Жакып менен Лабан тынчтык келишимин түзөт
Эмне үчүн Жакып менен Лабан таштарды үйүшкөн?
-
Үйүлгөн таштар ал экөөнүн тынчтык келишимин түзгөнүн ары-бери өткөндөргө күбөлөндүрүп турмак
-
Ал таштар экөөнө алардын тынчтык келишимине ылайык иш кылып жаткан-жатпаганына Жахабанын көз салып турарын эстетип турмак
Жахаба ишенимдештерибиз менен тынчтыкта болушубузду каалайт. Төмөнкү нерселер тынчтыкты сактоого же аны калыбына келтирүүгө кандайча жардам берет?
-
Ачык сүйлөшүү (Мт 5:23, 24).
-
Айкөлдүк менен кечирүү (Кл 3:13).
-
Чыдамдуу болуу (Рм 12:21).