КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Мен барам! Мени жибер!»
Ышая пайгамбар эң сонун үлгү калтырган. Тапшырманы толук билбесе да, аткарууга даяр болуп, ишеними күчтүү экенин көрсөткөн (Ыш 6:8). Муктаждык бар жактарда кызмат кылыш үчүн силер да жашооңорду өзгөртүүгө даярсыңарбы? (Зб 110:3). Албетте, ал үчүн «канча чыгым кетерин эсептеп чыгуу» зарыл (Лк 14:27, 28). Бирок айрым нерселерден кечүүгө да даяр болушубуз керек (Мт 8:20; Мр 10:28—30). «Жарчылар аз жерге көчүп баргандар» деген тасмада көрсөтүлгөндөй, алган баталарыбыз баш тарткан нерселерибизден ашып түшөт.
ТАСМАНЫ КӨРГӨН СОҢ БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Уильямстардын үй-бүлөсү Эквадордо кызмат кылыш үчүн эмнелерден баш тартышкан?
-
Кайсы жерде кызмат кылууну чечип жатканда эмнелерди эске алышкан?
-
Кандай бата алышкан?
-
Муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылууга байланыштуу маалыматты кайдан алса болот?
ЭМКИ ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СЫЙЫНУУ КЕЧИҢЕРДЕ ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРДУ ТАЛКУУЛАГЫЛА:
-
Үй-бүлөбүз менен чогуу кызматыбызды кантип кеңейте алабыз? (km11 08 4—6-б.)
-
Муктаждык бар жерде кызмат кыла албасак, өзүбүздүн жыйналышыбызга кантип жардам берсек болот? (w16.03 23—25-б.)