Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Иса бир тууганың үчүн да өмүрүн берген

Иса бир тууганың үчүн да өмүрүн берген

Иса Машаяк жеткилең эмес адамдар үчүн өз өмүрүн курмандыкка берген (Рм 5:8). Анын өз өмүрүн берип, сүйүүсүн көрсөткөнүнө ар бирибиз терең ыраазы экенибиз шексиз. Ошентсе да кээде Иса бир тууганыбыз үчүн да өмүрүн бергенин эсибизге салып турушубуз керек болот. Биздей эле жеткилең эмес болгон бир туугандарыбызга Машаяктыкындай сүйүүнү кантип көрсөтө алабыз? Мунун үч жолун карап көрөлү. Биринчиден, досторубуздун катарына тек-жайы бизден айырмаланган бир туугандарды кошсок болот (Рм 15:7; 2Кр 6:12, 13). Экинчиден, сөзүбүз, ишибиз менен башкалардын көңүлүн оорутуп алгандан сак болгонубуз маанилүү (Рм 14:13—15). Үчүнчүдөн, эгер кимдир бирөө бизге каршы күнөө кылса, дароо кечиргенге даяр болсок болот (Лк 17:3, 4; 23:34). Ушул жактардан Исадан үлгү алганга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба мындан ары да батасын берип, жыйналышта тынчтык, биримдик өкүм сүрөт.

«ЖАКШЫ САПАТТАРЫБЫЗДЫ УЛАМДАН-УЛАМ КӨРКҮНӨ ЧЫГАРА БЕРЕЛИ!» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ

  • Мики башында жыйналыш жөнүндө кандай ойдо болгон?

  • Анын ою эмнеден улам өзгөргөн?

  • Исанын үлгүсү Микиге көз карашын өзгөртүүгө кандайча жардам берген? (Мр 14:38)

  • Накыл сөздөр 19:11деги сөздөр ишенимдештерибизге карата оң маанай сактаганга кандайча жардам берет?