Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жаңы кызмат жылына кандай максаттарды коюп жатасыңар?

Жаңы кызмат жылына кандай максаттарды коюп жатасыңар?

Рухий максаттар өз ичине Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жана аны кубантыш үчүн кандайдыр бир иштерди кылууга күч жумшоону камтыйт. Максат коюу рухий жактан жетилүүгө жардам берет жана ага убактыбызды, күчүбүздү арноого арзыйт (1Тм 4:15). Алдыга койгон максаттарыбызды эмне себептен маал-маалы менен текшерип турушубуз зарыл? Анткени жагдай-шартыбыз өзгөрүп турат. Алсак, кээ бир максаттарыбызга жетүү мүмкүн эмес болуп калышы ыктымал. Же болбосо айрымдарына жеткендиктен жаңыларына умтулушубуз керек болушу мүмкүн.

Жаңы кызмат жылы — жаңы максаттарды коюуга эң ылайыктуу учур. Балким, үй-бүлө менен сыйынуу учурунда ушул тууралуу сүйлөшүп, жекече же үй-бүлөңөр менен чогуу кандайдыр бир максаттарды коёттурсуңар.

Бул жактардан жакшырыш үчүн кандай максаттарды койсоңор жана аларга жетиш үчүн эмнелерди кылсаңар болот?

Ыйык Китепти окуу, өздүк изилдөө, жыйналышка катышуу, жооп берүү (w02 1/7 11-б., 14, 15-абз.).

Кабар айтуу (w23.05 27-б., 4, 5-абз.).

Жакшы сапаттарды өрчүтүү (w22.04 23-б., 5, 6-абз.).

Башкасы: