Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебин колдонуп адамдын жүрөгүн козгоо

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебин колдонуп адамдын жүрөгүн козгоо

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Адам Жахабага жаккандай сыйынышы үчүн анын нормаларын билип, аларга ылайык жашашы керек (Ыш 2:3, 4). «Кудайдын сүйүүсү» деп аталган изилдөөгө арналган экинчи китеп Ыйык Китепти изилдеген кишиге Кудайдын принциптерин жашоосунда кантип колдоно аларын түшүнгөнгө жардам берет (Ев 5:14). Ага өзгөртүш керек болгон жактарын өзгөртүүгө түрткү бериш үчүн изилдөө учурунда анын жүрөгүн козгогонго аракет кылышыбыз керек (Рм 6:17).

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин муктаждыгын эске алып, жакшы даярдангыла. Темага карата анын оюн, сезимин билүүгө шарт түзгөн суроолорду даярдагыла (Нкл 20:5; be 259-б.)

  • Ыйык Китептеги принциптерди жашоосунда колдонуунун баалуулугун түшүнө алышы үчүн кутучаларды колдонгула

  • Абийирге байланыштуу маселелер жөнүндө ой жүгүрткөнгө жардам бергиле, бирок ал үчүн чечим чыгарбагыла (Гл 6:5)

  • Кылдаттык менен абайлап, кайсы бир принципти колдонуу жагынан жардам керектигин же керек эместигин аныктагыла. Жахабанын жүрөгүн кубантышы үчүн өзгөртүш керек болгон жактарын өзгөртүүгө жумшактык менен үндөгүлө (Нкл 27:11; Жн 14:31)