Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Алар бизге кызмат кылыш үчүн оор эмгектенишет

Алар бизге кызмат кылыш үчүн оор эмгектенишет

Райондук көзөмөлчүлөр менен алардын жубайлары бир туугандар үчүн жанын аябай кызмат кылышат. Баарыбыздыкындай эле, алардын да жеке муктаждыктары болот. Алар да кээде чарчайт, көңүлү чөгөт, бир нерсеге тынчсызданышат (Жкп 5:17). Ошентсе да жума сайын өздөрү кыдырган жыйналыштагы ишенимдештерине көңүл буруп, аларды кубаттандырууга умтулушат. Чынында эле, райондук көзөмөлчүлөр «эки эсе урмат көрсөтүшүбүзгө» татыктуу (1Тм 5:17).

Элчи Пабыл «кандайдыр бир рухий белек менен бөлүшүш» үчүн Римдеги жыйналышка барууну ойлонуштуруп, ал жактагы боордошторунун ишенимин бекемдөөнү көздөгөн (Рм 1:11, 12). Силер да райондук көзөмөлчүнү жана жубайын кантип бекемдей аласыңар?

«РАЙОНДУК КӨЗӨМӨЛЧҮНҮН АРАЛДАГЫ КЫЗМАТЫ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Райондук көзөмөлчү менен анын жубайы бир туугандарды жан-дили менен жакшы көрөрүн кандай жолдор менен көрсөтүшөт?

  • Алардын кызматы жеке силерге кандай пайда алып келүүдө?

  • Аларды кантип бекемдесек болот?