Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудай берген билим бейкалыстыкты жоё алат

Кудай берген билим бейкалыстыкты жоё алат

Жахаба баарына тегиз карайт (Элч 10:34, 35). Ага «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдардын баары жакындай алат (Аян 7:9). Ошондуктан анын элинин арасында бейкалыстыкка жол берилбейт (Жкп 2:1—4). Кудайдан алган билимибиздин аркасында биз азыр рухий бейиште жашап, көптөрдүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму толугу менен өзгөрүп жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз (Ыш 11:6—9). Жүрөгүбүздөгү бейкалыстыкты тамыры менен жулууга бүт күчүбүздү жумшасак, Кудайдын сапаттарын чагылдырган болобуз (Эф 5:1, 2).

«ЖОНИ МЕНЕН ГИДЕОН. МУРДА КАС, АЗЫР ДОС» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРГӨН СОҢ БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Адамдардын бейкалыстыкты, кодулап-басмырлоону жок кылууга жумшаган аракетине караганда Кудай берген билим көбүрөөк натыйжа берет деп эмне үчүн айтууга болот?

  • Дүйнөлүк боордоштугубуз силерди эмнеси менен таасирлентет?

  • Бирдиктүү болсок, Жахаба кандайча даңкталат?