайтты жакшы колдонсок, кызматыбыз натыйжалуураак болот.
КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
«ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР» куржунун колдонуу. Мисалы, бала тарбиялоо жөнүндө көбүрөөк маалымат алгысы келген атага же энеге кабар айтып жатасыңар дейли. ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > НИКЕ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨ дегенге киргиле.
-
«АДАБИЯТТАР» куржунун колдонуу. Балким, мектепте классташыңарга кабар айтып, «Жаштардын 10 суроосуна жооп» деген китепчени жөнөткүңөр келип жаткандыр. Анда АДАБИЯТТАР > КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕЧЕЛЕР дегенге киргиле.
-
«БИЗ ЖӨНҮНДӨ» куржунун колдонуу. Эгер негизги окууларыбыз жөнүндө кыскача маалымат алгысы келген чогуу иштеген кишиге кабар айтып калсаңар, анда БИЗ ЖӨНҮНДӨ > КӨПТӨРДҮ КЫЗЫКТЫРГАН СУРООЛОР дегенге киргиле.
«JW.ORG САЙТЫН КОЛДОНУУНУ ҮЙРӨНҮҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНДӨГҮ АДАМДАРГА ЖАРДАМ БЕРИШ ҮЧҮН ВЕБ-САЙТТЫН КАЙСЫ ЖАГЫНА КИРСЕ БОЛОРУН ОЙЛОНГУЛА:
-
атеист
-
чоң кыйынчылыкка туш болгон адам
-
жигердүү эмес жарчы
-
ишибиз кантип каржыланарын билгиси келген киши
-
өз мекенине кайтып барганда жыйналышка баргысы келген чет өлкөлүк киши