КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Үй-бүлөңөрдө кубаныч өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзө аласыңар
Жахаба үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушун каалайт (Зб 127:3—5; Нс 9:9; 11:9). Бирок дүйнөдөгү ар кандай жагдайлардан улам стресс болгондо же үйдөгүлөрдүн бирөөсү туура эмес иш кылып алганда, кубанычты сактоо кыйын болушу мүмкүн. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үйдө кубаныч өкүм сүрүп турушу үчүн эмне кылса болот?
Ан үчүн күйөөсү аялын урматтоого тийиш (1Пт 3:7). Ага көңүл буруп, аны менен чогуу убакыт өткөрүшү зарыл. Ал аялынан көптү талап кылбай, ал үчүн, үй-бүлөсү үчүн кылып жаткан эмгегин баалаарын көрсөтүшү керек (Кл 3:15). Ошондой эле аялын сүйөрүн айтып, мактап турганы маанилүү (Нкл 31:28, 31).
Аялы күйөөсүн колдоп турушу кажет (Нкл 31:12). Ага баш ийип, аны менен эриш-аркак иш алып барышы керек (Кл 3:18). Күйөөсүнө сылык-сыпаа сүйлөп, башкаларга да аны жамандабашы зарыл (Нкл 31:26).
Ата-энелердин балдары менен чогуу убакыт өткөргөнү маанилүү (Мз 6:6, 7). Алар балдарын жакшы көрөрүн айтып турушу керек (Мт 3:17). Оңдоп-түзөгөндө же жазалаганда мээримдүүлүк, эстүүлүк менен иш кылышы зарыл (Эф 6:4).
Балдар ата-энесин урматтап-сыйлап, алардын тилин алышы кажет (Нкл 23:22). Ошондой эле алар менен ойлору, сезимдери менен бөлүшкөнү жакшы. Ата-энесинин кеп-кеңешин, жазасын туура кабыл алып, аларга урмат көрсөтүшү керек (Нкл 19:20).
«ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДӨГҮ КУБАНЫЧКА САЛЫМ КОШКУЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
Бул үй-бүлөдө ар бири үйүндө кубаныч өкүм сүрүшү үчүн эмне кылды?