Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Эскерүү кечесине кантип даярдансак болот?

Эскерүү кечесине кантип даярдансак болот?

Ушул жылдын башында Эскерүү кечесине даярдык көрүүгө көбүрөөк убактыбыз болот. Эскерүү кечеси иш күндөрүнө туш келсе, Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуусу болбойт. Ал эми дем алыш күндөрүнө туш келсе, жалпыга арналган баяндама жана «Күзөт мунарасын» изилдөө өткөрүлбөйт. Күн тартибиңердеги бош убактыңарды туура колдоносуңарбы? Бул маанилүү кечеге, 1-кылымдагыдай эле, жакшы даярдык көрүшүбүз керек (Лк 22:7—13; km 3/15 1-б.). Ар бирибиз ал күнгө жүрөгүбүздү даярдашыбыз кажет. Муну кантип кыла алабыз?

  • Эскерүү кечесине баруунун канчалык маанилүү экени тууралуу ой жүгүрткүлө (1Кр 11:23—26).

  • Тиленип, Жахаба менен болгон мамилеңер тууралуу ойлонгула (1Кр 11:27—29; 2Кр 13:5).

  • Эскерүү кечесинин мааниси түшүндүрүлгөн макалаларды окуп, ой жүгүрткүлө (Жн 3:16; 15:13).

Айрымдар «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесиндеги Эскерүүгө байланыштуу берилген аяттарды окуп, ой жүгүртүшөт. Башкалары болсо төмөндө жайгашкан кутучада берилген аяттарды окушат. Дагы бирөөлөрү Эскерүү кечеси жана Жахаба менен Исанын бизге көрсөткөн сүйүүсү талкууланган «Күзөт мунарасындагы» макалаларды карап чыгышат. Кайсынысын тандабагыла, ал силерди Жахабага жана анын Уулуна жакындата берсин.