КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жахаба тиленүүлөрүңөргө кантип жооп берип жатканын баамдайсыңарбы?
Ыйык Китепте Жахабанын андан тиленген кызматчыларына жооп бергени жөнүндө көп окуялар жазылган. Жахаба кандай көйгөйлөр менен күрөшүп жатканыбызга көңүл буруп, жардам бергенин сезгенде, ишенимибиз бекемделет. Андыктан Жахабага эмнеге муктаж болуп жатканыңарды так-даана, ачык айткыла жана анын кантип жооп берерин баамдагыла. Ал тиленүүңөргө силер сурангандан башкача жооп бериши же андан да көптү кылып бериши мүмкүн экенин унутпагыла (2Кр 12:7—9; Эф 3:20). Жахаба кантип жооп бериши мүмкүн?
-
Көйгөй менен күрөшкөнгө күч берет, жан дүйнө тынчтыгына ээ кылат жана ишенимиңерди чыңдайт (Фп 4:13).
-
Туура чечим чыгарганга акылмандык берет (Жкп 1:5).
-
Иш-аракет кылганга каалоо да, күч да берет (Фп 2:13).
-
Санаа басканда, жүрөгүбүздү тынчтандырат (Фп 4:6, 7).
-
Башкалар аркылуу сооротуп-жубатат, кайраттандырат (1Жн 3:17, 18).
-
Биз колдошун суранып тиленгендерге жардам берет (Элч 12:5, 11).
«ЖАХАБА — „ТИЛЕНҮҮЛӨРДҮ УГУУЧУ“ КУДАЙ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Такеши бир тууганыбыздын үлгүсү ден соолуктун айынан өздөрү каалагандай кызмат кыла албай жаткандарга кандайча дем-шык берет?
-
Такеши бир тууганыбызды кайсы жактардан туурасак болот?