Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Күч-кайрат берген Падышалык ырлары

Күч-кайрат берген Падышалык ырлары

Элчи Пабыл менен Сылас түрмөдө отурганда Кудайды даңктап ырдашкан (Элч 16:25). Биздин учурда жашаган ишенимдештерибиз да нацисттик Германиядагы Заксенхаузен концлагеринде жана Сибирде сүргүндө жүргөндө Падышалык ырларын ырдашчу. Бул мисалдар Падышалык ырлары кыйынчылыкка туш болгон Кудайдын кызматчыларына күч-кайрат берерин көрсөтүп турат.

Жакында «Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы» деп аталган ыр китеп дагы көптөгөн тилдерде чыгат. Андагы ырлардын сөзүн жаттап калыш үчүн аларды үй-бүлө менен сыйынуу кечинде ырдап турсак болот (Эф 5:19). Ошентсек, сыноого туш болгонубузда, ыйык рух аларды эстегенге жардам берет. Падышалык ырлары бүт көңүлүбүздү келечекке болгон үмүтүбүзгө топтоого көмөк кылат. Алар бизге кыйынчылык учурунда дем-күч берет. Бир нерсеге кубанганда да, ал ырлардын сөзү эсибизде болсо, жүрөгүбүз толкугандыктан кубанычтуу ырдай алабыз (1Жл 15:16; Зб 33:1—3). Келгиле анда, Падышалык ырларынан толук пайда алууга күч жумшайлы!

«АБАКТАГЫЛАРГА КҮЧ БЕРГЕН ЫР» ДЕГЕН ВИДЕОТАСМАНЫ КӨРГҮЛӨ ЖАНА ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Фрост бир туугандын ыр чыгарышына кандай жагдай себеп болгон?

  • Анын ыры Заксенхаузен концлагеринде отурган ишенимдештерибизге кандайча дем-шык берген?

  • Падышалык ырлары бизди күндөлүк турмушубуздагы кандай жагдайларда бекемдеши мүмкүн?

  • Падышалык ырларынын кайсынысын жаттагыңар келет?