Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Бөтөн жерликтердин кудайларын жоготкула»

«Бөтөн жерликтердин кудайларын жоготкула»

Жахаба буркандарга сыйынууга тыюу салган мыйзамды бергенге чейин эле, Жакып пайгамбар анын толук берилгендикти талап кыларын жана ошого татыктуу экенин билген (Чг 20:3—5). Ошондуктан Жахаба ага Бейтелге кайтып барууну айтканда, ал жанындагыларга: «Өзүңөрдөгү бөтөн жерликтердин кудайларын жоготкула»,— деген. Анан буркандарды, анын ичинде, сыягы, коргой турган касиети бар деп эсептелген сөйкөлөрдү да жок кылган (Бш 35:1—4). Мунун Жахабага жакканы шексиз.

Жахабага толук берилгендикти биз кантип көрсөтө алабыз? Мунун бир жолу — бурканга табынуучулукка же спиритизмге байланышы бар нерселерден алыс болуу. Бул сыйкырчылыкка байланыштуу нерсенин баарынан арылууну, кантип көңүл ачып жатканыбызды кылдат текшерүүнү камтыйт. Мисалы, мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Кан соргучтар, көрдөн туруп келген өлүктөр же адаттан тыш нерселер жөнүндөгү китептерди окуганды же ошондой фильмдерди көргөндү жакшы көрбөймбү? Мен тандаган көңүл ачууда дуба окуу, кимдир бирөөнүн жолун буу же сыйкырчылык зыяны жок нерседей көрсөтүлбөйбү?» Биз Жахаба жек көргөн нерселерден жаа бою качышыбыз керек (Зб 97:10).

«ИБИЛИСКЕ КАРШЫ ТУРГУЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:

  • Ыйык Китепти изилдеп жаткан Палеса эмнеден улам кыйналган?

  • Өзүң же сен тааныган кимдир бирөө жиндердин таасиринен улам кыйналып жатса, аксакалдардан жардам сураганың эмне үчүн туура болот?

  • Кудайга жакындап, Ибилиске каршы тургула (Жкп 4:7, 8)

    Жахабанын коргошун кааласак, эмнелерден толугу менен арылышыбыз керек?

  • Палеса чечкиндүү түрдө эмне кылган?

  • Сен жашаган жерде жиндердин таасиринен коргонуш үчүн эмнелерден качыш керек?