Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

Жыйынга чакыруу өнөктүгү

Жыйынга чакыруу өнөктүгү

Жыл сайын болуучу рухий тойду, тактап айтканда, региондук жыйынды баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошондуктан Жахабанын канчалык жакшы Кудай экенин татып көрүшү үчүн, ал жыйынга мүмкүн болушунча көп кишини чакырууга аракет кылабыз (Зб 34:8). Аксакалдар кеңеши чакыруу баракчаларын канткенде натыйжалуу колдонсо болорун чечишет.

ЭСКЕ АЛЧУ НЕРСЕЛЕР

  • Жыйын качан болот?

  • Чакыруу өнөктүгү качан башталат?

  • Кабар айтуу жолугушуулары кайсы убакта өткөрүлөт?

  • Кандай максаттарга жетким келет?

  • Кимдерди чакырсам болот?

ЭМНЕ ДЕП АЙТСАК БОЛОТ?

Үй ээси менен учурашкандан кийин мындай десеңер болот:

«Биз бардык адамдарды дүйнө жүзү боюнча боло турган маанилүү бир жолугушууга чакырып жүргөнбүз. Качан жана кайсы жерде болору бул чакыруу баракчасында көрсөтүлгөн. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, келип кетиңиз».

КЫЗЫГУУСУН КАНТИП АРТТЫРА АЛАБЫЗ?

Мүмкүн болушунча көп киши чакырууга аракет кылсак да, кызыгып калгандардын кызыгуусун арттырууга аракет кылышыбыз керек.

Дем алыш күндөрү кызматта чакыруу баракчасы менен журнал колдонсок болот.