Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | АЯН 7—9

Жахабадан бата алган эбегейсиз көп адамдар

Жахабадан бата алган эбегейсиз көп адамдар

7:9, 14—17

Жахаба эмне үчүн эбегейсиз көп адамдарга батасын берет?

  • Алар Жахабанын тактысынын «алдында турушат». Бул алардын Жахабанын эгедерлигин толук колдоорун билдирет

  • «Ак кийим кийип турушат». Бул алардын Машаяктын курмандыгына ишенгени үчүн Жахабанын алдында таза жана адил экенин көрсөтүп турат

  • «Күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат». Бул алардын Жахабага ынталуулук менен тынымсыз кызмат кылып жатканын билдирет

Эбегейсиз көп адамдардын арасында болуш үчүн эмне кылышым керек?