Үлгү иретиндеги сунуштоолор
«ОЙГОНГУЛА!»
Адабият: Бул — «Ойгонгула!» журналынын жаңы саны.
Суроо: 2-беттеги суроого көңүл бурсаңыз. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай?
Аят: Лк 7:35
Бул макалада Ыйык Китептеги кеңештердин канчалык пайдалуу экени жана аларда кандайча акылмандык чагылдырылары талкууланат.
«ОЙГОНГУЛА!»
Суроо: Бул жашообузга абдан керектүү кеңеш экенине кошуласызбы?
Аят: Мт 6:34
Адабият: [«Тынчсыздануу» деген макаланы ач.] Бул макалада тынчсыздануудан арылууга Ыйык Китеп кандайча жардам берери айтылат.
«Ыйык Китепте эмне делет?»
Суроо: Кудайга ишенгендердин көбү ага жакын болгусу келет. Сиздин да Кудай тууралуу көбүрөөк билип, ага жакындагыңыз келеби?
Аят: Жкп 4:8а
Адабият: Бул китептин максаты — Ыйык Китептин жардамы менен Кудай тууралуу көбүрөөк билүүгө жардам берүү. [Китептин 1-бөлүмүнө көңүл бур.]
ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА
Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.