Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Эч качан тынчсызданбагыла»

«Эч качан тынчсызданбагыла»

Жахаба байыркы убакта Ысрайылдагы кедей-кембагалдарга кам көргөн. Ал азыркы күндө колунда жок кызматчыларына кантип жардам берүүдө?

  • Акчага карата тең салмактуу көз карашта болгонго үйрөтүп жатат (Лк 12:15; 1Тм 6:6—8)

  • Басынып, коруна бербегенге жардам берет (Ап 34:19)

  • Күжүрмөн эмгектенгенге, жаман адаттардан качканга үйрөтүүдө (Нкл 14:23; 20:1; 2Кр 7:1)

  • Бири-бирине күйүп-бышкан үй-бүлөгө кошкон (Жн 13:35; 1Жн 3:17, 18)

  • Келечекке болгон жаркын үмүткө ээ кылууда (Зб 9:18; Ыш 65:21—23)

Жагдайыбыз канчалык оор болбосун, тынчсызданбашыбыз керек (Ыш 30:15). Падышалыктын иштерин биринчи орунга койсок, Жахаба Кудай бизди зарыл нерселерден куру калтырбайт (Мт 6:31—33).

«СҮЙҮҮ ЭЧ КАЧАН КҮЧҮН ЖОГОТПОЙТ. ЖАКЫРЧЫЛЫК (КОНГО)» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Региондук жыйын өткөрүлчү жерге жакын жашаган ишенимдештерибиз конокторго кантип меймандостук көрсөтүшкөн?

  • Жахабанын кедей турган ишенимдештерибизди жакшы көрөрү бул видеодон кандайча көрүнүп турат?

  • Колубузда барбы, жокпу, канткенде Жахабадан үлгү алган болобуз?