Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Изилдөө баштоо боюнча сентябрда өткөрүлө турган атайын өнөктүк

Изилдөө баштоо боюнча сентябрда өткөрүлө турган атайын өнөктүк

Сентябрь айында «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени колдонуп, ар бир кишиге Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштоого колубуздан келишинче аракет кылабыз. Ошол айда жарчылар 30 саат тапшырып, көмөкчү пионер болуп кызмат кыла алышат. Ал өнөктүк кандайча өткөрүлөт?

  • Алгачкы жолугууда. Адамдын кызыгуусун арттырыш үчүн жана изилдөөнүн кантип өткөрүлөрүн көрсөтүп бериш үчүн китепченин эң акыркы бетин колдонгула. Мурда кызыгып жүргөндөргө да, кайра жолукканга макул болгондорго да изилдөө сунуштап көргүлө. Эгер алар мурда макул болбой жүрүшсө, балким, изилдөөнүн жаңы ыкмасына, жаңы адабиятка кызыгып калышы мүмкүн. Китепчени кызыкпагандарга алар үйүндө жок кезде таштап кетпегиле же кат аркылуу жөнөтпөгүлө. Жыйналыштын кызмат комитети ошол айларда кошумча кабар айтуу жолугушууларын уюштурушу мүмкүн.

  • Башка учурларда. Эгер силердин жыйналышыңарда адабият текчеси колдонулса, «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китепчесин коюп койгула. Кызыгып калгандарга китепче менен бирге бекер ыйык китептик изилдөө сунушталарын айткыла. Изилдөө кантип өткөрүлөрүн ошол эле жерден кыскача көрсөтүп бергиле же кийинкиге макулдашып алгыла. Жыйналыштын кызмат көзөмөлчүсү тажрыйбалуу жарчыларды ишкер аймактарга барып, изилдөө сунуштоого дайындашы мүмкүн. Ыйык Китепти изилдөөнү чогуу иштешкендерге же расмий эмес кабар айтканда жолуккандарга да сунуштасаңар болот.

Иса бизге «шакирт даярдоону», аларды «үйрөтүүнү» буйруган (Мт 28:19, 20). Бул атайын өнөктүк бизге «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китепчесин колдонуп, ушул максатыбызга жеткенге жардам бере берсин!