КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | ЖАҢЫ КЫЗМАТ ЖЫЛЫНДАГЫ МАКСАТТАР
Курулуш долбоорлоруна катышуу
Теократиялык курулуш долбоорлоруна катышуу — ыйык кызматтын бир түрү (Чг 36:1). Өзүң жашаган жердеги курулуш долбоорлоруна маал-маалы менен катышып туруш үчүн «Жергиликтүү долбоор/курулушта ыктыярчы болууга арызды» (DC-50) толтура аласыңбы? Же болбосо алыскы аймактардагы курулуш долбоорлоруна бир нече жумага же бир нече айга барып жардам бере аласыңбы? Ан үчүн «Ыктыярчы болууга арызды» (A-19) толтурушуң керек. Курулушка катышыш үчүн сөзсүз эле ал жагынан тажрыйбалуу болуунун зарылдыгы жок (Нек 2:1, 4, 5).
«„ЭШИК КЕНЕН АЧЫЛГАНДА“, ИШЕНИМ МЕНЕН ИШ КЫЛГЫЛА. КУРУЛУШ ДОЛБООРЛОРУНА КАТЫШКЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Саара эмнеге тынчсызданган жана ага эмне жардам берген?