Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудайдын Падышалыгын жарлаш үчүн сентябрда өткөрүлө турган атайын өнөктүк

Кудайдын Падышалыгын жарлаш үчүн сентябрда өткөрүлө турган атайын өнөктүк

Сентябрь айындагы өнөктүк маалында башкаларга адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечип бере аларын көрсөтө алабыз (Мт 24:14). Өнөктүк өткөрүлгөн айда мүмкүн болушунча көп кишиге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү аяттарды окуп бергиле. Кимдир бирөө кызыгып калса, 2020-жылы чыккан «Күзөт мунарасынын» №2 санын сунуштасаңар болот. Анан ага кайра мүмкүн болушунча эртерээк жолугуп, «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китепчесинин жардамы менен изилдөө баштаганга аракет кылгыла. Сентябрь айында көмөкчү пионер болуп кызмат кылгандар 15 же 30 саат тапшырса болот.

Кудайдын Падышалыгы жакында ага каршы чыккан өкмөттөрдүн баарын жок кылат (Дн 2:44; 1Кр 15:24, 25). Ушул өзгөчө мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Жахабаны жана анын Падышалыгын колдой турганыбызды көрсөтөлү!