КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Дарыяны жутуп алган» жер
Тарых бою ар кайсы мезгилде бийликтегилер Жахабанын элине колдоо көрсөтүп келишкен (Эз 6:1—12; Эст 8:10—13). Атүгүл азыркы күндө да «жер» — бул дүйнө түзүлүшүндөгү акыл-эстүү бийлик өкүлдөрү — ажыдаардын, башкача айтканда, Шайтан Ибилистин тукуругу менен болгон «дарыяга» окшогон куугунтукту жутуп алган учурлар кездешет (Аян 12:16). «Куткаруучу Кудай» Жахаба кээде башкаруучуларга өзүнүн элине жардам берүүгө түрткү берип коюшу мүмкүн (Зб 68:20; Нкл 21:1).
Бирок ишенимиңер үчүн түрмөгө отуруп калсаңарчы? Жахабанын силерге көз салып турарынан такыр шектенбегиле (Бш 39:21—23; Зб 105:17—20). Ишенимдүүлүгүңөр үчүн сыйлык аларыңарга жана кынтыксыздыгыңар дүйнө жүзүндөгү бир туугандарга күч-кайрат берерине толук ишенсеңер болот (Фп 1:12—14; Аян 2:10).
«КОРЕЯДАГЫ БИР ТУУГАНДАРЫБЫЗ ТҮРМӨДӨН БОШОТУЛДУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эмне үчүн Түштүк Кореядагы миңдеген бир туугандарыбыз көптөгөн жылдар бою түрмөгө камалып келген?
-
Кайсы сот чечимдери айрым ишенимдештерибиздин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна шарт түзгөн?
-
Учурда ишеними үчүн түрмөдө отурган дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга кантип жардам бере алабыз?
-
Ээ болгон эркиндигибизди кантип колдонушубуз керек?
-
Соттордо кимдин жардамы менен жеңишке жетүүдөбүз?