Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Kokkinakis v. Greece: Droit réservé

Саат жебеси боюнча солдон оңго: «Батыш Виржиниянын Билим берүү министрлиги Барнеттеге каршы»; «Коккинакис Грецияга каршы»; «Таганрогдогу ЖДУ жана башкалар Орусияга каршы»; «Ча жана башкалар Түштүк Кореяга каршы»

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоо»

«Жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоо»

Душмандар ибадаткананы курганга тоскоолдук кылганда, ысрайылдыктар курулуш ишин улантыш үчүн укуктарын коргогонго аракет кылышкан (Эз 5:11—16). Ошо сыяктуу эле, бүгүнкү күндөгү Исанын жолдоочулары жакшы кабар таратуу укугун «мыйзам боюнча бекитип, коргогонго» умтулушат (Фп 1:7). Ушул максатта 1936-жылы бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта юридикалык бөлүм негизделген. Азыркы тапта ал бөлүм Падышалыктын кызыкчылыгын коргош үчүн уюшкандыкта иш алып барат. Бул бөлүм Падышалыктын ишин кандайча алдыга жылдырууда жана мындан Кудайдын эли кандай пайда алууда?

«БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БАШКЫ БАШКАРМАЛЫКТАГЫ ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМГӨ ЭКСКУРСИЯ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жахабанын Күбөлөрү кандай юридикалык кыйынчылыктарга туш болушкан?

  • Кандай юридикалык жеңиштерге жеткенбиз? Мисал келтиргиле.

  • Жакшы кабар таратуу укугун «мыйзам боюнча бекитип, коргогонго» ар бирибиз кандай салым кошо алабыз?

  • Кудайдын элине таасир этип жаткан юридикалык иштер жөнүндөгү жана ишеними үчүн түрмөдө отурган бир туугандарыбыз жөнүндөгү маалыматты сайтыбыздын каягынан тапсак болот?