Жахаба ишенимдүү
Жахаба кыйынчылыктарыбызды жок кылып коё алат. Бирок көп учурда, «туруштук бере алышыбыз» үчүн, керектүү нерселердин баары менен камсыз кылып, «жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт».
-
Ал Өзүнүн Сөзү, ыйык рух жана рухий тамак аркылуу туура ой жүгүртүүгө жардам берет, сооротуп-жубатат жана кайраттандырат (Мт 24:45; Жн 14:16; Рм 15:4).
-
Ыйык руху аркылуу бизге Ыйык Китепте жазылгандарды, принциптерди эстетет. Туура чечим чыгарууга жетек берет (Жн 14:26).
-
Бизге жардам бериш үчүн периштелерди колдонот (Ев 1:14).
-
Ишенимдештерибиз аркылуу колдоо көрсөтөт (Кл 4:11).