КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Негизги окутуу куралдарыбызды чеберчилик менен колдонгула
Шакирт даярдоо үй курганга окшош. Үйдү жакшы куруш үчүн шаймандарды жакшы колдонгонду үйрөнүшүбүз керек. Биз, айрыкча, эң башкы куралыбызды, Кудайдын Сөзүн, чебер колдонгонду үйрөнгөнүбүз абзел (2Тм 2:15). Шакирт даярдоо максатына жетиш үчүн негизги окутуу куралдарына кирген адабияттар менен видеолорду натыйжалуу колдонгонубуз да маанилүү *.
Канткенде негизги окутуу куралдарын жакшыраак колдоно аласыңар? 1) Кабар айтуу тобунун көзөмөлчүсүнөн жардам сурагыла, 2) тажрыйбалуу жарчы же пионер менен кызматташкыла, 3) көнүккүлө, көнүккүлө жана көнүккүлө. Бул адабияттар менен видеолорду чебер колдонуп калгандан кийин учурда жүрүп жаткан каймана маанидеги куруу ишинен кубаныч ала баштайсыңар.
ЖУРНАЛДАР
КИТЕПЧЕЛЕР
КИТЕПТЕР
БАРАКЧАЛАР
ТАСМАЛАР
ЧАКЫРУУ БАРАКЧАЛАРЫ
БАЙЛАНЫШУУ КАРТОЧКАЛАРЫ
^ 3-абз. Негизги окутуу куралдарына кирбеген адабияттар белгилүү бир адамдардын тобуна гана арналып чыгарылган. Аларды да ыгы келгенде колдонсо болот.