Кудайдан бата алыш үчүн күрөшүп жатасыңбы?
Жахабадан бата алышыбыз үчүн ага кызмат кылууну дайыма жашообузда биринчи орунга коюшубуз керек (1Кр 9:26, 27). Ал тапшырган иштерди аткарып жатканда, периште менен күрөшкөн Жакып пайгамбарга окшоп, тырышчаак болушубуз зарыл. Кудайдын батасын алыш үчүн бүт күчүбүз менен күрөшүп жатканыбызды төмөнкү жолдор менен көрсөтө алабыз:
-
Жыйналышка жакшы даярдануу
-
Кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышуу
-
Ишенимдештерибизге жардам берүү үчүн колдон келгендин баарын кылуу
Жагдайың канчалык оор болбосун, Жахабадан жардам беришин жана ага кызмат кылуу үчүн жумшаган аракетиңе батасын беришин сурап тилене бер.
ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: Жахабадан бата алыш үчүн кайсы жактардан дагы көбүрөөк күч жумшай алам?