Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабадай болуп, туруктуу сүйүү көрсөтөлү

Жахабадай болуп, туруктуу сүйүү көрсөтөлү

Жахаба туруктуу сүйүү көрсөтүү жагынан дайыма мыкты үлгү көрсөтүп келет (Зб 103:11). Андай сүйүү тез эле өтүп кетпейт же өчүп калбайт. Ал өз ичине терең сезимдерди, бекем ынактыкты камтыйт. Жахаба ушундай сүйүүсүн Ысрайыл элине көп жолу көрсөткөн. Ал аларды Мисирдин кулчулугунан бошотуп, өзү убада кылган жерге алып барган (Зб 105:42—44). Ал элин душмандардын колунан далай жолу куткарган. Алар күнөө кетирсе да, кайра-кайра кечирген (Зб 107:19, 20). Жахабанын туруктуу сүйүүсүн чагылдырган иштерине «назар салсак», аны туураганга бел байлайбыз (Зб 107:43).

«ЖАХАБАНЫН ТУРУКТУУ СҮЙҮҮСҮН ЧАГЫЛДЫРГАН ИШТЕРГЕ НАЗАР САЛГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Туруктуу сүйүү көрсөтүүнү талап кылган кандай жагдайлар болушу мүмкүн?

  • Туруктуу сүйүү көрсөтүүдө эмне үчүн кайсы бир нерселерден баш тартканга даяр болушубуз керек?