КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Улуураак аялдарды энеңердей, кыз-келиндерди эже-карындаштарыңардай көргүлө
Ыйык Китепке ылайык, биз улуураак ишенимдештерибизди энебиздей, атабыздай, ал эми кичүүрөөктөрүн өз бир туугандарыбыздай көрүшүбүз керек. (Окугула: 1 Тиметей 5:1, 2.) Өзгөчө, ага-инилердин эже-карындаштарды урматтап-сыйлашы маанилүү.
Ага-инилер эже-карындаштарга тийишкенден же аларды оңтойсуз абалда калтыра турган нерселерди кылгандан алыс болушу керек (Ап 31:1). Бойдоктордун үй-бүлө куруу максатында сүйлөшөйүн деген ниети жок болуп туруп жыйналыштагы кыздардын сезими менен ойногону туура эмес.
Эжелер, кыз-келиндер сылыктык менен суроо бергенде же кайсы бир нерсеге көңүл бурууну суранганда, аксакалдар буга маани бербей койбошу керек. Коргой турган жолдошу жок ишенимдештерибизге алар өзгөчө кам көрүшү зарыл (Рут 2:8, 9).
«ЖОК БОЛБОЙ ТУРГАН СҮЙҮҮНҮ ЖЫЙНАЛЫШТА КӨРСӨТӨ БЕРГИЛЕ. ЖЕСИРЛЕР МЕНЕН ЖЕТИМДЕРГЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Жыйналыштагылар Cу Су Минт деген ишенимдешибизге кантип сүйүү көрсөтүшкөн?
-
Жыйналыштагылардын сүйүүсү анын кошуналарына кандай таасир эткен?
-
Бир туугандардын сүйүүсү Cу Су Минттин кыздарына кандай таасир тийгизген?
Жыйналыштагы ишенимдештериңердин камын ойлооруңарды кантип көрсөтө аласыңар?