Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Сөз баштоого жардам берген жаңы рубрика

Сөз баштоого жардам берген жаңы рубрика

2016-жылдын январынан тартып «Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган чыгарылышынын акыркы бетине «Ыйык Китепте эмне деп айтылат?» деген рубрика чыга баштаган. Анын максаты — Ыйык Китептин негизинде сөз баштоого жардам берүү. Рубриканын түзүлүшү баракчалардыкына окшош. Алгач суроо берилет, андан соң Ыйык Китепте эмне делери жана талкуулай турган кошумча ойлор жазылат.

Ыйык Китептин негизиндеги маек изилдөө баштаганга шарт түзөт. Бул жаңы рубриканы колдонуп көптөргө Кудай жөнүндө билим алууга болгон муктаждыгын канааттандырууга жардам берели (Мт 5:6).

КАНТИП КОЛДОНСО БОЛОТ?

  1. Үй ээсинин суроолордун бирине карата кандай ойдо экенин сура

  2. Суроого жооп берип жатканда, аны кунт коюп ук

  3. «Ыйык Китепте эмне делет?» деген суроонун алдындагы аятты оку жана ага карата үй ээсинин ою кандай экенин сура. Эгер убактысы бар болсо, «Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?» деген бөлүкчөдөгү ойлорду талкуула

  4. Журналды сунушта

  5. Көңүлүн экинчи суроого буруп, кайра жолугууга негиз сал