Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ылайыкташа билүү

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Ылайыкташа билүү

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Майлангандар жана башка койлор ар кандай адамдарды «өмүр суусунан бекер алууга» чакырууда (Аян 22:17). Каймана маанидеги бул суу Жахабанын тил алчаак адамдарды өлүм менен күнөөдөн куткарыш үчүн көргөн чараларынын баарын билдирет. Маданияты, дини ар кандай адамдарга жардам бериш үчүн түбөлүк өмүргө алып бара турган «жакшы кабарды» алардын ар бирине жагымдуу кылып айтышыбыз керек (Аян 14:6).

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Сенин аймагыңдагылардын жүрөгүн козгой турган теманы жана аятты танда. Балким, үлгү иретиндеги маекти же кызматта колдонуп ийгиликке жеткен сунуштоону колдоноттурсуң. Кайсы темалар, кайсы аяттар адамдарды кызыктырышы мүмкүн? Көптөрдү ойлондурган кандай жаңылыктар болуп жатат? Эркектерди же аялдарды эмне кызыктырышы мүмкүн?

  • Жергиликтүү элдин маданиятына жараша учураш жана маек учурунда да маданиятын эске ал (2Кр 6:3, 4)

  • Кызыккандар менен бөлүшө алышың үчүн Негизги окутуу куралдарыбыздагы видеолор менен адабияттарды жакшы бил

  • Кызматта жолуктуруп калышың мүмкүн болгон адамдардын тилинде адабияттарды, видеолорду жүктөп ал

  • Темаңды үй ээсинин муктаждыктарына ылайыкташтыр (1Кр 9:19—23). Мисалы, үй ээси жакында эле жакынын жоготконун айтса, эмне дейсиң?

ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:

  • Үй ээси менен сүйлөшүш үчүн жарчы кайсы темада сөз баштады?

  • Үй ээси кандай көйгөйлөр менен күрөшүп жаткан?

  • Ушул жагдайда кайсы аяттар абдан ылайыктуу болду жана эмне үчүн?

  • Сунуштооңду аймагыңдагы адамдарга кантип ылайыкташтырасың?