Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жигердүү болбой калган жарчыларды бекемдей аласыңар

Жигердүү болбой калган жарчыларды бекемдей аласыңар

11-апрелде, шейшемби күнү, Эскерүү кечесине жигердүү болбой калган көптөгөн жарчылар келет. Алар өмүр жарышына түшкөнү менен, ар кандай себептерден улам жүрүшүн басаңдатып коюшкан. Ал себептердин айрымдары «Жахабага кайрылып кел» деген китепчеде жазылган (Ев 12:1). Бирок Исанын төгүлгөн канынын аркасында сатылып алынгандыктан алар Жахабанын көз алдында дагы деле баалуу (Элч 20:28; 1Пт 1:18, 19). Аларга жыйналышка кайрылып келүүгө кантип жардам бере алабыз?

Жыйналыштагы аксакалдар, отордон бөлүнүп калган коюн жан үрөп издеген койчуларга окшоп, жигердүү болбой калгандарды издеп-таап, жардам берүүгө аракет кылышат (Лк 15:4—7). Алар Жахабанын камкордугун чагылдырышат (Жр 23:3, 4). Жигердүү болбой калгандарды аксакалдар эле эмес, ар бирибиз бекемдей алабыз. Аларга түшүнүү менен мамиле кылып, боорукер болгонубуз Жахабага жагат жана анын акыбети кайтпай койбойт (Нкл 19:17; Элч 20:35). Ошондуктан кимди бекемдей аларыңарды ойлонуп көрүп, дароо иш-аракет кылгыла.

«ЖИГЕРДҮҮ ЭМЕС БОЛУП КАЛГАНДАРДЫ БЕКЕМДЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРГҮЛӨ ЖАНА ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эбби өзү тааныбаган жарчыга жолугуп калгандан кийин эмне кылган?

  • Жигердүү болбой калган кимдир бирөөгө жардам бериш үчүн эмне себептен аксакалдарга кайрылышыбыз керек?

  • Эбби Лорага экинчи жолу барарда кантип даярданган?

  • Лорага жардам бериш үчүн Эбби туруктуулук, чыдамдуулук жана сүйүү сапатын кантип көрсөткөн?

  • Лука 15:8—10-аяттарда жазылган Исанын мисалынан эмнеге үйрөнө алабыз?

  • Лорага чогуу-чаран көрсөтүлгөн жардамдын натыйжасы кандай болгон?