КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Падышалыктын жарчыларынын мектебине арыз толтурууну ойлонуштуруп жатасыңарбы?
Жашыңар 23төн 65ке чейинби жана толук убакыт кызмат кылып жатасыңарбы? Ден соолугуңар жакшыбы жана муктаждык көп жерде кызмат кыла аласыңарбы? Эгер бул суроолорго «ооба» деп жооп берсеңер, Падышалыктын жарчыларынын мектебине арыз толтурууну ойлонуп көрдүңөр беле? Бул мектеп башталгандан бери миңдеген жубайлар, бойдок ага/инилер жана эже-карындаштар билим алышты. Ошентсе да бойдок ага/инилерге дагы деле муктаждык көп. Жахабадан ага жагууга жана Уулун тууроого болгон каалооңорду өстүрүшүн сурагыла (Зб 40:8; Мт 20:28; Ев 10:7). Анан талаптарга жооп бериш үчүн жумушуңарды кыскартуунун же жеке милдеттериңерди азайтуунун жолдорун ойлонуп көргүлө.
Бул мектепти бүткөндөр үчүн кызматтын кандай түрлөрүнө эшик ачылган? Айрым бүтүрүүчүлөр бөтөн тилде сүйлөгөн аймакта кызмат кылууга же ири шаарларда эл көп жерлерде күбөлөндүрүүгө дайындалышкан. Башкалары кийинчерээк райондук көзөмөлчүнүн орун басары, райондук көзөмөлчү же талаа миссионери катары кызмат кылышкан. Жахабага кызмат кылууда эмнелерди кыла аларыңар тууралуу ойлонуп жатсаңар, Ышая пайгамбардыкындай: «Мен барам! Мени жибер»,— деген маанай чагылдыргыла! (Ыш 6:8).
«ОРУП-ЖЫЮУ ИШИНДЕГИ ТАЛАА МИССИОНЕРЛЕРИ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Талаа миссионерлери кантип дайындалат?
-
Талаа миссионерлери кандай жакшы иштерди аткарып жатышат?
-
Миссионердик кызмат кандай баталарды алып келет?