КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жахабанын билимин алууга умтулгула
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Улуу Насаатчыбыз Жахаба теңдешсиз билим берет. Ал бизди туура жашоого жана жаркын келечекке даяр болгонго үйрөтөт. Бул үчүн ага акы төлөбөйбүз (Ыш 11:6—9; 30:20, 21; Аян 22:17). Ошондой эле өмүр бере турган билимди башкаларга таратууга жөндөмдүү кылат (2Кр 3:5).
КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Момундукту жана жумшактыкты өрчүткүлө (Зб 25:8, 9)
-
Жахабанын билимин алууга умтулгула, мисалы, иш күндөрүндөгү жолугушууда берилген тапшырмаларды жакшы аткаргыла
-
Рухий максаттарды койгула (Фп 3:13)
-
Кудайдын билимин дагы көбүрөөк алууга жарактуу болуш үчүн айрым нерселерден баш тарткыла (Фп 3:8)
«ЖАХАБАНЫН БИЛИМИ БАЙЫТАТ» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке барыш үчүн айрым жарчылар кандай кыйынчылыктарды басып өтүшкөн?
-
Падышалыктын жарчылары үчүн мектепте кандай билим берилет?
-
Жыйналыштагылар мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жаңы дайындоосун аркалоого кантип жардам беришкен?
-
Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен билим алыш үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек? (kr 189-б.)
-
Жахабанын уюмунда дагы кандай мектептерден билим ала аласыңар?