Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мен үчүн баарынан эмне маанилүү?

Мен үчүн баарынан эмне маанилүү?

Жакып периште менен абдан маанилүү нерсе үчүн — Жахабанын батасын алыш үчүн — күрөшкөн (Бш 32:24—31; Ош 12:3, 4). Ал эми биз тууралуу эмне айтууга болот? Жахабанын тилин алып, анын батасына ээ болуш үчүн бүт күчүбүздү жумшап жатабызбы? Мисалы, жыйналышка барууну же жумушта кошумча саат иштөөнү тандаш керек болсо, эмне кылабыз? Жахабадан убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды аябасак, ал бизге «эч нерсеге муктаж болбой калганчалык» батасын төгөт (Мал 3:10). Ал бизди жетектейт, коргойт жана зарыл нерселер менен камсыз кылат (Мт 6:33; Ев 13:5).

«РУХИЙ МАКСАТТАРЫҢАН КӨЗҮҢДҮ АЛБА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:

  • Ишенимдешибизге өзүнө жаккан нерсеси кандайча сыноо болгон?

  • Жумушубуз биз үчүн кандайча сыноо болушу мүмкүн?

  • Тиметей Кудайдын жетилген кызматчысы болсо да, эмне үчүн рухий максаттарга умтула бериши керек эле? (1Тм 4:16).

  • Жашооңдо эмне биринчи орунда турат?

    Кызматыбыз жумушубуздан да маанилүү экенин кантип көрсөтө алабыз?