6—12-апрель
2020-жыл, 7-апрель, шейшемби: Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү
Жыл сайын Эскерүү кечесинин алдында, ал белгиленген убакта жана андан кийин Жахабанын кызматчылары анын жана Уулу Иса Машаяктын теңдешсиз сүйүүсү тууралуу ой жүгүртүшөт (Жн 3:16; 15:13). Төмөнкү таблицаны колдонуп, жердеги кызматынын акырында Исанын Иерусалимде эмнелерди кылганы баяндалган Инжилдеги билдирүүлөрдү салыштырсаңар болот. Ал окуялар «Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр» деген китептин 6-бөлүгүндө талкууланат. Кудай менен Машаяктын сүйүүсү силерге эмне кылууга түрткү берет? (2Кр 5:14, 15; 1Жн 4:16, 19).
ИСАНЫН ИЕРУСАЛИМДЕГИ АКЫРКЫ КЫЗМАТЫ
Убактысы |
Жери |
Окуя |
Матай |
Марк |
Лука |
Жакан |
---|---|---|---|---|---|---|
33-ж., 8-нисан (1, 2-апр., 2020) |
Бетания |
Иса Пасахка алты күн калганда Бетанияга келет |
|
|
|
|
9-нисан (2, 3-апр., 2020) |
Бетания |
Мариям Исанын башына, бутуна май куят |
|
|||
Бетания-Бетфагия-Иерусалим |
Иерусалимге эшек минип, салтанат менен кирип келет |
|||||
10-нисан (3, 4-апр., 2020) |
Бетания-Иерусалим |
Анжир дарагын каргайт; ибадаткананы экинчи жолу тазалайт |
|
|||
Иерусалим |
Жогорку дин кызматчылар, китепчилер аны өлтүрүүнү көздөйт |
|
|
|||
Жахаба сүйлөйт; Иса өлтүрүлөрүн айтат; жүйүттөрдүн ишенбегени Ышаянын пайгамбарлыгынын аткарылышы болгон |
|
|
|
|||
11-нисан (4, 5-апр., 2020) |
Бетания-Иерусалим |
Куурап калган анжирди мисал кылып, шакирттерин үйрөтөт |
|
|
||
Иерусалим, ибадаткана |
Исанын бийлигине шек туудурушат; эки уул жөнүндөгү мисал |
|
||||
Зулум багбандар, үйлөнүү тою жөнүндөгү мисалдар |
|
|||||
Кудай, падыша, тирилүү, эң маанилүү осуят жөнүндөгү суроолорго жооп берет |
|
|||||
Элден Машаяк Дөөтүнүн уулу болгон-болбогонун сурайт |
|
|||||
Китепчилерге, фарисейлерге кайгы |
|
|||||
Жесир аялдын тартуусуна көңүл бурат |
|
|
||||
Зайтун тоосу |
Келечектеги катышуусунун белгисин айтат |
|
||||
Он кыз, таланттар, койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалдар |
|
|
|
|||
12-нисан (5, 6-апр., 2020) |
Иерусалим |
Жүйүт башчылары Исаны өлтүрүү жөнүндө сүйлөшүшөт |
|
|||
Жүйүт Исаны сатуу жөнүндө сүйлөшөт |
|
|||||
13-нисан (6, 7-апр., 2020) |
Иерусалим жана анын тегереги |
Акыркы Пасахка даярдык көрүү |
|
|||
14-нисан (7, 8-апр., 2020) |
Иерусалим |
Элчилери менен Пасах тамагын жейт |
|
|||
Элчилеринин бутун жууйт |
|
|
|
|||
Жүйүттүн чыккынчы экенин айкын кылат жана аны кетирет |
||||||
Эскерүү кечесин негиздейт (1Кр 11:23—25) |
|
|||||
Петирдин танарын, элчилердин чачырап кетерин айтат |
||||||
Жардамчы жиберерин айтат; чыныгы жүзүм сабагы; жаңы осуят берет; элчилери менен акыркы жолу тиленет |
|
|
|
|||
Гетсемани |
Бак ичиндеги кыйналуусу; чыккынчылык кылынат, камалат |
|||||
Иерусалим |
Анас суракка алат; Каяпа, Синедриондогулар кордойт; Петир Исадан баш тартат |
|||||
Чыккынчы Жүйүт асынып өлөт (Элч 1:18, 19) |
|
|
|
|||
Алгач Пилатка, анан Иродго, анан кайра Пилатка алып барышат |
||||||
Пилат бошотууга аракеттенет, бирок жүйүттөр Барабаны бошотууну талап кылат; Иса өлүм жазасына тартылат |
||||||
(Түштөн кийинки үчтөр) |
Голгота |
Жаза устунунда өлөт |
||||
Иерусалим |
Сөөгүн жаза устунунан түшүрүп, көргө коюшат |
|||||
15-нисан (8, 9-апр., 2020) |
Иерусалим |
Дин кызматчылар менен фарисейлер мүрзөгө мөөр басып, аны кайтартышат |
|
|
|
|
16-нисан (9, 10-апр., 2020) |
Иерусалим жана анын тегереги; |
Эмаус Иса тирилет; шакирттерине 5 жолу көрүнөт |
||||
16-нисандан кийин |
Иерусалим; Галилея |
Шакирттерине дагы бир нече жолу көрүнөт (1Кр 15:5—7; Элч 1:3—8); насаат айтат; шакирт даярдоо ишин тапшырат |
|
|