Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабаны сүйгөндөр менен убакыт өткөргүлө

Жахабаны сүйгөндөр менен убакыт өткөргүлө

Эмне үчүн Жахабаны сүйгөндөр менен убакыт өткөрүшүбүз керек? Анткени чөйрөбүз бизге оң же терс таасир тийгизет (Нкл 13:20). Мисалы, Жааш падыша «дин кызматчы Жоят тирүү кезде» аны менен көп убакыт өткөргөндүктөн «Жахабанын көз алдында туура иштерди кылган» (2Жл 24:2). Ал эми Жоят өлгөндөн кийин, Жааш жаман чөйрөнүн терс таасиринен улам Жахабаны таштап кеткен (2Жл 24:17—19).

Элчи Пабыл б.з. 1-кылымында Иса Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышын «чоң үйгө», ал эми жыйналыштын мүчөлөрүн «идиштерге» салыштырган. Эгерде жаман чөйрөдөн, атүгүл Жахабага жакпаган иштерди кылган үй-бүлөбүздөгү же жыйналыштагы кимдир бирөө менен ынак мамиле түзүүдөн качсак, «сыйга урунулган» идиш боло алабыз (2Тм 2:20, 21). Андыктан мындан ары да Жахабаны сүйгөндөр жана бизди ага кызмат кылууга үндөгөндөр менен достошууга умтула берели.

«ЖАМАН ЧӨЙРӨДӨН АЛЫС БОЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жаман таасир эте турган адамдар менен өзүбүз байкабай эле кантип убакыт өткөрүп калышыбыз мүмкүн?

  • Видеодогу үч бир тууганыбызга жаман чөйрөдөн алыс болууга эмне жардам берди?

  • Чөйрөнү акылдуулук менен тандоого кайсы принциптер көмөк кылат?

Мен «сыйга урунулган» идишминби? (2Тм 2:21)