Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«ОЙГОНГУЛА!»

Суроо: Бүгүнкү күндө тасмаларда жана телеберүүлөрдө сыйкырчылар, көзү ачыктар, кан соргучтар сыяктуу табияттан тыш нерселер көп көрсөтүлүүдө. Кандай деп ойлойсуз, булардын баары жөн эле зыянсыз көңүл ачуубу же кандайдыр бир коркунучтуу жагы барбы?

Адабият: «Ойгонгула!» журналынын бул санында адамдардын сыйкырдуу күчтөргө эмне үчүн абдан кызыгары жана чынында андай нерселердин артында ким турары жазылган.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫКТЫ ОКУТУУ

Суроо: Кудайдын Падышалыгы дүйнөдөгү көйгөйлөрдү кантип чечет?

Аят: Мт 6:10

Чындык: Кудайдын Падышалыгы башкарганда жер бетинде да, асмандагыдай эле, тынчтык, бейпилдик жана коопсуздук болот.

«КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?» (кайра жолугуу)

Суроо: [Баракчанын акыркы бетиндеги суроого көңүлүн бур.] Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жашоо кандай болот?

Аят: Зб 37:29; Ыш 65:21—23

Адабият: [«Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепчени көрсөт.] Бул китепченин 7-бөлүмүндө Кудайдын бул убадалары кандайча аткарылары жазылган. [Китепчени колдонуп изилдөө башта.]

ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.