КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жылуу тосуп алгыла
Кимди жылуу тосуп алышыбыз керек? Жыйналышка келгендердин баарын — жаңы келгендерди да, көптөн бери келип жүргөн досторубузду да — жылуу тосуп алышыбыз зарыл (Рм 15:7; Ев 13:2). Алардын арасында башка өлкөдөн келген ишенимдештерибиз жана көп жылдардан бери биринчи жолу келген жигердүү эмес жарчылар да болушу мүмкүн. Ушундай жагдайда өзүңөр кандай сезимде болмоктугуңарды элестетип көргүлө. Албетте, силерди жылуу тосуп алышын кааламаксыңар (Мт 7:12). Ошондуктан Падышалык залына барып, жыйналышка чейин же андан кийин ал жактагылар менен жылуу учурашууга убакыт бөлүүгө эмне үчүн болбосун? Бул жыйналышыбызда жакшы маанай өкүм сүрүшүнө шарт түзөт жана Жахаба Кудайыбызга даңк алып келет (Мт 5:16). Албетте, ар бир киши менен сүйлөшө албашыбыз мүмкүн. Анткен менен колубуздан келишинче аракет кылсак, жыйналышка келгендердин баарына жагымдуу болот *.
Чыныгы меймандостук Эскерүү кечеси сыяктуу өзгөчө күндөрдө эле эмес, бардык учурда көрсөтүлөт. Жаңы келгендер Кудайдын элинин арасындагы сүйүүнү көрүп, Кудайды даңктоого жана биз менен бирге чыныгы Кудайга сыйынууга түрткү алышы мүмкүн (Жн 13:35).